Субаналиев Сагынаалы 1948–жылы Аксы районунун Афлатун айылында туулган. Музыка изилдөөчү, искусство таануу илимдеринин кандидаты(1983), профессор. 2022-жылдын 4-ноябрында көз жумду.
1966-70-жылдары Фрунзедеги музыкалык педагогикалык окуу жайын бүтөөрү менен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эки жылдык даярдоо курсуна тапшырып, окуп жүргөн мезгилинде эле Кыргыз ССРнин мамлекеттик телерадиокомитетинин музыкалык редакциясында редактор болуп иштеген.
1972-77-жылдары искусство институтун ийгиликтүү аяктагандан кийин институттун тарых жана теория кафедрасында мугалим болуп иштеген.
1977-жылы Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун фольклор секциясынын аспирантурасына өткөн.
1979-83-жылдары искусство институтунун фольклордук кабинетинин бөлүм башчысы;
1983-жылы музыка тарых кафедрасынын улук окутуучусу болуп эмгектенген. Ушул эле жылы кыргыздын элдик музыкалык аспаптары жөнүндө илимий диссертациясын жактаган.
Ал эми 1985-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөлүгунө кабыл алынып, Кыргыз композиторлор союзунун башкармалыгынын мүчөлүгүнө шайланат.
1987-жылы Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин искусство боюнча башчысы, кийин Кыргыз филармониясынын көркөм жетекчиси болгон.
1994-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда кафедра башчысы, 2006-жылдан баштап институттун ректорлук кызматына көтөрүлгөн. Ректорлук кызматты аркалап жүрүп, бир нече жакшы иштери менен бирге окуу жайдын имаратын жана жатакананы толук ондоо иштерин ишке ашырган. Өмүрүнүн аягына чейин эмгегин искусствону өнүктүрүүгө жумшап, акыркы жылдары Кыргыз Улуттук илимдер академиясында эмгектенген. “Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары” аттуу монографиясы (1986),“Кыргыздын салттуу аспаптык музыкасы жана аспаптары” деген окуу куралы (2003), “Чоорлор” методикалык куралы жана башка китептери кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн.
Булардан сырткары кыргыздын элдик жана профессионал музыкаларынын тарыхына, актуалдуу проблемаларына байланышкан ондогон макалалары газета-журнал беттеринде жарыяланган. Ошону менен бирге дүйнөлүк, эл аралык, бүткүл союздук республикалык симпозиумдарга, конференцияларга катышып, кыргыздын салтуу-музыкалык фольклорунун орчундуу-көйгөйлүү масеселерин коомчулуктун талкуусуна коюп келген адам болгон.
Сагынаалы Субаналиевич биздин окуу жайдын гана эмес, кыргыз маданиятынын анын ичинде ооз эки салттагы профессионалдык музыкасы жана фольклористика илими үчүн ат көтөргүс иш жасаган инсан. Университеттин Салттык музыка жана фольклор кафедрасынын түптөлүшүндө агайдын эмгеги зор экенин баарыбыз жакшы билебиз. Аталган кафедраны жетектеп турган учурда Насыр Давлесов, Кадырбек Тагаев, Жоробек Султанмамытов, Эсенгул Жумабаев, Замирбек Үсөнбаев, Нуржамал Табалдиева ж.б. залкар инсандар менен бирге иштеп, жогорудагы мугалимдер жамааты менен эчендеген сахна чеберлерин даярдап чыгарган. Ал таланттуу жетекчи, ар дайым өз кесибине чексиз берилгендиктин үлгүсү болуп, чогуу иштеген жамаатына, кызматкерлерине жоопкер жана кунт коюп мамиле кылган адам болгон.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019