АЛИШЕРОВА АНГЕЛИНА
Музыковед Алишерова Ангелина Барпыевна Кыргыз Республикасынын Ош шаарында 1986-жылдын 1-декабрында төрөлгөн. Анын музыкага кызыгуусуна музыкант ата-энеси түрткү болуп, 1993-жылы Ош шаарынын №2-музыкалык мектептен окуп, кийин Бишкек шаарындагы №5-музыкалык мектепте улантат. 2001-жылы М.Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык училищанын “Теория” бөлүмүнө тапшырып, 2005-жылы артыкчылык диплом менен аяктайт. Ошол эле жылы К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын Фортепиано-теориялык факультетине тапшырып, профессор Е.С.Лузанованын классында “Аскар Тулеев – возвращение композитора-классика” аттуу дипломдук ишин коргоп, 2010-жылы артыкчылык диплому менен “Музыка таануучу” адистигине ээ болот.
Студенттик кезинде эле эмгек жолун 2003-жылы №4-искусство мектебинде теориялык дисциплиналар боюнча окутуучу болуп баштаган. Ал жерде 2023-жылга чейин иштеди. Аны менен бирге 2010-жылдан баштап К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваторияда да иштейт. 2023-жылы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын аспирантурасына тапшырып, В. Н. Юнусованын классында азыркы учурда окууда.
2014-жылы биринчи кыргыз симфониясынын автору композитор Аскар Тулеев жөнүндө монография жазып жана чыгарган. Монографияда композитордун чыгармачылыгы кеңири талданган. А. Алишерова көптөгөн республикалык, эл-аралык илимий конференцияларга, форумдарга, дүйнөлүк конгресстерге катышып жүрөт. Азыркы учурда илимий-изилдөөчүлүктө, музыкалык-коомдук ишмердүүлүктө активдүү иш алып барууда. Эл аралык уюмда, КР Дельфий комитетинде, Бишкек шаарынын Маданият башкармалыгынын Эксперттик-методикалык кеңешинде мүчө катары катышып турат. Фольклордук фестивалы жана салттуу искусствону уюштуруунун эл аралык кеңешинин (CIOFF) жаштар секторунун мүчөсү катары Италия, Индонезия, Чили, Венгрия өлкөлөрүндө Дүйнөлүк конгресстерде катышкан. 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жаш окумуштуулардын Жогорку Кеңешинин мүчөсү болду.
          Чыгармачылык аракеттери Бишкек шаарынын Мэринин сыйлыгына (2006), “Прелюдия” Президенттик стипендияга (2007), “Алтын шаты” Президенттик стипендияга (2009,2012), Кыргыз Республикасынын маданиятынын Мыкты кызматкери наамына(2015) татыды.
Жарык көргөн эмгектери:
  • Аскар Тулеев. Монография. Бишкек, 2014;
  • “К. Молдобасановдун мурасы жана композиторлук өнөрдүн  келечеги”. Илимий  практикалык семинары. 2009;
  • “Возвращение классика симфониста”. Республикалык илим жана билим олимпиадасы. И. Арабаев атындагы КМУ. 2010;
  • “Азыркы Кыргызстан этностор аралык мамилелерди шайкеш келтирүүнүн маданий-тарыхый өбөлгөлөрү”. "Илим, инновация жана билим берүүнүн интеграциясы" эл аралык илимий-практикалык конференция. 2010;
  • “Белгилүү композитор-симфонист Аскар Түлеевдин чыгармачылык мурасынын мааниси”. “Маданият, билим берүүдөгү агартуучулардын мурасы жана алардын азыркы мезгилге тийгизген таасири“  эл аралык илимий-практикалык конференция. 2012;
  • “Салттуу аспаптык музыка боюнча библиографиялык кароо». “Кыргыздын салттуу аспаптык музыкасы: тарых, жанр, аймактык мектептер” Семинары. К.Молдобасанов атн. КУК. 2012;
  • “Ааламдашуу шартындагы улуттук музыкалык маданият”. “Чоң илимге старт”. Кыргызстан жаш окумуштууларынын илимий-практикалык конференциясы. 2013;
  • “Таштан Эрматов жана Аскар Тулеев: эки тагдыр”. “Биздин мурас”, илимий-практикалык семинар. К.Молдобасанов атн. КУК. 2016;
  • “Эл аралык дельфий оюндары Евразия мейкиндигиндеги маданият аралык диалогдун формасы”. “Дүйнөлүк маданияттын контекстиндеги Ыйык Делфи: греко-славян-түрк карым-катнаштары”. Б.Ельцин атындагы КРСУ, 2017.
Д. Алсаитова


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019