ИСРАИЛОВА АЙНУРА

Музыка изилдөөчү Айнура Советбековна Исраилова1963-жылы 22-майда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Музыкалык шыгын ойготуп, алгачкы музыкалык билим алууга  атасы композитор Советбек Исраилов себеп болгон. 1978-1982-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында “Теория” бөлүмүндө окуган. 1982-1988-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун “Фортепиано-теориялык” факультетинде музыка изилдөөчүлүк адистигине окуган. 1988-жылдан бери М. Курөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын “Музыканын теориясы” бөлүмүндө эмгектенип келет.
Кыргыз Республикасынын композиторлорунун уюмунун1994-жылы кабыл алынган.  “КРнын маданиятынын мыкты кызматкери” (2011). 1994-жылы  КРнын эл артисти, профессор Т. Мураталиев менен бирге “Сольфеджио” (бир үндүү) окуу китебин чыгарды. 2022-жылы “Музыкалык сабат” китеби кыргыз тилинде жарык көрдү. 2023-жылы Айнура Исраилова Кыргызстанда алгачкылардан болуп кыргыз элдик жана профессионалдык музыкалык материалдарды топтоп, бир жана эки үндүү музыкалык окуу жайлары үчүн “Сольфеджио” окуу китебин жазып чыгарды. Бул китептерди А.Исраилова көп жылдык окутуучулук тажрыйбасына таянып, балдар музыкалык мектептеринин окуучуларына, орто жана жогорку музыкалык окуу жайларынын студенттерине ылайыктап даярдаган.
А. Исраилова окутуучулук менен чыгармачылыкты бирдей алып жүрөт.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019