ЯНКОВСКИЙ ВЛАДИМИР
1929-1980

          Владимир Викторович Янковский 1926-жылы 9-февралда Саратов шаарында жумушчунун үй-бүлѳѳсүндѳ  тѳрѳлгѳн. Жети жылдык мектепти аяктагандан кийин айыл чарба техникумуна тапшырат. Окуп жүргѳндѳ ышкыбоздордун концерттерине активдүү катышып, аспапты нота менен ойногонго, обондорду нотага жазганга аракеттенген. Бул ага 1948-жылы Саратовдогу музыкалык окуу жайына тапшырып, музыкалык-теориялык бѳлүмдѳ окуганга мүмкүнчүлүк берет. Андан кийин 1952-1957-жылдары Владимир П. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын музыка таануу бѳлүмүндѳ окуду. Консерваторияда орус эл аспаптар үчүн увертюра, симфониялык оркестр үчүн сюита, фортепианого пьесаларды жазуу менен бирге профессор Л. А. Мазельден «Гармония чөйрөсүндөгү кээ бир жаңы жоболор жана аларды педагогикалык практикага киргизүү жөнүндө» деген темада кандидаттык диссертациясын жактап, музыка таануу адистигине ээ болду. Иштегени Саратовго барып, көп өтпөй Фрунзеге келет.
          Жаш адис М. Күрөңкѳев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында музыкалык-теориялык сабактардын окутуучусу, ошол эле учурда Кыргызстан композиторлор союзунун жооптуу катчысы болуп иштейт.
      1961-жылы Янковский СССР композиторлор союзунун мүчѳлүгүнө кабыл алынат. Жыл өтпөй ал эл аспаптар оркестри үчүн орус жана кыргыз темаларына «Увертюраны» жазат. Ошол убакта В. Янковскийден Э. Жумабаев, Ж. Малдыбаева, Ч. Исабаев, Б. Жандаров, К. Дюшалиев окшогон кыргыз музыканттары жана башка көптөгөн адамдар билим алышкан. Окутуучулук иши менен бирге Кыргызстан композиторлор союзунун фольклордук кабинетин жетектеген, Маданият министрлигинде улук редактор болуп иштеген, республикалык жана бүткүл союздук басылмаларга макалаларды жазып турган.
1967-жылы музыка таануучу Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Философия жана укук институтуна илимий кызматкерлик ишке өтөт. Аны менен бирге 1967-1979-жылдары Фрунзеде жаңы ачылган Искусство институтунда сабак берген. 1966-жылы “Токтогул – биздин замандаш”  макаласын академиянын жыйнагына чыгарып, андан соң Б. Алагушов менен бирге «Кыргыз искусствосунун тарыхы» (Илим, 1971) деген фундаменталдык эмгекте музыка бөлүмүн иштеп чыккан. Музыка таануучунун негизги «Советтик Кыргызстандын музыкалык маданияты» аттуу эмгеги 1982-жылы жазылып, ал өзү каза болгондон кийин гана жарык көргөн.  Бул монографияда биринчи жолу кыргыз профессионалдык музыкасынын элүү жыл ичиндеги (1917-1967) өнүгүү жолдору каралып, көптөгөн опералар, балеттер, кантаталар, ораториялар, симфониялык жана камералык-аспаптык чыгармалар талдоого алынган.
Владимир Викторович 1980-жылы 8-февралда каза болгон. Ал кыргыз музыкасынын тарыхында кѳрүнүктүү илимий музыка таануучу, комппозитор катары калды. Алгылыктуу эмгеги үчүн В. Янковский Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы (1966), «Каарман эмгеги үчүн» медалы (1970) менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына (1975) ээ болгон.
           
Жарык көргөн эмгектери:
Первенец киргизской оперы. — Сов. музыка, 1964, № 4, с. 154;
К вопросу об изучении музыкального наследия Токтогула. — В кн.: Токтогул — наш современник. Фрунзе: Илим, 1966, с. 17-22;
Композиторы Киргизии. — Фрунзе: Кыргызстан, 1967;
Разделы по истории киргизского музыкального искусства. — В кн.: История киргизского искусства (совместно с Б.Алагушовым). Фрунзе: Илим, 1971;
О некоторых интернациональных элементах в киргизском музыкальном инструментальном фольклоре. — В кн.: Национальное и интернациональное в искусстве. Фрунзе: Кыргызстан, 1973, с. 141—171;
Киргизская ССР (разделы по киргизской музыкальной культуре) в многотомнике «История музыки народов СССР», тт. 3, 4, 5. М.: Сов. композитор, 1972—1974 гг.;
Серьёзная музыка и массовый слушатель. — В кн.: Искусство и человек. Фрунзе: Илим, 1981, с. 163—176;
Музыкальная культура Советской Киргизии (1917—1967 гг.) — Фрунзе: Илим, 1982. — 147 с.
Чыгармалары:
Торжественная песня для солиста, хора и симфонического оркестра «Под знаменем отчизны моей» на слова А. Токомбаева (1961);
увертюра на киргизские и русские темы для оркестра киргизских народных инструментов (1962);
праздничная увертюра для симфонического оркестра (1967);
музыка к драматическим спектаклям: «Обжалованию не подлежит» Т. Абдумомунова (в соавторстве с М. Абдраевым и Н. Давлесовым), «Незабываемые дни» Б. Омуралиева;
музыка для кукольных спектаклей «Лучше Ферды нет на свете» (1967), «Петушок и подсолнух» К. Мешкова (1970);
песни, романсы, хоры и камерно-инструментальные произведения.
Нотография:
Прелюдия для фортепиано. На правах рукописи. Издание Музфонда СК Киргизской ССР. Фрунзе, 1968.
Библиография:
Алагушов Б. В. В. Янковский. — В кн.: Кыргыз композиторлору (Композиторы Киргизии). Фрунзе, 1964, с. 178—180;
Алагушов Б. Преданность музыке. — Сов. Киргизия, 1976, 10 февраля.
  • Союз композиторов Киргизской ССР: Справочник /Сост. К.Молдобасанов; Авт. текста К.Дюшалиев, А.Пантелирейз, Т.Саламатов. — Ф.: Адабият, 1989. — 248 с.: ил.
  • Алагушов Б. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 б.
Мунун баары аны 1948-жылы Саратовдогу музыкалык окуу жайына тапшырууга мүмкүнчүлүк берет. Ал кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, музыкалык-теориялык бѳлүмүнѳ кирип окуп баштайт. Окуу жайда окуудан тышкары бир нече музыкалык чыгармалардын автору болгонго жетишет. Окуу жайды ийгиликтүү аяктап, Владимир П.И.Чайковский атындагы Москва консерваториясына музыка таануу бѳлүмүнѳ тапшырып ѳтѳт. Ошол жылдары музыкалык-теориялык предметтерин кѳрүнүктүү музыка таануучулар – Р.Грубер, С.Богатырев, И.Способин, С.Скребков, Л.Рогаль-Левицкий жана башкалар окутушкан. 1952-жылдан 1957-жылга чейинки консерваториядан билим алуусу В. Янковскийге ѳтѳ жемиштүү болду. Окуп жатып,  орус эл аспаптар үчүн увертюра, симфониялык оркестр үчүн сюита, фортепианого пьесаларды жазат.
 


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019