УТРКнын «Маданият» каналынын баяндамачысы
Омуралы Дуйшеевдин чыгармачылык жолу тууралуу маалымат-баян
Омуралы Дуйшеев 1960-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылында төрөлгөн.
Мектепти аяктагандан кийин, Фрунзе шаарындагы А.Малдыбаев атындагы опера балет театрынын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырып, окуу жолун уланткан.
1986-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн аяктап, Республиканын аймактарында маданият жаатында эмгектенип келип, 1996-жылы Кыргыз телевидениесинде алгач үн-режиссёр, андан соң “Рух” продюсердик борборуна музыкалык көрсөтүүлөр боюнча режиссёр болуп которулат. Алгачкы эле режиссёрлук ишинде “Браво маэстро” аттуу СССРдин эл артисти А.Жумахматовдун 80 жылдыгына арналган көркөм-музыкалык коюмду ишке ашырып алкоого татыктуу болгон.
Ал режиссёр катары иштеп жүргөн убагында бир катар саясий, мамлекеттик маанилүү иш-чараларда түз эфирде өз ишин кынтыксыз аткарган чыгармачыл инсан катары таанылган.
Ошол жылдары классикалык музыка багытындагы көптөгөн опералык, балет спектаклдерин, фестивалдарын тартып, теле архивине кийирген.
2000-жылы жетекчилик анын редакторлук жөндөмдүүлүгүн байкап, кыргыз классикалык музыка өнөрүндө чагылдыруудагы боштукту толтуруу максатында, ушул багытта из калтырып кеткен өнөр адамдарынын көбүнүн көзу тирүү кезинде тартып калуу максатында да ишти колго алып берүүсүн сунуштап, ал архивдик көркөм-таанып билүүчү портреттик “Өмүр сызыгы”, “Линия жизни” автордук долбоорун ачып, бул көрсөтүү бүгүнкү күнгө чейин теле экрандан түшпөй келет. Анын көрсөтүүлөрүндө кыргыз маданиятына из салып кеткен К.Кондучалова, А.Куттубаева, Г.Валиулина, К.Чодронов, Э.Мадемилова, А.Баетов, Н.Давлесов, А. Жумахматов, К.Молдобасанов, М.Ахунбаев, К. Сартбаева, Д.Жалгасынова, А.Токомбаева ж.б.орто муун, кичүү муундагы өсүп келаткан таланттуу инсандардын өмүр жорлу Улуттук телевидениесинин казнасында орун алды жана ар бир алардын чыгармачылыгына арналган даталуу күндөрдө эфирге байма-бай сунушталып келет. “Муз Арт” түз эфирин үзбөй алып баруучусу болуп келген.
Ал бир нече жолу Кыргызстандын Россия, Түркия, Азербайжан, Сауд Арабиясындагы маданият күндөрүн чагылдырып келген. Түркий элдердин башын кошкон “ТҮРКСОЙ” уюму менен бирдикте “Кор оглу” операсын Бишкек, Алмата, Анкара, Баку шаарларындагы коюмдарын тартып, жана улуу акын Токтогулдун 150 жылдыгын чагылдыруу үчүн Анкара, Стамбул шаарларында болуп келген. Музыкалык топтор, эл аспаптар оркестрлери менен Казакстандын Тараз, Актөбө, Астана, Кустанай шаарларында өткөн фестиваль, конкурстарды, өзүбүздүн Республиканы бүт кыдырып репортаждык бир нече көрсөтүүлөрдү даярдаган.
Андан сырткары элдик өнөрпоздордун чыгармачылыгын да унутта калтырбай элдик обончу-композиторлордун чыгармачылыгын жеринен таанышып чагылдырып, жакында эле Баткен жергесинен чыккан таланттарды тартып келип, эфирге сунуштап жатат.
Социалдык маселелерди көтөргөн Орусиядагы, Казакстандагы мигранттардын маданий жашоосун жеринен барып циклдик бир нече көрсөтүүлөрдү да ишке ашырган.
Ал ар бир көрсөтүүсүнө дыкаттык менен даярданып, көрсөтүүнүн көркөмдүүлүгүн маңыздуу ачып бере алгандыгы менен айырмаланган теле кызматкерлеринин бири. Теле берүү ишинде ал бардык баскычтарды басып өткөндүктөн, көп учурларда студиялык, көчмө телекөрсөтүүдө классикалык музыка, спектаклдерди режиссёрдук пультта да отуруп иштеп келет.
Азыркы учурда “Рух азык” аналитикалык программасын даярдап, учурдагы маданий тармагындагы көйгөйлүү маселереди көтөрүп байма-бай чагылдырууда. Даярдалган программанын аркасында көрсөтүлгөн маселелерге көңүл бөлүнүп, четинен аз да болсо чечүү маселелери көтөрүлүүдө.
2025-жылдын апрель айында Бишкек шаарында КМШ аралык Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфи оюндары мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чара өткөрүлүп, “Тележурналистика” багыты боюнча жюринин мүчөсү болуп шайланып, активдүү салымын кошкондугу үчүн Бишкек шаарынын Мэриясынын “Алкыш” баракчасы менен сыйланды.
Дуйшеев Омуралы коомдук иштерге активдүү катышып келет.
К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү, А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын Көркөм кеңешинин мүчөсү.
Композиторлордун чыгармачылыгын жайылтууда активдүү катышып, концерттерди, иликтөө көрсөтүүлөрдү жасап келет.
Анын талыкпас эмгектери бааланып учурунда Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси, КТРКнын Ардак грамотасы жана “КТРКнын отличниги” төш белгиси, түркий элдердин маданиятын чагылдыруудагы сиңирген эмгеги үчүн “Ардак белгиси” менен, жана аймактардагы көптөгөн маданий иш-чараларды теле ишинде чагылдыргандыгы тууралуу “Ардак грамоталар” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2025-жылдын октябрь айында Композиторлор союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.
Аткарылган иштердин тизмеси:
Композиторлор :
- К.Молдобасанов;
- Н.Давлесов;
- С.Осмонов;
- М.Бегалиев;
- А.Жээнбай;
- С.Бактыгулов;
- Н.Курмановалардын
- Кыргыз композиторлорунун ар багытта өткөн концерттерин режиссер катары да жазды.
- Бир нече композиторлордун эмгектерин түз эфирде чагылдырды.
- Айрым композиторлордун эмгектерине өзүнчө токтолгон репортаждар жасалды.
- Кыргыз композиторлорунун учурдагы абалы жана келечеги багытында иликтөө көрсөтүүсүн чыгарды.