Кыргыздын тунгуч музыка изилдөөчүсү (музыка таануучусу), Кыргыз Респу­бли­касынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Ардактуу профессор, Журналисттер (1959), Композиторлор (1974), Улуттук Жазуучулар (2005) Союздарынын мүчөсү Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун «Кызыл-Дөбө» (азыркы Ак-Сай) айылында белгилүү комуз­чунун үй-бүлөсүндө төрөлөт. 1959-жылы Кыргызстан Мамлекеттик (азыркы Баласагын) атындагы Университетинин филология факультетинин кыргыз бөлүмүн, 1973-жылы Кыр­гызстан Мамлекеттик Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүрөт.
Балбай Алагушов маданий коомчулукка окумуштуу, тарыхчы, этнограф, энци­кло­пе­дист, сынчы, публицист,эл арасынан жыйноочу, радио, теле журналист катары белгилүү. Ал 1960-жылдан кыргыздын элдик профессионалдык музыкасынын тарыхына, этно­гра­фиясына, залкар шайырлардын өмүрлөрү менен чыгармачылыктарына, жалпыга билим берүүчү мектептердин, музыка сабагына арналган 50дөн ашык монографиялардын, очерктердин, окуу китептеринин, миңден ашык ар кандай музыкалык темадагы мака­лалардын автору.
Алсак, кыргыздын элдик залкар ырчыларынын, обончуларынын, төкмө акында­ры­нын, комузчуларынын ж.б.шайырларынын өмүрү менен чыгармачылыктарына арналган «Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү», «Кылымдардын кылдары», «Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары», «Булбулдар»,Улуу комузчулар Муратаалы Күрөңкөев, Токтогул Сатылганов, Карамолдо Орозов, Шекербек Шеркулов жөнүндө «Муратаалы Күрөңкөев», «Токтогул-композитор», «Карамолдо», «Шекербек Шеркулов», филармония­нын тарыхын баяндаган «Кыргыз Улуттук Филармониясы», Манас эпосунун сабактмалуу обондору жөнүндө «Манас-музыкада», кылымдан кылымдарды кыдырып, элибиздин жарчысына айланган музыкалык аспаптардын таржымалдарын сыпаттаган «Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары» аттуу очерктерди, баяндамаларды, монографияларды жазат. Ал эми Балбай Алагушов профессионалдык музыкабыздын-баштоочулары,тарыхы жөнүндө «Кыргыз композиторлору», «Композитор Малдыбаев», «Октябрдын нуру менен» (Кыргыз совет музыкасынын кыскача тарыхы Мукаш Абдраев менен бирге), Кыргыздын сахнага коюлган музыкалуу драмалары, опералары жөнүндө «Кыргыз операсы» (А.Каплан менен бирге) аттуу ж.б. монографияларды, очерктерди окурмандарга тартуулайт. Алагушов мына ушундай эмгектерди жазуу менен бирге республикабыздын жалпыга билим берүүчү мектептер үчүн «Ырдоо», «Музыка» сабактары үчүн окуу китептерди жазып, программаларды түзүүгө да жандуу катышат. Композитор Мукаш Абдраев менен 5-6-7-8-класстар үчүн «Ырдоо», «Музыка» окуу китептерин, «Музыка» боюнча IV-VIII-класстардын программаларын түзүүчүлөр менен бирге китепти жазышат. Республикадагы педагогикалык институттардын (азыркы университеттердин) музыкалык факультет­тери­нин студенттери үчүн  «Кыргыз музыкасынын тарыхынан» аттуу окуу китебин жазып, басмадан чыгарат.
Балбай Алагушов 1968-жылдан Кыргыз Илимдер Академиясынын алдына Кыргыз Совет Энциклопедиясын (КСЭнин) чыгаруу боюнча редакция ачылган күндөн театр, музыка жана кино редакциясынын мүчөсү, кеңешчиси болуп, музыка боюнча 777 терминден турган «Музыка» деген атта сөздүктү түзөт. Ал «Илим» басмасынан басылып, музыкалык мектептерге, окуу жайларына, адистерге тартууланып, талкууланып жакшы баасын алат. Алагушов КСЭнин 7 томуна, областтык Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Талас, Жалалабат, «Манас», Токтогул, Тогуз-Торо, Аксы райондорунун энциклопедияларына ондогон музыкалык макалаларды жазып окурмандарга «таланттуу энциклопедист» катары таанылат. Бүгүнкү күндө болсо Балбай Алагушов «Кыргызстан» энциклопедиясынын редколлегиясынын мүчөсү  жана активдүү автору. 2007-жылы Кыргыз музыкасынын тарыхында алгачкы жолу жалпыга билим берүүчү мектептердин окуучуларына музыкалык орто жана музыкалык факультеттери бар университеттердин, искусство институтунун, консерваториянын студенттерине көмөкчү окуу куралы үчүн «Кыргыз музыкасынын энциклопедиясы» аттуу көлөмдүү эмгекти басмадан басып чыгарат. Ал маданий коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынат.
Алагушов 2006-жылы байыркы бабаларыбыздын абалкы айтыш кептерин, ак баталарын, бешик, эмгек, ырым-жырым, үйлөнүү, сүйүү ырларын, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «Манастагы баатырлардын, айымдардын, тулпарлардын сүрөттөмөлөрүн жаш манасчыларга айттырып CDалбомдун коштоосунда «Бабалардын мурасы» деген атта басмадан чыгарып, мектеп окуучуларына, жогорку окуу жайдын студенттерине, окурмандарга таратылды.
Алагушов 2011-жылы «Эркин Европа-Азаттык» радиосунан кеткен «Талант тагды­ры», «Күүлөр баяны», «Ырдап кой» аттуу түрмөктөрүнөн музыкалык баарлашууларын, эскерүүлөрүн, баяндамаларын, ой-толгоолорун, сүрөттөмөлөрүн камтыган «Таланттардын тагдырынан» аттуу көлөмдүү китеби басмадан жарык көрөт. Бул «Азаттык» радиосунун тарыхында алгачкы жолу басмадан (Саамалык) чыккан автордун китебин радио угуучулар, жаш радио, теле журналисттер жакшы кабыл алышты. 2011-2013-жылдар карыя музыка изилдөөчү Балбай Алагушовдун чыгармачылыгындагы абдан жемиштүү, өтө жеңиштүү жылдардан болду. Ал «Борбордук Азия Менеджмент» коомдук фондусун (корун) каржылоосунда кыргыз деген ат менен кошо жаралган үч кылдуу чертме комузунун чабылышын, байыркы аспаптын атынын чыгышын, күүлөрүнүн түрлөрүн, жанрларынын бөлүнүштөрүн, күүлөрдүн тарыхтарына, ыкмалары менен чертмелерине, залкар шайырлардын өмүрлөрүнө, чыгармачылыктарына арналган «Комуз күүлөрүнүн антологиясын» биринчи тому 2011-жылы,орус тилинде 2013-жылы «Антология кюц для комуза» деген атта CD, DVD альбомдору менен жарык көрдү. Ал эми  кыргыздын элдик урма, какма, тартма, үйлөмө аспаптарына арналган экинчи тому 2013-жылы «Кыргыздын музыкалык аспаптарынын  антологиясы» деген атта CD альбомдун коштоосунда «МАГА» басмасынан басылып чыкты. Автор антологияда урма музыкалык аспаптар доолдун, жылаажындын, жекесандын, добуластын, добулдун, какма тилдүү жыгач, темир ооз комуздардын, тартма кыл кыяктын, үйлөмө кернейлердин, сурнайдын чоордун, сыбыз­гынын, чопо чоордун жасалыштары (чабылыштары) «Манас» эпосунда баяндалышы, түрк тилдүү элдердеги окшоштуктары, күүлөрүнүн тарыхтары, атактуу азыркы шайырлардын, аспаптарды жасоочу чеберлердин өмүр баяндары, «Устат шакирт», салттык музыка борборунун бүгүнкү күндөгү иштерин макалаларында кеңири баяндап берген. Антологияны урма, какма, тартма, үйлөмө  аспаптардын аткаруучуларынын  сүрөттөрү, ар бир аспапта аткарылган  классикалык күүлөрүнүн ноталары, күүлөрү,CD альбомго жазылып берилди. Автордун биринчи, экинчи томдогу антологиялары усулдук жана дидактикалык материал катары музыка мектептердин, багыттуу жогорку музыкалык окуу жайларынын окутуу программаларына жана Кыргызстандын тарыхы боюнча дидактикалык материал катары да колдонсо болот. Алагушов кыргыз музыкасынын тарыхында композиторлордун, музыка таануучулардын ичинен алгачкы жолу «Өмүрүм­дүн барактарынан» (2 том), «Энциклопедист», «Элестери эсимде», «Шайырлардын тагдырынан» аттуу 5 томдугун басмаканалардан басып чыгарды. 
СССРдин учурунда Бүткүл Союздук граммофондук пластинкаларды (желим табактарды) чыгарган «Мелодия» фирмасынан Б.Алагушов улуу шайырлар Карамолдо Орозовдун, Ыбырай Тумановдун, Токтогул Сатылгановдун, Алымкул Үсөнбаевдин, Муса Баетовдун, Атай Огонбаевдин өмүрлөрү менен чыгармачылыктарына арналган концерт аңгемелердин түрмөктөрүн, төкмө акындар Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев, манасчы Саякбай Каралаев, комузчу Ыбырай Туманов баштаган шайырлардын 1961-жылдын январь айын 1-деги Кыргыз радиосунун түз ободогу отурушун «Эл шайырлары» беш комплектеги 36 сааттык «Кыргыз музыкасынын антологиясын» (түзүүчүлөрдүн бири), С. Каралаевдин айтуусундагы «Манас» эпосунан төрт табактан (гранпластинкадан) турган үзүндүнү да угармандарга тартуулайт. Ал эми Алагушов 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин А.Огонбаевдин, М.Баетовдун, Ш.Шеркуловдун, Ж.Шералиевдин ырларынын, күүлөрүнүн жана Прагадан кыл кыяктын «Кыял терметкен күүлөрү», аттуу аудио кассеталарын, С.Каралаевдин «Баатырлар, айымдар, тулпарлар», «Эл шайырлары», «Бабалардын мурастары», «Ыбырай Туманов», «Карамолдо Орозов», «Комуз күүлөрү», «Темир жыгач ооз комуздар, кыл кыяк, чоор күүлөрү» аттуу компакт-дискаларды түзүп угармандарга тартуулады.
Б.Алагушов обондуу ырлардын, обончулардын, композиторлордун жана музыкалык макалалардын жыйнактарын түзүүгө да жандуу катышат. Алсак, ал «Кыргыз обондору», Атайдын «Атай», Ж.Шералиевдин «Ырдап кой», Муса Баетовдун «Арпанын Ала-Тоосунан», А.Түлөевдин «Тандалмалар», «Ала-Тоо таңшыйт», музыкалык макалалардын «Кыргыздын музыкалык маданияты», «Искусство и человек» аттуу 20 дан ашык жыйнактарды түзөт.   Б.Алагушов «Кыргыз фильм», «Кыргыз телестудиясы» тарткан бир, эки бөлүмдөрдөгү «Комузчулар», «Абдылас Малдыбаев», «Мыскал», «Ырдагы өмүр», «Ар дайым ыр болсун» аттуу даректүү фильмдердин (тасмалардын) сценарийлерин да жазат.
Б.Алагушов адабиятчылык кесибин да унутпастан, адабий сын, макалаларды, очерктерди, аңгемелерди, жазып, орус ж.б. элдердин, жазуучуларынын, балдардын турмушуна арналган  аңгеме, повестерин да которот. Алсак, К.Ушинскийдин «Бөбөктөргө», А.Фахминин «Беш атооч», Б.Краевскийдин «Пионердик салют», Л.Хольманын «Чал менен бала», М.Михаил-Заценин «Ак пахта» аттуу аңгемелерин, повестерин которуп басмалардан чыгарат. Б.Алагушов акын К.Рысалиев менен «Бүкөш апа» аттуу повести жазып, 1962-жылы Кыргыз окуу педмамбасмасынан чыгарып, жаш жеткинчектерге тартуулайт.
Б.Алагушов 1973-жылдын октябрь айында Алматыда өткөн Эл аралык III-музыка трибунасына, 1983-жылдын октябрында Самарканда ЮНЭСКОнун эл аралык музыкалык совети менен СССРдин улуттук музыкалык комитетинин өткөргөн эл аралык экинчи симпозиуна 1978-жылдын октябрь айында Киевде өткөн Украинанын Россияга кошулганынын 325-жылдыгына арналган Бүткүл Союздук маданият кызматкерлеринин конференциясына делегат болуп катышат. Ал эми 1984-жылдын сентябрь-октябрь айларында Б.Алагушов Алжир республикасында музыкалык байланышты карым-катышты чыңдоо боюнча командировкада болот.
Б.Алагушов Республикабыздын музыкалык коомдук иштерине да жандуу катышат. Ал көп жылдардан бери Республикада өткөн райондук, шаардык, республикалык кароо-сынактардын, фестивалдардын,олимпиадалардын калыстар тобунун мүчөсү болуу менен элдик, профессионалдык музыкабыздын өсүшүнө да зор салымын кошуп келүүдө.
Ал 1974-жылдан баштап, Композиторлор союзунун алдындагы фольклордук  комиссияны, музыка иликтөө бөлүмүн жетектейт. Бүткүл Союздук композиторлордун VII-съездинде Борбордук текшерүү комиссиясынын  мүчөлүгүнө, Кыргызстан композиторлор союзунун текшерүү комиссиясынын төрагалыгына, 1995-жылы Кыргызстан композиторлор союзунун башкармасынын мүчөлүгүнө, катчылыгына шайланат. Б.Алагушов узак жылдар бою «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинин  штаттан тышкары кабарчысы. «Ала-Тоо» журналынын редколлегиясынын, КСЭнин кино, театр жана музыка боюнча редакциясынын кеңешинин мүчөсү, Кыргыз радиосунун жаңы музыкалык чыгармаларды кабыл алуу, маданият министрлигинин алдындагы гранмпластинкаларды чыгаруу, «Кыргызстан», «Адабият» басмаларынын көркөм кеңешинин, «Кербез», «Күлкү» гезиттеринин ред кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенет. Өзгөчө Б.Алагушов эгемендүү республикабыздын символикалары (Гербди, Гимнди, Тууну) тандоо жумушчу комиссиясынын мүчөсү катарында жигердүү эмгектенет. 
Б.Алагушов 1959-жылдын 1-январынан «Кыргызстан пионери» гезитинин бөлүм башчысы, 1960-жылдын 15-августунан Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Радио комитетинин музыкалык редакциясында улук редактор, 1963-1965-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин алдындагы Кыргыз окуу педмамбастын музыкалык редакциясынын улук редактору, 1965-1985-жылдары Кыргыз Илимдер Академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана искусство секторунда музыка изилдөө (иликтөө) боюнча илимий кызматкер, 1985-жылдын февралынан 1996-жылдын 2-сентябрына чейин «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында искусство редакциясынын бөлүм башчысы болуп иштейт.
Б.Алагушовдун жазган жана китептеринин жалпы нускасы Мамлекеттик китеп палатасынын маалыматы боюнча эки миллиондон ашык чыккан. 2012-жылы Б.Алагушов  Карамолдо Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата залкар шайырдын туулган Корумду айылындагы ысымы берилген орто мектепке 163 экспонаттан турган өзүнүн чогулткан материалдарын музейге бекер тапшырат. Б.Алагушов КПСС БКнын (1966, март), Бүткүл Союздук»Билим» коомунун (1970, март), Кыргыз Республикасынын Эркин авто сүйүүчүлөр коомунун (1979), СССРдин Профессионалдык союздарынын (1985), СССРдин музыкалык фондусунун  (1974), Кыргыз ССРинин музыкалык коомунун мүчөлөрү болот. 1983-жылы Б.Алагушов жаш муундарды эстетикалык тарбиялоого жана музыка таанууга арналган 5-6-класстардын «Музыкасы», 7-класстын «Музыкасы», «Күүдөн симфонияга» деген эмгектери үчүн Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгынын лауреаты, 2005-жылы «Ак таңдайлар» аттуу публицистикалык китеби «2004-жылдын мыкты китеби»-деп табылып, Улуттук жазуучулар союзунун лауреаты (2005, 18-октябрь) болот.
2009-жылы Казак Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган «Казакстан, Кыргызстан: түбөлүк достукта» аттуу сынактын жеңүүчүсү, төш белгиси, Ардак грамотасы менен сыйланат. Кыргыздын улуттук музыкасын өнүктүрүүгө, билим берүү тармагындагы зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» (1996), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси (2008, 28-февраль). 2013-жылдын 7-июнунда «Азамат Алтай» Эл аралык коомдук фондусу (кору) «Азаттык» радиосунун 60 жылдык мааракесинде сөз эркиндигине кошкон салымы үчүн эстелик медалы менен сыйланат.
Республикабыздын музыкалык-маданиятын өнүктүрүүгө, калк арасына жайылтууга, иликтөөгө жандуу катышкандыгы, бараандуу-баалуу эмгектерди сиңиргендиги үчүн Б.Алагушов КПСС БКнын Кыргызстан ЛКСМ БКнын Кыргыз совпрофсоюздун, Республикалык «Билим» коомунун жана ар түрдүү министрликтер менен газета-журналдардын редакциялары тарабынан ондогон Ардак грамоталар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун грамоталары (1964, 1999), СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун буйругу менен 1986-жылы «Эмгектеги артыкчылык», «Эмгек ветераны»(1984), «Онунчу беш жылдыктын ударниги» төш белгиси (1979), Республикабыздын «Манас-эпосуна-1000 жыл» (1995). «Даңк» медалдары менен сыйланат.
2009-жылдын 21-майында И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору, Улуттук маданиятыбызды өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагындагы артыкча эмгеги үчүн «Тагай бий» коомунун, (2013, 30-июнь), Тоң районунун «Ардактуу атуулу» (2013, 20-октябрь) наамы ыйгарылат.   1990-жылдын 12-февралында Балбай Алагушовго «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмери», 2011-жылдын 28-августунда «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» деген ардактуу наамы ыйгарылды.
2021-жылдын 1-июлунда көз жумду.

НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
Китептери, брошюралары
«Муратаалы» Ф. «Кыргыз Мамбас», 1960-63б.,
«Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү» Ф. «Кыргыз окуу пед.мамбас», 1961,125б.,
«Карамолдо», (библиогр.очерк) Ф. «Кыргыз окуу пед.мамбас», 1962-88-б.,
«Бүкөш апа» (К.Рысалиев менен бирге) Ф. «Кыргыз окуу пед мамбас»,  1962,-64б.,
«Кыргыз композиторлору» Ф. «Кыргыз окуу пед мамбас», 1964,-184б.,
«Токтогул-композитор» (М.Абдраев менен бирге) Ф. «Мектеп», 1964-94б.,
«Биздин Абдылас» Ф. «Мектеп», 1996,-84б.,
«Октябрдын нуру менен» (Кыргыз совет музыкасынын кыскача тарыхы. М.М.Абдраев менен бирге) Ф. «Мектеп», 1966.-146б.,
«Таңшы комуз» (Музыкалуу этнографиялык очерк) Ф. «Мектеп», 1968-188б.,
«Кыргыз музыкасынын чалгынчысы» Ф. «Кыргызстан», 1969.-127-б.,
«Композитор Малдыбаев», Ф. «Кыргызстан», 1970.-151-б.,
«Кыргыз операсы» (А.Каплан менен бирге) Ф. «Кыргызстан», 1973.-148б.,
«Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары» Ф. «Кыргызстан», 1974.-98-б.,
«Комузчулар өнөрү» (Илимий популярдык очерк) Ф. «Илим», 1976.-207б.,
«Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри» (Чыгармачылыгына арналган очерк), Ф. «Кыргызстан», 1976.-71б.,
«Карамолдонун күүлөрү» (Т.Медетов менен бирге) Ф. «Кыргызстан», 1978.-191-б.,
«Күүдөн симфонияга» (Ойлор, пикирлер) Ф. «Кыргызстан» 1981.-168б.,
«Кылымдардын кылдары» (очерктер), Ф. «Кыргызстан» 1983-128б.,
ЭСКЕРТҮҮ: Китептин көлөмүнүн чектелгенине байланыштуу Б.Алагушовдун 1951-жылдан 2014-жылга чейин газета-журналдарга жарыяланган миңден ашык макалаларынын, очерктеринин, баардашууларынын, сүрөттөмөлөрүнүн, маектеринин тизмелери берилген жок.
«Кылымдарды жылоологон күүлөр» (очерктер) Ф. «Кыргызстан» 1985.-193б.,
«Ырдагы өмүрлөр» (портреттер, ар жылдардын ар кыл ойлору) Ф. «Кыргызстан» 1988.-264б.,
«Булбулдар» (чыгармачылык ажарлар) Б. «Адабият» 1991.-304б.,
«Манас музыкада» Б. «Кыргызстан» 1995.-60б.,
«Киргизские композиторы о Ленине «Кыргызстан» 1996.-39б., 
«История Кыргызского искусства» (В.Янковский менен бирге)  Ф. «Илим» 1974.-396б.,
«Ак таңдайлар» (чыгармачылык ажарлар, Садык Шер-Нияз менен бирге) Б. 2003.-244б.,
«Кыргыз музыкасы» (Энциклопедиялык окуу куралы) Б. «Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору» 2004.-400б.,
«Бабалардын мурасы» (Баяндамалуу маалымдамалар) Б.2006.-233б.,
«Кыргыз Улуттук Филармониясы» (Тарыхый очерк) Б.«Бийиктик» 2006.- 416б.,
«Кыргыз музыкасынын энциклопедиясы» Б. «Бийиктик» 2007.-531б., «Карамолдо» Б.2008.-282.,
«Таланттардын тагдырынан» Б.2011.-356б.,
«Шекербек Шеркулов» Б. 2011.-112б., 
«Өмүрүмдүн барактарынан» 1том. Б.«Кут-бер» 2010.-455б.,  
«Өмүрүмдүн барактарынан» 2том. Б.«Кут-бер» 2010.-344б.,
«Энциклопедист» 3том Б. 3том. Б. 2012.-320б.,
«Элестери эсимде» 4том. Б. 2012.-301б.,
«Шайырлардын тагдырынан» 5том. Б. 2014.-403б., 
«Комуз күүлөрүнүн антологиясы» 1том. (CD.DVD альбомдору менен) Б. «МАГА».278б.,
«Антология кюц для комуза» 1том. (орус тилинде) Б. «МАГА» 2013.-267б.,
«Кыргыздын музыкалык аспаптарынын антологиясы» 2том. (CD альбому менен) Б. «МАГА» 335б., 
«Карамолдо Орозов» (чөнтөк китепче) Б. «Кут-бер» 2012.-47., 
Окуу китептери, окуу куралдары, окуу программалары «Ырдоо» 5-6-класстар үчүн окуу китеби (М.Абдраев менен бирге). Ф.: «Мектеп», 1964.275б., (Толукталып басылгандары 1967;1968)
«Ырдоо» 7-8-класстар үчүн окуу китеби. (М. Абдраев менен бирге) Ф.: «Мектеп» 1966.-275б.,
«Музыка боюнча орусча-кыргызча терминдердин сөздүгү»  Ф.: «Илим» 1969.-98.,
«Музыка» КСЭге кире турган терминдердин долбоору. Ф.: «Илим» 1969.-19б., 
«Музыка» 5-6-класстар үчүн окуу китеби. Ф.: «Мектеп» 1975.-208б., (кайрадан басылгандары (1976,1977,1979.1982, 1986 жылдар)
«Музыка» 7-класстар үчүн окуу китеби. (М.Абдраев менен бирге) Ф.: «Мектеп» 1977.-114б., (оңдолуп кайра басылгандары 1981,1982,1985,1987-жылдар)
«Музыка боюнча 6-8-класстар үчүн программасы» Ф.: «Мектеп» 1982.-23б., (оңдолуп кайрадан басылганы 1987.-21б.,
«Кыргыз музыкасынын тарыхынан» Педагогика институтунун музыка факультеттеринин студенттери үчүн окуу китеби. Ф.: «Мектеп» 1989.-208.,
СЦЕНАРИЙЛЕРИ
«Комузчулар» эки бөлүмдүү даректүү тасма. Режиссер. Ш. Апылов «Кыргызфильм», 1976,
«Композитор Абдылас Малдыбаев» 1-бөлүм. Режиссер М.Убукеев «Кыргызфильм»,1976, 
«Ырдагы өмүр» ( Кыргыз Эл акыны Н.Байтемиров), 1-бөлүм.Режиссер Г.Базаров «Кыргызфильм», 1986,
«Ар дайым ыр болсун» Концерт-фильм. «Кыргыз телефильм» 1986,
«Мыскал» (Кыргыз Эл артисти М.Өмүрканова). 1-бөлүм. Режиссер Л. Турусбекова. «Кыргызфильм» 1990.

ТҮЗГӨН ЖЫЙНАКТАРЫ

«Ала-Тоо таңшыйт» (Обондуу ырлардын сөздөрү (ырлары)) Ф.: «Кыргызстан» 1966, 291-б. (жаңы ырлар менен толукталып басылгандары 1967,1970,1985,1986,2005,2010 жылдар).
«Кыргыз обондору». «Кыргызстан» 1970.-425б.,
«Гүлдөгөн Кыргызстан» (ноталуу ырлардын жыйнактары) Ф.: «Кыргызстан» 1974.-143б.,
«Кыргыздын музыкалык маданияты» (макалалар жыйнагы)  Ф. «Илим» 1975.-212б.,
«Искусство и человек» (В.Янковский менен биргелешип) Ф. «Илим» 1981.-216б.,
«Элдик майрамдар»: «Нооруз», «Чечкор», «Үлүш», «Орозо жана курман айт» Б. «Адабият» 1992.-48б.,
«Сармерден» Жаштар үчүн Б. «Кыргызстан» 1995.-408б., 
Бөбөктөр үчүн «Бешик ыры», «Бала тили бал», «Күлүктөр», «Жаңылмачтар» ж.б. Б. «Кыргызстан» 1996.-5б., 
«Бешик тою», «Кыргыз оюндары», «Баталар» Б.2000.-48б.,
«Атай» (Атай Огонбаевдин ырларынын, күүлөрүнүн жыйнагы, эскерүүлөр) Б. «Кербез» 2001.-214б.,  Ырысбай Абдыкадыров «Жолугарым билгемин» (Обондуу ырлар)  Б. «Кербез» 2001.-189б.,
Жумамүдүн Шералиев «Ырдап кой» (Обондуу ырлардын тандалмалары) Б. «Кербез» 2002.-320б.,
«Ыр кесе» (обондуу ырлар) Б. «Учкун» 2006.-448б.,
«Карамолдо замандаштарынын эскерүүлөрүндө» (Б.Осмонкулов менен бирге) Б. «Кут-бер» 2012.-120б
АДАБИЯТТАШТЫРГАН ЖЫЙНАКТАРЫ
Ч.Иманкулов «Өмүр элестери» Ф.: «Кыргызстан» 1970.-152б., 
К.Чодронов «Өнөр сапарында» Ф.: «Кыргызстан» 1970.-131б.,
К.Чодронов «Өнөрдөгү өмүрүм» Ф.: «Кыргызстан» 1988.-124б.,
КОНЦЕРТ-АҢГЕМЕЛЕРИ
Чыгармачылык ажар «Карамолдо Орозов» Кыргыз тилинде. Окуган Т.Уралиев. Бүткүл Союздук «Мелодия» фирмасы, 1973.,
«Атай Огонбаев», «Күүлөр жана ырлар», «Мелодия» фирмасы, 1981,
«Ыбрай Туманов» (Чыгармачылык ажар). Окуган Б.Алагушов. «Мелодия» фирмасы, 1981,
«Алымкул Үсөнбаев» (Чыгармачылык ажар). Окуган Б.Алагушов. «Мелодия» фирмасы, 1984,
«Муса Баетов» (Чыгармачылык ажар). Окуган Б.Алагушов. «Мелодия» фирмасы, 1984,
«Акын-Токтогул» (Чыгармачылык ажар). Окуган Б.Алагушов. «Мелодия» фирмасы, 1984,
«Эл шайырлары» Микрофон алдындагы залкар шайырлардын отурушу. Алма-Ата,1983,
«Кыргыз музыкасынын антологиясы» 5 бөлүмдөн, 36 сааттык табактар. «Мелодия» фирмасы, Ленинград, 1974,
ТҮЗГӨН АУДИО КАССЕТАЛАРЫ, CD АЛЬБОМДОРУ
Атай Огонбаев «Эсимде». Аудио кассета, Б.-2000,
«Муса Баетов». Аудио кассета, Б.-2001,
«Шекербек Шеркулов». Аудио кассета, Б.-2001,
Жумамүдүн Шералиев «Ырдап кой». Тандалмалар. Аудио кассета, Б.-2002,
«Кыял терметкен кыяк күүлөрү». Аудио кассета, Прага шаары, Чех Республикасы, 2003,
«Эстебес Турсуналиев». Аудио кассета, Б.-2005,
«Бабалардын мурасы». CD компакт-диска, Б.-2006,
«Ыбырай Туманов күүлөр». CD компакт-диска, Б.-2007
«Карамолдо Орозов күүлөр». CD компакт-диска, Б.-2008,
«Кылымдардын кылдары». CD компакт-диска, Б.-2008,
«Кыргыз элинин эпикалык мурасынын антологиясы». Б.CD компакт-диска, Б.-2011,
«Комуз күүлөрүнүн антологиясы». CD компакт-диска, (эки бөлүмдөн) Б.-2011,
«Залкар комузчулар»». Даректүү фильм DVD (1саат 40минут). Б.-2011,
«Күүлөр баяны» (таржымалдар) CD компакт-диска, Б.-2011,
«Кыргыздын музыкалык аспаптарынын антологиясы: жыгач, темир ооз комуз, кыл кыяк, сурнай, сыбызгы, чоор, чопочоор, жетиген, күүлөрү, кернейлердин, урма аспаптардын добуштары». CD компакт-диска, Б.-2013,
«Антология кюу для комуза». CD компакт-диска, Б.-2013
«Залкар комузчулар». Даректүү фильм. DVD. Б.-2013.
БИБЛИОГРАФИЯ 
Кыргыз тилинде
Балбай Алагушовго «Кыргыз ССРинин Маданиятына Эмгек сиңирген ишмери» деген наам ыйгаруу жөнүндө: Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы, 12-февраль, 1990-жыл (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1990.№4, Б.91.
Айтманбетов Д. «Комуз жөнүндө китеп», // Ленинчил жаш., 1961.-29-сентябрь,
Ашымбаев К. «Өзү да комузундай жөпжөнөкөй», // Ленинчил жаш., 1963.-24-март,
Карымшаков С. «Кыргыз композиторлору», // Ленинчил жаш., 1964.-4-сентябрь,
Байтемиров Н. «Алкышка арзыйт», // Мугалимдер газетасы., 1963.-23-март,
Исмаилов Т. «Баалуу китеп», «Журналист»., 1965.-26-апрель,
Кубатбеков Б. «Мурастар муундарга үлгү», // Ленинчил жаш.,  1964.-3-февраль,
Айтманбетов Д. «Музыкалык эмгек жөнүндө сөз» // Кыргызстан маданияты., 1967.-14-апрель,
Маймулов С. «Ала-Тоо таңшыды», // Кыргызстан маданияты.,  1967.-4-октябрь,
Адиев Ш. «Таңшы комуз», // Кыргызстан маданияты., 1969.-10-январь,
Жаңы китеп «Кыргыз музыкасынын чалгынчысы», // Кыргызстан маданияты., 1969.-24-декабрь,
Ибраимов К. «Комуз жана күү», // Ленинчил жаш., 1969.-14-январь,
Рыспаев И. «Таңшы комуз», // Мугалимдер газетасы., 1969.-19-февраль, 
Калмурзаев К. «Музыкалык сөздүк чыкты», // Кыргызстан маданияты.,  1970.-25-март,
Мамбетов Ж. «Кыргыз обондорун окуганда», // Кыргызстан маданияты., 1970.-9-сентябрь,
Мамыров М. «Күү жөнүндө сөз», // Ала-Тоо., 1970.-№7-120-122-б.,
Чодронов К. «Алгачкы эмгекти ачканда», // Кыргызстан маданияты., 1970.-5-март,
Карымшаков С. «Композитор Малдыбаев», // Кыргызстан маданияты., 1971.-6-январь,
Жигитов С. «Баа берүүнүн жогорку ченемдери үчүн», // Советтик Кыргызстан., 1972.-30-ноябрь,
Алыкулов Ж. «Кыргыз операсы жөнүндө сөз», // Кыргызстан маданияты., 1974.-10-октябрь,
Чодронов К. «Жаңы эмгекти барактап», // Советтик Кыргызстан., 1974.-5-март,
Жунушов.Ч., Саламатов Т. «Жетилүү жолунда», // Кыргызстан маданияты., 1980.-18-декабрь,
Жээнбаев А. «Музыковеддин жаңы эмгеги», // Советтик Кыргызстан., 1982.-18-апрель,
Кыргызстан ЛКЖС БКнын адабият, искусство, журналистика жана архитектура тармактарында Ленин комсомолу сыйлыгын ыйгарып берүү боюнча комиссиясынан.// Кыргызстан маданияты., 1983.-21-июль,
Жээнбаев А. «Алгачкы жолу», // Кыргызстан маданияты., 1983.-29-сентябрь,
Осмонов С. «Таңшы комуз, тыңша аалам», // Ленинчил жаш., 1983.-22-октябрь,
Асанбаев К. «Күүдөн симфонияга чейин», // Советтик Кыргызстан., 1986.-4-май,
Асанбаев К. «Кыргыз музыкасынын талыкпаган изилдөөчүсү», // Ысык-Көл правдасы., 1986.-8-май,
Исабаев Ч. «Музыкабыздын талыкпаган изилдөөчүсү», // Кыргызстан маданияты., 1986.-15-май,
Жумадылов Т. «Берчи мага, жарым кашык музыка», // Кыргыз Руху.,1993.-1-апрель,
Асанбаев К. «Кыргыз музыкасынын талыкпаган дыйканы», // Кыргыз Туусу., 2006.-10-13-ноябрь
Жылкычиев С. «Кыргыз Улуттук Филармониясы», // Агым., 2006.-декабрь,
Маматова Ж. «Кыргыз музыкасынын күжүрмөнү», «КТР-ОБО»., 2006.-1-декабрь,
Усманов А. «Балбай Алагушовдун кут сандыгы», // Кыргыз Туусу., 2007.-23-ноябрь, 
Эралиева Ү. «Эстен чыккыс көргөзмө», // Заман Кыргызстан.,  2011.-9-декабрь,
Эралиева Ү. «Алгачкы саамалык», //Ордо., 2013.-5- апрель,
Эралиева Ү. «Кыргыз музыкасынын жандуу энциклопедиясы»,  // Кыргыз Туусу., 2011.-9-декабрь-11-бет,
Макешов  К. «Музыка дүйнөсүндөгү эң баалуу китеп», // Эркин Тоо., 2008.-22-июль,
Далбаев С. «Баалуу эмгекти туура баалайлы», // Кыргыз Туусу.,  2008.-25-28-июль,
Абдиев Т. «Сыйлыкка татыктуу», // Кыргыз тили., 2008.-28-август,
Асанов Ч., Жумагулов Ч. «Балбайдын баалуу китеби», // Эркин Тоо., 2008.-2-сентябрь,
Туранов К. «Миң жылдык эмгек», // Кыргыз Туусу., 2008.-23-сентябрь,
Аманова Р. «Кыргыз музыкасынын энциклопедиясы», // Кыргыз Туусу.,  2008.-25-28-апрель, 
Искакова Г. «Музыка-анын жан дүйнөсүнүн байлыгы», // Кыргыз тили., 2011.-21-октябрь,  
Искакова Г. «Тунгуч музыка изилдөөчү Балбай Алагушов», Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу. 2013.-32-бет. 
Балбай Алагушов: Био-библиографиялык маалымдама. Кыргыз композиторлор союзу. Б.1996. 48 бет.
Балбай Алагушов (тунгуч музыка изилдөөчү) Библиографиялык көрсөткүч. Кыргыз Улуттук китепканасы, 2007
ОРУС ТИЛИНДЕ
Смышляев Ю. «Карамолдо» Издательство «Мектеп», 1968.с.4, 
Жумакматов А. «Звени комуз», // Сов. Киргизия., 1969., 26-января,
Савчук В. «Мотивы и мотивировки», // Сов.Культура., 1972., 13-мая, 
Вернадский В. «Народность и современность», «Вечерняя Алма-Ата»., 1973.-19-октября,
«Первый киргизский музыковед», // Сов.Киргизия., 1974.-7-февраля,
Балбай Алагушов-Союз композиторов Кирг. ССР, Ф.:1977, 
Бернандит Г.Б., Янковский И.М., «Советские композиторы и музыковеды, Справочники в 3-х том»: Т.1-М. «Сов.композиторов», 1978.,-с.21, 
Союз композиторов СССР (справочник) Составители В.Козюра, М.Германова, К.Костикова.-М.: Всесоюзное изд-во «Сов композиторов», 1981.,-с.370,
Георгиев А. «Наследие комузчи», // Вечерние Фрунзе., 1982.-12-августа,
«Композиторы Киргизии», Справочник-Ф. «Киргизстан»-1982., с.113-116.
Меликов И., ОролбаеваИ., Роман В. «От кюу до симфонии»,
// Ком. Киргизии., 1982.-24-декабря,
От комиссии ЦК ЛКСМ Киргизии по премиям Ленинского комсомола республики // Ком. Киргизии., 1983.-16-июля,
«Союз композиторов СССР», Справочник, М.: «Сов. композиторов» 1987.-с.355.
Награды вручены // Сов. Киргизии., 1990.-5-апреля, 
Жучков Ю. «Музыкальный подвиг. В силу невозвожности», // Веч.Бишкек., 1996.-2-августа,
Шепеленко А. «Вся жизнь в музыке», // Слово Кыргызстана., 2007.-24-января,
Лузанова Е. «Культура как философия развития Кыргызстан на рубеже тысячелетий», Монография. Энциклопедист Балбай Алагушов. Б. ОСОО Пкф «ТАС», 2010.-с.95-100. 
Искакова Г. «Музыка богатство его души», // Кут билим., 2011.-29-октября,
Михайлова Г. «В этой  музыке-история народа», // Слово Кыргызстана.,  2011.-6-декабря,


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019