М А М А Т О В А   Ж А М И Л А   К А З А К Б Е К О В Н А.
    Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  музыковед.
    Маматова Жамила Казакбековна 1957-жылы 27-октябрда Ысык-Көл районуна караштуу Таштак -азыркы Жаркынбаев айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.                                                                                                         
   Атасы  Маматов Казакбек  тил, адабият мугалими,  өмүр бою  мектептин директору болуп  45 жыл иштеген.”Октябрь революциясы” орденинин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими. ”Агартуунун  генералы” –дешип, эл сыйлаган, Республикага белгилүү  инсан. Улуу Ата Мекендик согушта Польшанын Краков шаарына чейин барган.  Согуштан кийин айылга типтүү мектеп салдырган - азыр  мектеп Казакбек  Маматовдун атында.
  Апасы - Бакалова Уруйла. Математика мугалими.  Улуу Ата Мекендик согуш учурунда мектептин  директору болуп иштеген. “Баатыр Эне”.  Казакбек Маматов экөө 11 баланы тарбиялап өстүрүшкөн.  Балдарынын баары  жогорку билимдүү.
Жамила  Маматова - балдардын сегизинчиси.
1964-жылы  Таштак орто мектебине 1 –класска  кирип,  эң мыкты окуган окуучулардын катарында  болот. 1973-жылы  8- классты аяктаган соң Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы  музыкалык- хореографиялык окуу жайга тапшырып, “Музыканын теориясы жана тарыхы” адистиги боюнча билим алган.  Училищада Республикага белгилүү музыковеддер: А. Г. Кузнецов, В.М. Хаустов, В. В. Кузнецовдон окуган.
1978-1982 ж.ж Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Искусство  Институтунун  “Фортепиано, теория, композиция”  факультетине кирип, “Музыка таануучу, окутуучу” адистигине ээ болот.
   Москва консерваториясын  бүтүп келген музыка сынчысы  А. И. Пантелирейз дипломдук иштин жетекчиси, Искусство таануу илимдеринин доктору К.Ш. Дүйшалиев “Кыргыз музыкасы”, күүлөрдү, ырларды нотага түшүрүү боюнча, В. Ф. Васильев – “Музыканын анализи”, Т. М. Склютовская  “Современная музыка”, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  композитор А. Мурзабаев  “Инструментовка”, белгилүү музыка сынчысы, композитор Т. Саламатов – полифониядан, Елена Каверина - фортепианодон  окуткан.
  Студенттик кезден тарта  Фрунзе, Алма- Ата шаарларында өткөн илимий –практикалык конференцияларга катышып,  Дүйшөмбү шаарында австриялык композитор В. А. Моцарттын чыгармачылыгына арналган фестивалда музыкалык  изилдөөлөрдү жүргүзүп оозго алынган. Алма-Ата шаарында кыргыз композиторлорунун фортепианолук чыгармалары боюнча доклад жасаганы  Ж. Маматованын музыка жана музыкалык илим дүйнөсүндө жетишкен ийгиликтеринин пайдубалын түзгөн.
12.03 1985-ж. - 09. 09. 1985-ж.  Республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы  балдар- музыкалык  мектебинде “Музыканын теориясы жана тарыхы”  сабактарын берүү менен эмгек жолун баштайт.
25. 09. 1985- 30. 06. 1987-ж.  В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер  институтунда   “Музыкалык аспаптары” кафедрасында окутуучу.
09. 09.1987-жылы  конкурстук негизде Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын  телекөрсөтүүлөр боюнча  Музыкалык  Программалар Башкы редакциясынын редактору,
03. 11.1991-ж. Телекөрсөтүүлөрдүн көркөм-өнөр Башкы  редакциясынын ага редактору,  
11. 10.1993-ж. Телекөрсөтүүлөрдүн музыкалык  Башкы редакциясынын баяндамачысы ,
10. 05.1994-. Телекөрсөтүүлөрдүн музыкалык  Башкы редакциянын Бөлүм башчысы,
28. 02.1996-жылы Кыргыз радиосунун  Музыкалык Программалар Башкы Редакциясынын Башкы редактору,
1997-2003-ж.ж. “Ибарат” чыгармачылык- өндүрүштүк бирикмесинин продюсери.
2003- ж. март, Баяндамачы
2009-жылдан  - 2016-жылга чейин  “Кыргыз радиосунун” Башкы Редакторунун орун басары
2015- жыл, 16- декабрь .“Алтын казына” борборунун директору.
  Кыргыз телевидениесинде музыка жаатында биринчи  автордук “ Сыбызгы” тележурналын ачып, музыка таануучулук, изилдөөчүлүк жолун көрсөтүп, элдик музыкадан тарта профессионалдык искусствонун бийик  үлгүлөрүн: салттуу музыкадан баштап опера, балет, симфония, оратория, поэма, ыр, романс ж.б. ар кандай жанрларын элге таанытат. “Музыкалык жолугушуу”, “ Элдик күүлөр жана аспаптар”, “Симфония дүйнөсүндө”, “Камералык музыкадан концерт”,”Кыргыз искусство чеберлери” сыяктуу  телекөрсөтүүлөрдү жогорку деңгээлде даярдап, алып барды.
  Кыргыз радиосунда “Тоолуктар добушу”, “Рух дөөлөтү”, “Радиофестиваль”,  “Камертон”, “Музыкалык жолугушуу”,” Музыкалык мозаика”, “Кыргыз композиторлорунун чыгармалары”, “Обончулардын  чыгармалары”, “Асылдар Ааламы”,”Муз Обо”, “Түз эфирдеги” жолугушуу”, “Театр-коом күзгүсү”, “Бүгүнкү музыка”, “Маданият” радиожурналы,  “Бейне” сыяктуу долбоорлорду ачып, эфирге берип келди. “Тоолуктар добушу” уктуруусунда эл арасынан чыккан таланттарды жер-жерлеринен жазып, Радиофестиваль -түз эфирдеги уктурууда  –  манасчылар, төкмө акындар, ырчылар, комузчулар, кыл кыякта, ооз комузда, үйлөмө аспаптарда ойноочулар  алым сабак айтышып, улап чертип, ансамбль менен аткарышып, элдик музыканын өсүшүндө жаңычалыкты киргизген.     
 Кыргыз профессионалдык музыкасынын залкарлары- композиторлор А. Малдыбаев, М. Абдраев,  К. Молдобасанов, С. Медетов, Н. Давлесов, Т. Эрматов, А. Жаныбеков,С. Осмонов, Э. Жумабаев, К. Асанбаев, М. Бегалиев, А. Жээнбай   ж.б.композиторлордун, музыкаоведдер  К. Дүйшалиев, Т. Саламатов, А. Г. Кузнецов , ырчылар Б. Миңжылкыев, Х. Мухтаров, М. Махмутова, Т. Сейталиев, К. Сартбаева, Н. Акрамова, Э.  Касымов, Д. Жалгасынова,   Э. Молдокулова,  Э. Нурманбетова, К. Турапов , залкар дирижер СССРдин эл  артисти, академик А. Жумакматов, комузчу С. Токтакунова, ж.б.  тууралуу даярдаган уктуруулары, кызыктуу материалдары  кеңири аудиторияга тартууланып,  бул уктуруулар Кыргыз радиосунун “ Алтын казынасында” орун алган.
  Кыргыз радиосунун 75 жылдыгына карата жетекчиликтин тапшырмасы менен радионун тарыхын изилдеп,  “Башат  баяны” телекөрсөтүүдө  радионун 1931-жылдан берки тарыхы, уюшулганы; “ Ободогу үн”, Нур толкундары”, “Радионун  өндүрүштүк бирикмелери бүгүнкү күндө” - ардагер режиссерлор, дикторлор, журналисттер, операторлор  жөнүндө даярдап, көрсөтүүлөр жогорку баага ээ болду.                                             2011-жылы Кыргыз радиосунун 80  жылдыгына карата “Алтын казына баяны”, “К. Тыныстанов атындагы Ысык- Көл Мамлекеттик Университетиндеги илимий - практикалык конференция”, “Өнүгүү жолунда”, “Ардагерлер сүйлөшөт”, “ Радио- Эгемен жылдары”, “ Вице –Президенттер”, “Кыргыз радиосу”, “Биринчи радио”, “Балдар  радиосу”телекөрсөтүүлөрү жана радио роликтер  даярдалып, радионун  баскан тарыхы кийинкилерге мурас катары калды.
2011-ж. Турциянын Стамбул шаарында   Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын чагылдырып, майрамдын өтүшү боюнча көрсөтүү  даярдаган.
1989-ж. Душанбе шаарында  В. А. Моцартка арналган Эл Аралык фестивалга музыковед-тележурналист катары катышкан. Кыргызстандан барган музыканттар, композитор М. Бегалиевдин  фестивалда аткарылган чыгармалары, башка мамлекеттерден келген аткаруучулар, композитор Толиб Шахиди жөнүндө телекөрсөтүү даярдап келген.
1994-жылы Кыргызстан жана Казакстандын мыкты журналистеринин  катарында Улуу Британиянын Кардифф шаарында журналистика курсунда окуп, британиялык атактуу журналисттерден таалим алган.
1996-жылдан бери Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү, 2009-жылдан бери Кыргызстан композиторлор  союзунун башкармалыгынын мүчөсү.  
2014-ж. Кытай Республикасынын Үрүмчү шаарында “Кытай терезеси” уктуруусунун 10 жылдык мааракесине катышып, кытай жергесинде кыргыз тилиндеги уктуруулары, аларды алып барган журналисттер, жашоочулары, өнөр адамдары  тууралуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу  даярдап келди.
2014-жылы 5-ноябрдан -5 декабрга чейин  Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында ТРТ телевидениесинде тажрыйба алмашууда болду.
 Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси  И. Жунусов, Достук жана маданият коомунун өкүлдөрү, Түрксойдогу Кыргызстандагы өкүлү К. Кулуев, Токтогулдун 150 жылдыгына карата “Ырларга өрүлгөн, күүлөргө төгүлгөн өмүр” аттуу 6 тилде чыккан китептин автору, Анкара Университетинин профессору   Г. Жумакунова, Ата Түрк мавзолейи, ТРТда эң керектүү аудио жана видео материалдар сакталган  архив бөлүмү ж.б.  уктурууларды ТРТ жана “Кыргыз радиосуна” даярдап келди.
2014-ж. сентябрь.. “Алтын казына” тарабынан Токтогулдун 150 жылдыгына карата 8 дисктен турган  антология чыкты. Токтогулдун ырлары, күүлөрү, дастан, терме, айтыштары, композиторлор, обончулардын Токтогулдун сөзүнө жазылган чыгармалары киргизилип, Т. Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында презентациясы өттү.
“Залкарлар күүлөрү” музыкалык антологияда - залкар комузчулар Токтогул, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Эшмамбет ж.б. күүлөрү диск, китепчеси менен жарык көрдү.
2014-ж. 29-апрель. Филармония. Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн жылына жана Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган “Урааным Манас” аттуу антологиянын  презентациясы.
2015-ж. Декабрь. “Алтын казынадагы”, “Ооз комуз күүлөрү”  кайрадан иштелип, ноталуу китеп жана СД диск чыгарылды.(“Алтын казына” - “Устат-шакирт” борбору менен биргеликте).                             
2017-ж. “Чоор, сыбызгы, чопо чоор күүлөрү”.  Музыкалык редактору Ж. Маматова. (2015-жылдан тарта казынадагы күүлөр кайрадан иштелип, жаңыланып 64 күү жаздырылып, ноталуу китеп жана диск чыкты.( Н. Нышанов менен бирге).
2017-ж.”Кыл кыяк күүлөрү”.  “Алтын Казынадагы”  313 күү  кайрадан иштелип 139 күү нотасы, СД диски менен жарык көрдү.
                   Музыка таануучу катары изилдеп жазган макала, рецензиялар,  баяндамалар  китептер:

    Жамила Маматованын массалык- маалымат каражаттарында чыккан макалалары: “Советская Киргизия”, “Кыргыз туусу” ,“Эркин тоо”,” Кут билим”, “Чүй баяны”, “КТР-ОБО”,  “Балачак”,  “Агым”  гезиттеринде  жарык көргөн:
 1. А. Жаныбекову  50 лет. “ Советская  Киргизия” 1974-г. 
 2. “Мефистофель Мухтаров”.  “Обо” 04.09. 98ж.
 3.  “Обон күүнүн өз орду болсо” “Обо” 21. 01. 2000-ж.
  4. “Искусствого из салып” М.Махмутова.”Эркин Тоо”2-февраль 2001-ж№ 9 15   бет ( 1027).
 5. “ Өсүүдөн өксүгөн кыргыз эстрадасы”.  Кут билим”. №7 22. 02. 2002-ж.
 6. “ Опера ырчысы” М. Махмутова “Чүй баяны”.31. 10. 2001-ж.№34 ( 456)
 7. “Бирикмелер жөнүндө эмне билесиз?”Продюсерлер кеп салат.”КТР “Обо” № 49 264  7-декабрь 2001-ж. 2 бет
 8. “ Баритондор парады” “Обо” 31. 08. 2002-ж.
 9. “Поэзия жана музыка” Э. Ибраев. 04.04. 2003ж.Обо.
10.“ Жүрөктөн чыккан кайрыктар”. К. Эралиева, А. Бөдөшев. “Эркин тоо”. 8- октябрь 2004-ж. 25 бет № 83-84 (1385-1386).
 11. “Ата мурасын улаган” КР эл  артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик   сыйлыктын лауреаты Н.                        
        Давлесов.“Инсан” “Эркин тоо”3-декабрь. № 99 (13101).1 -бет уландысы 7- бетте.
 12. “ Композитор.” СССРдин эл  артисти К. Молдобасанов. “ КТР ОБО” 21-июль. 2006-ж. № 29 ( 505).
 13. “Кыргыз музыкасынын күжүрмөнү”КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Б. Алагушев.
         КТР “Обо” № 48. 1 –декабрь 2006-ж. 2-бет
 14. “Таланттан тамган тамчылар”. КР эл  артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты   
       Керим Турапов. “Агым” 04. 12. 09. 17 –бет.
 15. “ Улуттук опера жөнүндө фильм” “Эркин тоо” 10-ноябрь. 2006-жыл. № 83   (1596). КР эл  артисти                       
       Офелия Эркинбаева.
 16. “Кут кармаган эне”Кыргыз Республдикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер, радиожурналист  С. Абдрахманова .“Агым” № 31. 30. 09.2010-ж.
 17. “Алтын казына баяны” “Кыргыз үнү Кыргыз радиосу” китепте. 108 бет.2011-ж.
 18. “ Алтын казынадагы” асыл мурастар. 25. 04.2009-ж. 10- бет.” Кыргыз тили”
         № 7-8. ( 24- 25).25- апрель Кыргыз салттуу музыка күнү!.
  19. “Жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринин 1-7 класстары үчүн шыгыр музыкасы боюнча
        программа жана усулдук көрсөтмөнүн адис редактору.(Бишкек 2001).
  20. 2003-жылы Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат   министрлиги өткөргөн     музыковеддердин конкурсунда “Көңүлдүү каприсс”  аналитикалык  эмгеги бааланып, акчалай сыйлыкка ээ болгон ( Н. Давлесовдун  “Наз кыял” аттуу  скрипка   жана фортепиано үчүн каприччису  боюнча). Бул макала  “Н.  Давлесов” аттуу изилдөөлөрдү, макалаларды, рецензияларды камтыган жыйнак китепке  кирген.(2004-ж.УТК 78   ББК  85. 313 (2Ки). Н-32  .
   21 “Өмүр добулбасы”. А. Бөдөшев. Китептин баш сөзү
   22. “Ырлар жыйнагы” А. Кадыров. Баш сөзү.
   23. “ Улуу  устаттын  аты  унутулбайт”. КР эл  артисти А. Жаныбеков.” Кыргыз  Туусу”. 2012-ж. 27- январь.№ 6 ( 23595). 10 -бетте.
  24. “Дүйнөлүк классикалык  мурастар Кыргызстандын  театр  сахнасында” аттуу  республикалык  илимий- практикалык  конференция. 17-апрель  2012-ж Бишкек. Жыйнак. КР  Маданият  жана  туризм  министрлиги, КР  театр  ишмерлер  Союзу, Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин  консерваториясы өткөргөн  конференция. Ж. Маматова” Европалык  классикалык  композиторлор  мектебинин  кыргыз  композиторлорунун   чыгармачылыктарына  тийгизген  таасири”. 32- бет.. 34.
25.  “Өмүрдүн ностальгиясында”. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор М. Бегалиевдин 60 жылдыгына карата.
26. ”Илимде ийне менен кудук казган Камчыбек Дүйшалиев”. “Кыргыз туусу”. 2014-ж. 30- май.№ 40 (23829). 10- бетте
27. “Алтын казынадагы” Арстанбектин чыгармалары.”Эл менен сен бийиксиң...” Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдыгына карата. 372-бетте. Макалалар жыйнагы. ISBN 978-9967-465-78-7
28.”Кыргыз искусствосунун жылдызы” (“Легенда Кыргызского искусство”) Бишкек-2013.УДК 78 ББК 85 313 (2Ки) Н 30    “Сайра Кийизбаеванын аткаруусунда Кыргыз радиосунун “Алтын казынасында” орун алган чыгармалар” 117беттен-127  бетке чейин.
29. Б. Бейшеналиева атындагы Искусство көркөм өнөр университети тарабынан чыккан журналда М. Бегалиев тууралуу “Улуу тоонун уулу” макаласы. 2017-ж.
30. “Чалагыз Исабаевдин улуттук аспаптарды жандандыруудагы чеберчилиги”.
Чыккан китептер:
1. “Композитор Алтынбек Жаныбеков”. Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу тарабынан чыккан китепче. Музыковед Андрей Георгиевич Кузнецов менен биргеликте (кыргыз, орус тилинде)..
Бишкек-2012
2. “Композитор Советбек Исраилов”. Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу тарабынан чыккан китепче. Бишкек-2013
3.  “Композитор Кубаныч Осмонов”. Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу тарабынан чыккан китепче. Бишкек-2013 (соавтор).
4. “Улуу музыкалык мурас жолун билүү”. Бишкек: “Принт Экспресс”. 2014. 320 бет.
К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын профессору, музыка изилдөөчү, искусство таануу илимдеринин туңгуч доктору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов коомдук академиясынын академиги Камчыбек Дүйшалиевдин 70 жылдыгына карата китеп.
5.  ”Алгачкы балдар опереттасы”. Г. Эсенгулова жана Т. Чокиев “Алтын уя”.  Бишкек:”Кербез” басмасы.28 бет.
6. . Композитор Асек Абдыкеримовдун симфониясы. Китепчеде макала.
7. “Булбул ырчы Э. Нурманбетова”. 2017-ж.  Кыргыз Республикасынын эл артисти Эсен Нурманбетованын өмүрү, чыгармачылыгына арналган китеп.
8.” Композитор  Жумашбай Касымбеков”. 2018ж.
       Илимий практикалык конференцияларга карата  изилдөөлөр, докладдар,  катышуулар:
  1. Алма - Ата шаары. Курмангазы атындагы консерватория. “Кыргыз композиторлорунун фортепианолук чыгармалары”. 1980-жыл. Апрель.
  2. Алма - Ата. Консерватория им. Курмангазы. Тема: “ Академический камерный хор Национальной Телерадиовещательной Корпорации Кыргызской Республики”.
  3. 2008 –г май. Международный научно- практическая конференция посвященный 100 летию выдающего ученого, член- корреспондента Академии наук Казакской Республики., доктора искусствоведения, профессора Б. Г. Ерзаковича.
  4. Ысык - Көл областык К. Тыныстанов атындагы Университет. “Кыргыз радиосунун 80 жылдыгына карата” илимий конференция. Тема: “Кыргыз радиосунда музыканын орду, тарбиялык мааниси. 2011-ж. Июнь.
  5. Кыргыз –Түрк “ Манас “ университети. Илимий конференция. Тема: “ Радио уктурууларда музыкалык көркөмдөөнүн ролу” 2011-ж. Июнь.
  6. КТРК, Америка Кошмо Штатынын элчилиги менен “ Журналистика мектеби”-“Школа журналистики”2010-ж. 18- октябрь-26- январь. Жаштарды окутуу, таанытуу.
  7. КР маданият жана  маалымат  министрлиги, КР театр ишмерлер союзу, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин консерваториясы” Дүйнөлүк классикалык  мурастар  Кыргызстандын театр  сахнасында” аттуу  республикалык илимий –практикалык  конференция.                                           17-апрель 2012-ж. Бишкек.32-40 бет  “Европалык классик  композиторлор мектебинин  кыргыз  композиторлорунун чыгармачылыктарына  тийгизген  таасири”. 
  8. Ч. Исабаевдин 75 жылдыгына карата. К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясы.              Тема:” Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблин түзүүдө Ч. Исабаевдин элдик аспаптарды колдонуусу, өнүктүрүүсү, табылгалары”. Бишкек 2013-ж. 7-декабрь. КР эл  артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты ,  академик, Улуттук консерваториянын ректору М. А. Бегалиевдин алып баруусунда.
  9. Эл Аралык салттык музыка жумалыгы. 21-25-апрель 2014-жыл..
 Эл Аралык салттык  музыка  күнүнө карата “ Күү күнү”23- апрель 2014-ж.
 Илимий практикалык конференция. И. Арабаев атындагы Мамлекеттик Университеттин актовый залы. Тема: Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата “Токтогулдун Кыргыз радиосунун “Алтын казынасында” орун алган күүлөрү.
  1. СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, композитор жана дирижер Калый Молдобасановдун 85 жылдыгына карата  илимий-практикалык конференция. Улуттук консерватория. 2014-ж. сентябрь.
  2. Кыргыз Республикасынын эл артисти, музыка изилдөөчү Балбай Алагушевдин Тоң районундагы маданият үйүнө аты берилишине арналган салтанат. “Балбай Алагушев - туңгуч музыка изилдөөчү”. 2014-ж. октябрь.
  3. СССРдин эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакунованын 75 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция. Кыргыз Улуттук консерватория. М. Абдраев атындагы  музыкалык мектеп-интернат.
  4. СССРдин эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакунованын 75 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлдекеттик университети. “Залкар комузчу”.
  5. 2016-ж. 21-апрель : “2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата”  Салттык музыка жумалыгы. К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерватория. “Оозеки салттагы адистик өнөрдүн аспапчылык багыты” деген темада семинар.  Улуттук Консерваториянын ректору Кыргыз Республикасынын эл артисти Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты М. Бегалиев алып баруусунда. “Тема: “ Аспаптык музыканын өнүгүшүндө усулдук жолдун мааниси. Илимий негизде изилдөөлөр”.
  6. СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, композитор жана дирижер Калый Молдобасановдун 90 жылдыгына карата Ак-Талаа районундагы Терек айылында өткөн илимий – практикалык конференция. “Калый Молдобасановдун чыгармачылыгындагы асылдык жол” .   
2019-ж. 12- октябрь.
  1. КР билим берүү министрлиги, КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университети тарабынан чыккан          
       “ Маданият жана искусство жарчысы” - “ Вестник культуры и искусства” журналында  ( ISBN 978-9967 –    12 – 474 – 5 / № 9).  СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Социалисттик эмгектин Баатыры, композитор жана дирижер Калый Молдобасановдун 90 жылдыгына карата статья. 2019-. 153-167-беттер.

     Ж. К. Маматова жөнүндө чыккан публикациялар жана макалалар:

1. Бирикмелер жөнүндө эмне билесиз? Продюсерлер кеп салат.КТР “Обо”№ 49 ( 264). 7-декабрь 2001-жыл.2-бет.
2. Жамила Маматова 111 бет.“Женщины Кыргызстана” автор Замира Акбагышева.2008-ж.
3. “Композиторы Кыргызской Республики”. ( Государственная патентная служба Кыргызской Республики). Справочник. 3-е издание Бишкек- 2008 УДК 7. 071. 1 ( 575. 2)
ББК 85. 313 ( 2Ки) 7 138 стр.
4. “Сыймыктуу да, сыйкырдуу да дүйнө” . “ Агым” 16. 10. 2009-ж.15 -бетте
5.  Ж. Маматова.   “Ж. Абдрахманов атындагы  айыл өкмөтүнө караштуу айылдын Республикага  таанымал инсандары”. 2011-ж.
6.”Менин жан дүйнөм музыка”. “  Ж. Баласагын атындагы Улуттук Университеттин мугалимдери чыгарган китеп. 173-бет 2011-ж.
7. Ысык -Көл району. Энциклопедия.   2011-ж.
8. “55 лет Кыргызскому телевидению”.” История развития телевидения и о его роли в обществе” автор Сайраш Кийизбаева. Бишкек-2013-г. 83 –84 стр. О Дж. Маматовой.
Маматова Ж. К катышуусунда өткөрүлгөн  Массалык салтанаттар:
  1. “ Талас таңшыйт” 2001-ж.( А. Огонбаевдин 100 жылдыгына  карата Эл Аралык  фестивалдын уюштуруучусу),
  2. “Ысык-Көлдө кадыр түн” 2001-ж.
“Талас таңшыйт” 2002-ж.( М. Баетовдун жана Ш. Шеркуловдун 100 жылдыгына карата
өткөрүлгөн фестивалда  Бишкекте өткөн тандоо турунда  калыстар тобунун төрайымы.  Талас шаарында өткөн фестивалда калыстар тобунун курамында ).
  1. “Алтын добуш” “Баритондор Парады” Эл Аралык опера ырчыларынын  фестивалы. Проектин автору жана уюштуруучусу (Казакстан жана Кыргызстан). 2001-ж. 27 июнь . Президенттин “Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери”программасы боюнча.
Дирижерлор: СССРдин эл  артисти, академик А. Жумакматов, Казак Республикасынын эл  артисти, Герберт фон Караян атындагы Эл Аралык конкурстун лауреаты, профессор Абдрашев Төлөпберген,
Баритон  үндүүлөр: Казак  Республикасынын эл  артисти, Чайковский атындагы конкурстун лауреаты профессор Есимов Гафиз Эсимович,Эл Аралык конкурстардын лауреаты Абай опера жана балет театрынын солисттери: Андрей Трегубенко, Талгат Кузембаев, Болот Жоомартов.
Кыргыз Республикасы боюнча: Кыргыз Республикасынын  эл  артисти, профессор Э. Касымов.  Кыргыз Республикасынын  эл  артисти А. Тентимишев,  Кыргыз Республикасынын  эл  артисти К. Орузбаев, жаш солисттер: Э . Өмүров, К. Кускаков, Б. Ыбыкеев.
  1. “Соң - Көлдү Манас жердеген” Эл Аралык фестиваль, цикл уктуруулар  даярдалды ( 2006).
“Рухтун 100 долбоору” циклдык уктуруулар.
  1. “Жубанов көктөмү” 2007-ж. Казак Республикасы.  Ак -Төбө шаары.  Хор  искусствосунун Эл Аралык фестивалы. Музыковед, пропагандист, журналист  катары телерадио материал даярдаган.
  2. “Кыргыз радиосунун 80 жылдыгы жана Ысык –Көл районунун 80 жылдыгына карата 
өткөн  юбилейлик концерттин сценарийинин автору  жана  музыкалык редактору (Чолпон - Ата  шаары 2011ж.
  1. Кыргыз радиосунун 80 жылдыгына карата Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук
 Филармония. Чоң зал. Салтанаттын музыкалык  редактору.
  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005 жана 2009 – жылдарында ант берүү
   аземи.
  1.  2007 –жылы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Бишкек САММИТ.
Саммит учурунда Кытай, Азербайжан, Түркменстан, Казакстан, Өзбекстан, Россиядан келген искусство ишмерлери, музыкалык коллективдер, Белза сыяктуу атактуулардын катышуусунда даярдалган  уктуруунун автору.
  1. Жамила Маматова  айрыкча опералык спектаклдерден, балеттерден, фестиваль, кароо сынактардан даярдалган жогорку деңгээлдеги  уктуруулары музыка чөйрөсүн  изилдеп, илимий методикалык ыкмалар менен элге жатык тилде жеткире алган өзгөчө дарамети  менен баалуу.
 Кыргыз радиосунда биринчи жолу радиоварианттагы “Радиофестиваль” жаңы долбоорун иштеп чыкты. Бул долбоор- массалык-маалымат каражаттарында  манастан тарта ыр-күүлөргө чейин мыкты аткаруучулардын ортосунда таймашты алгачкылардан болуп алып чыгып, радиодо - “Радиофестиваль” сыяктуу чоң программаны жандуу аткаруу түрүндө алым сабак, улап чертүү, улап ырдоо, манас айтуу ж.б. түрүн  алып чыккан биринчилерден.
Радиофестивалда –Кыргыз Рухунун тазалыгын даңазалап , эл ичинде өтө сейрек кездешкен  аспаптарда ойногон темир комузчулар, чоорчулар, кыл кыякчылар, комузчулар, ырчылар, төкмөлөр, манасчылар катышып жаңычалык жол азыркы учурда да уланып келет.
  1. 2012-ж.”Ысык-Көл-2012” Эл Аралык фольклор жана эстрада ырларынын фестивалы.
  2.  2012-ж. ноябрь- Кыргыз ССРинин эл  артисти, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгына карата комузчулардын кароо-сынагы.
  3. 2012-ж. “Залкарлар күүлөрү” К. Орозов, Т. Сатылганов, А. Эшмамбетов, А. Огонбаев, Ы. Туманов, Б. Мадазимов, Ч. Иманкулов, С. Токтакунова- залкар комузчулардын автордук  күүлөрү, черткен күүлөр, аннотациясы менен антология болуп жарык көрдү.(Музыкалык редакциянын кызматкерлери менен бирге). Презентациясы 24-декабрда 2012-ж. коомдук ишмерлер, маданият, адабият  ишмерлеринин катышуусунда өттү. КР вице-преьер министри К. А. Талиева, ЖК депутаттары  сөз сүйлөштү.
  4. 2012-ж. “Кыргыз радиосу” эң мыкты радио катары таанылып, “Замандаштын” сыйлыгын алды.
  5. 2013-жыл. Эл Аралык “Мейкин Азия” 1- фестивалы. Июль. Массалык масштабдуу салтанатты элге түз алып чыгуу. Малайзия, Куба, Филиппин, Россия, Якутия-Саха,Туркия, Өзбекстан,Таджикистан, Казакстан, Армения, Кытай , Корея ж.б. мамлекеттерден келген ырчыларды таанытуу, түз эфир аркылуу маалымат берүү. Баш байгени Димаш Кудайбергенов алды. ( Казакстан).
18-июль фестивалдын  ачылышы. Ар бир ырчынын  өз эне тилинде ырдоосу.
19-июль. Дүйнөлүк хиттер.
20-июль. Жеңүүчүлөрдүн жана меймандардын концерти.
  1. 2013-ж. 7-октябрь. КТРКда “Достук” каналынын ачылышы. Салтанаттын  сценарийинин автору жана редактору. Телекөрсөтүүнүн автору. 
  2. 2013-ж. Залкар комузчу, Кыргыз ССРинин эл артисти Ыбырай Тумановдун 125 жылдыгы. 20- октябрь кароо сынак. .А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры.  Калыстар тобунда. Оркестрлерге жана ансамблдерге иштелген чыгармалар.
20-октябрь. 2013-. саат 14.00 К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерватория.
21-октябрь 15.30. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы концерттик программа.
  1. 2013-ж. 9-декабрь Ч. Исабаевдин 75 жылдыгы. Концерттик программа. Филармония.
Эл Аралык салттык музыка жумалыгы. 21-25-апрель 2014-жыл..
 Эл Аралык салттык  музыка  күнүнө карата “ Дастан күнү”.
(Майрамдык салтанаттын сценарийин автору, уюштуруучусу
К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерватория. 22. 04.2014-ж.
22.  30-май. 2014-ж. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, Камчыбек Дүйшалиевдин 70 жылдыгына карата Салтанаттуу концерт. Филармония.
23. 7-май. 2016-ж. Радионун 85 жылдыгына карата филармонияда өткөн салтанаттуу концерттин  редактору.
Кыргыз радиосунун “Алтын казынасында орун алган уктуруулар:
” “Кыргызстан композиторлорунун” залкарлары тууралуу даярдаган уктуруулары:
 М. Абдраев , А.Аманбаев , Н. Давлесов ,  А. Жаныбеков , Ч. Жумаканов , А. Малдыбаев,  К. Молдобасанов,  Т. Эрматов , Ж. Шералиев , В. Фере,  А. Түлеев , С. Медетов, Э. Жумабаев , М. Бегалиев, Б. Феферман,                     П. Шубин, В. Виноградов, В. Власов , С. Осмонов, М. Осмонов, А. Мурзабаев ж.б.
Музыкалык жолугушуу”: Насыр Давлесов, Артык Мырзабаев ,  Бекболот  Абдраимов,  Саткын Абдрахманова , Балбай  Алагушев ж.б.
Обон”.  ХХ-кылымдын залкары К. Орозов. А. Огонбаев .“ Прима балерина” Б. Бейшеналиева,
“Опералык искусствонун карлыгачы” М. Махмутова
“ Таңшы комуз” “Шырдакбектин боз жорго”,
 “Манас Төр” уктуруусу. 182 уктуруу. Автору А. Жакшылыков ред. Ж. Маматова, реж. Ж.Аманова
Баардыгы 200 уктуруу: “ Бейне” .  Узакбай Абдукаимов.      08.05.2011-ж.
 Кыргыз адабиятынын классик жазуучусу,”Кызыл жылдыз” орденинин ээси,
19- гвардиянын аткычтар дивизиясынын минометтук взводунун командири, чоң өнөрдүн устаты   Узакбай Абдукаимовдун чыгармачылыгы,турмуш чындыгы далилдеген акыйкаттыктар тууралуу сөз.
Уктурууга катышкандар:  Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов: (Балалыгы тууралуу).
Кыргыз Республикасынын  Баатыры, Кыргыз эл акыны Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,” Манас” орденинин  ээси, Гвардиянын майору Сооронбай Жусуев.
Кыргыз Республикасынын  Баатыры, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,” Манас” орденинин  ээси Сүйүнбай Эралиев
Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,” Манас” орденинин  ээси Майрамкан Абылкасымова.
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Кадыркул Даутов. Профессор - Тиллебаев Садык Алахан.
Мелис Асылбашев     12.03.2013 хр.60.
  “Бейне”.  КР эл  артисти, Токтогул  атындагы  Мамлекеттик  сыйлыктын  лауреаты, балетмейстер Нурдин Түгөлов атындагы “Ак Марал” бий ансамблинин көркөм жетекчиси Мелис Асылбашевдин чыгармачылыгы.   Асан Айтикеев. 7.10. 2012-ж.  хр.60
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер , режиссер Асан Айтикеев.
 Сейит Жетимишев.   12. 04 2013-ж. Хр.
   Жазуучу, прозаик , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси,  Болот Юнусалиев жана классик акын Аалы  Токомбаев атындагы сыйлыктардын ээси Сейит Жетимишевдун бейнеси..
Бейне”. СССРдин эл артисти, Кыргыз Эл Баатыры, академик Асанкан Жумакматов жөнүндө эскерүү уктуруу. Редактору, автору  Жамила Маматова. Текстерди окуган Абдыбек Казиев. Режиссеру  Зарина Жаныгулова.   22. 09. 13 эфирден кеткен. Хр.1саат19мин
 “ Бейне” уктуруусу. Кыргыз Республикасынын эл  артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эл АралыкЧыңгыз Айтматов жана  “Руханият” сыйлыгынын, Манас” орденинин ээси Керим Турапов .
  • “Бейне” Кыргыз эл акыны,  КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Асан Жакшылыковдун дүйнө, аалам жашоо, асылдык  философиясы тууралуу айтып берген поэтикалык ой толгоолору.
Асан Жакшылыковдун “Алтын доор” аттуу дүйнө таанымы. . 22. 03.14 . Хр.60
Бейне” Кыргыз Республикасынын эл акыны А. Өмүрканов
  •  “Бейне” уктуруусу.  Түркия Республикасынын Анкара Университетинин  тил, тарых жана география факультетинин профессору, филология илимдеринин доктору  Гүлзура Жумакунова. 14. 12. 14 ж. Хр.60
 “ Бейне” уктуруусу. Филология илимдеринин доктору, профессор Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук  китепкананын директору Бакашева Жылдыз Кемеловна .05. 15ж.  Хр. 60
 “Бейне” уктуруусу.  СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Манас” орденинин ээси, залкар комузчу, профессор  Самара Токтакунова.
08. 03. 2015-ж. . Хр.60
. “Бейне”.  Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу Калыйбек Тагаев.
Хр.60.
“Бейне” КР эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты З. Үсөнбаев.  
  “Бейне” уктуруусу.  “Даңк”, “Даткайым”  медалынын ээси, физика- математика илимдеринин кандидаты  Роза Айтматова ...“Бейне”. Ж. Каниметов, Э. Нурманбетова, Г. Маматова, Э. Молдокулова, ж.б.
                  Музыковед- Лектор катары алып барган концерттер:
1. “Манас музыкада.”А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жаш солисттери менен Манас темасында жогорку окуу жайларында  музыкалык искусствону пропагандалоо.                                                            Ж. Баласагын атындагы Улуттук университет, Бишкек Гуманитардык Университети, Кыргыз- Түрк “Манас” университети. 2001, 2002-ж.ж.
2.Т. Сатылганов атындагы Филармониянын чоң залы. Кыргыз композиторлорунун  симфониялык  чыгармалары”. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Искусство илимдеринин кандидаты,музыковед А. Г. Кузнецов макала жазган.  “Слово Кыргызстана”. 22. 12.  2010.
3. КТРКнын камералык хору. Филармония. Ч. Айтматовдун 80 жылдыгына карата.
4.  Филармониянын кичи залы. Камералык хордун 30 жылдыгы.
5. А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. Т. Сатиевдин юбилейине карата эскерүү.
6. А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын чоң залы КР эмге сиңирген  артисти К. Кускаковдун отчеттук концерти.
7. А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын чоң залы .Е. Лузанова менен бирге. Кыргыз Республикасынын эл  артисти Э. Касымовдун юбилейлик концертин алып баруу.
8. А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кичи залы. Апрель трагедиясына карата реквием- эскерүү. 2011-ж.
9. “Кыргыз композиторлорунун хордук чыгармалары”. Кыргыз композиторлдорунун пленуму. П. Шубин атындагы балдар музыкалык мектеби. Чоң зал. 2010-ж.
10. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Ардак белгиси” орденинин ээси, композитор, профессор Сатылган Осмоновдун чыгармачылык концертин аннотациясы менен алып баруу.9-январь. 2015-жыл.Филармониянын чоң залы.
“Алтын казына илимий борборун” жетектөө учурунда чыгарылган антологиялар:

1.”Залкарлар күүлөрү”.Кыргыздын залкар комузчуларынын чертүүсүндөгү күүлөр.Т. Сатылганов, К. Орозов, Ы. Туманов,Ч. Иманкулов, А. Огонбаев,Ш. Шеркулов, А. Эшмамбетов, С. Токтакунова (2012).
2. “Урааным Манас”(2013)
3. “Айтматов Ааламы” (2013).
4. “Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдыгына карата”. (2014)
5. “Какен Алмазбековдун чыгармалары” (2014).
6. “Т. Сатылгановдун 150 жылдыгына карата “Токтогулдун мурастары”. 8 дисктен турган ырлар, дастандар, айтыштар, күүлөрү, “Токтогул” операсы, “Алымкан” тасмасы.(2014).
7. “Мыскал Өмүрканова” 2016-ж.
 Сыйлыктары:
1. Республиканын радиоуктуруу жана телекөрсөтүүсүнө сиңирген эмгеги үчүн “ Мыкты продюсер”  2000-ж.
2. Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы” . 2001-ж. Республиканын радиоуктуруу  жана телекөрсөтүүсүнө сиңирген эмгеги үчүн. 5-декабрь. 2001-ж.№ ПУ 352.
3. “КТРдин отличниги”  2005-ж.
4. Коомдогу өзгөрүүлөр менен угармандарды тааныштырууда чыгармачылык жигердүү  эмгеги үчүн Нарын областтык Мамлекеттик Администрациясынын  “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. ( 2006-ж).
5.” Ысык-Көл” областына караштуу Тоң районундагы” Айкол” кооперативинин  80  жылдыгына карата жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Эстелик  медалы” . 1- апрель 2010-жыл.З. Мукашевдин колу.
6. “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамы.                               ( 04.   12..2009-ж). Н.№ 2601. № 2672. ПЖ  № 559.).
7. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин   “Маданияттын  мыкты кызматкери” төш белгиси. 0 2 12. 2011- № 339 буйругу менен. Министр Н. Шакиевдин колу. .
8. КТРКнын “ Кыргыз Радиосуна 80 жыл юбилейлик медалы”.   29.12. 2011-ж. К.Т. Оторбаевдин колу.
9. Руханий дөөлөттөрдү  жаратууга  көмөктөш  Эл Аралык “ Руханият” ассоцияциясынын Кеңешинин  токтомунун  негизинде  Кыргыз  Республикасынын  маданиятынын  жетишкендиктерин  жалпы  адамзаттын  руханий  баалуулуктарын  кеңири  пропагандалоого,  калкты  эстетикалык  жактан  тарбиялоого  кошкон чоң  салымы  жана узак  жылдар  бою  үзүрлүү  эмгектенгендиги  үчүн  “ Ардак Грамота” менен  сыйлансын. “ Руханият”  ассоцияциясынын  Кеңешинин  төрагасы  Акун  Токтосартовдун  колу. Кыргыз  Республикасы. Бишкек  шаары. 27- февраль  2012-жыл..
10.  Кыргыз Республикасынын коомдук  телерадиоберүү  корпорациясынын“Ардак Грамотасы”.  7-май  Радио күнүнө карата  чыгармачылык  ишиндеги  жетишкен  ийгиликтери  үчүн сыйланат. К. Оторбаевдин  колу. Бишкек- 2012-ж. 7-май.
11.  Залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгына карата массалык-маалымат каражаттарында Карамолдо Орозовдун чыгармачылыгын изилдеп, мыкты чагылдыргандыгы жана жайылткандыгы  үчүн “Төш белги”сыйлыгы.  Кыргыз Республикасынын  вице -премьер министри, өкмөттүк комиссиянын төрайымы К.А. Талиеванын колунан сыйлык алган. 2012-ж. Филармониянын чоң залы.
12.  КТРКнын башкаруу коллегиясынын чечими менен  Кыргыз телеберүүсүнө 55 жыл юбилейлик медалы . Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору К. Т. Оторбаевдин буйругу менен. Буйрук №2 ! 316 2013-ж. декабрь.
13.  Ардак грамота. Жамиля Муратованын “Балыкооз атындагы маданият фонду”Ак кайың-Ардак”сыйлыгы. 2014-ж. 5-март.
14. Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карта “Токтогул Сатылганов-150” юбилейлик медалы .2014. 14-октябрь. №3 буйругу менен.
15. “Мыкты долбоор”наамы.  Жогорку кесиптик чеберчилиги жана корпорациянын өнүгүүсүнө салымы үчүн.”Бейне” долбооруна ыйгарылат. КТРКнын Башкы директору С. Жумагуловдун тапшыруусунда. 03.12.2014-ж. № 2/202 Буйругу менен.
16. Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карта “Салттык музыка” күнүнө карата кошкон салымы үчүн Диплом. Маданият, маалымат жана туризм министри А. Максүтовдун тапшыруусунда. 30-декабрь. 2014-ж.
17 .  Кыргыз ССРинин эл артисти  Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция. Доклад. Сертификат. 9-октябрь. 2015-ж. М. Бегалиевдин тапшыруусунда.
18. “Алтын калем” диплому. Кыргыз элинин көөнөргүс дөөлөттөрүн жайылтууга кошкон салымы үчүн.             Эл Аралык “Руханият” ассоцияциясынын президенти  К. А. Токтосартов. Бишкек. 2016-ж. май.
19. 2014-жыл 30-декабрь. Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын  маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан медаль жана диплом.  Министр А. Максүтовдун тапшыруусунда.
20. Эл Аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Басма сөз сыйлыгынын лауреаты. 2019-ж. 20-апрель . “Ош шаары- Түрк маданиятынын борбору” саамалыктын негизинде тапшырылды.Баш катчы Дүйсөн Касеиновдун тапшыруусунда.
21. Кыргыз – Түрк  “Манас” университети. Благодарственное письмо.  “День карьеры – 2019”. Ректор КТУ “Манас” профессор Себахаттин Балжы, первый проректор профессор Асылбек Кулмырзаев.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019