САЛАМАТОВ ТИМУР САГЫНБАЕВИЧ

         Ысык-көл областынын Ак-Суу районунун Боз-Учук (мурунку Ново-Вознесеновка) айлында 1952-жылдын 14-августунда төрөлгөн. Энчилеш айлынын сегиз жылдык мектебин, андан кийин Ичке-Жергез айлындагы орто мектепти бүтүргөн соң 1970-1974-жылдары М. Күрөнкөев атындагы музыкалык окуу жайында окуп, музыка теориясы жана композитор адистиги боюнча билим алган. Алгачкы ырлары жана аспаптык чыгармалары ушул жылдарда жаралган. Ал эми музыка мугалими болуп 1973-жылы П. Шубин атындагы мектепте иштей баштаган. Окуу жайды ийигиликтүү аяктагандын натыйжасында Кыргыз республикасынын маданият министирлиги тарабынан ал Москва шаарындагы Россиянын Гнесиндер атындагы музыкалык академиясына (мурунку музыкалык-педагогикалык институт) атайын жолдомо менен жиберилет. Ал окуу жайда музыка изилдөөчүлүк, композиторлук жана музыка сынчылык адистиктери боюнча терең билим алат.
         Музыка изилдөө тармагындагы эмгектери, сын макалалары республикалык жана союздук гезит-журналдарга чыга баштайт. Ошону менен катар эле көлөмдүү музыкалык чыгармалары жаралат. Москвадагы пионерлер үйүндө эстрадалык ансамблдин жетекчиси болуп эмгектенет.
         1980-жылы окуусун аяктаган соң Бишкеке (андагы Фрунзе) кайтып келип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна окутуучулук кызматка кирет. Аны менен катар маданият министрлигинде редакторлук ишти да алып жүрөт. Иштеген иштеринде кыска мезгилде эле өзүн билимдүү, музыка өнөрчүлүгүнүн сырларын терен түшүнгөн, принципиалдуу, эстетикалык табити жогору мыкты адис катары көрсөтө алды. Музыка изилдөөнү, композиторлук чыгармачылыгын да активдүү жандандырып, ал 1981-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынды.
         Ошол убактан Т. Саламатовдун музыкалык чыгармачылыгы жана ишмердиги абдан жигердүү жана натыйжалуу болду. Кийинки жылдары ал  Кыргыз телевидениесинин музыкалык редакциясынын башкы редактору (1986-1988), Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери (1988-1993), кыргыз композиторлор уюмунун жана маданият министрлигинин репертуардык коллегиясынын мүчөсү болуп эмгектенди. Ошол эле мезгилде ал улуттук опера жана балет театрынын, филармониянын жана кыргыз телевидение-радиосунун көркөм кенештеринин, «Кыргызстан». «Адабият» басмаканаларынын редакциялык кенештеринин мүчөсү болгон. Ушул жылдары республикада өткөн композиторлордун, обончулардын, ырчылардын ар түрлүү конкурстарынын уюштуруучусу жана жюри мүчөсү болуп, музыка өнөрчүлүгүнүн  өркүндөшүнө чон салым кошкон. Кыргыз телевидениесинде «Тогуз кайрык», «Эстрада-87» конкурстарын өткөрүп, эң алгачкылардан болуп көл жээгинде «Ысык-көл-88» эстрада ырчыларынын конкурсун уюштурганга катышкан, жюринин курамына  белгилүү эстрада ырчы-музыканттары А. Малинин, атактуу “Ялла” тобунун жетекчиси Ф. Закиров өңдүү белгилүү ырчылар чакырылган.
         1992-1993-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыгып, анын ачылышына жана калыптанышына түздөн-түз салым кошкон. 1993-жылы консерватория ачылган күндөн тартып анын илимий-чыгармачылык иштер боюнча проректору болуп, аны менен бирге 1994-жылдан баштап музыка теориясы кафедрасын жетектеген, доценттик окумуштуулук даражасын да алган. Консерваториядагы кызматтар менен катар эле Т. Саламатов Чүй областынын Аламүдүн районунда «Арашан» фольклордук ансамблинин музыкалык жетекчиси болуп эмгектенди, Ансамблди республикалык, эл аралык фестиваль-конкурстарга даярдап, 1997-жылы Пакистанда фестивальдын лауреаты деген наамга жетишти.
         2000-жылдан тартып Ы. Туманов атындагы Каракол музыкалык окуу жайында мугалим жана директор болуп иштеди. Ушул мезгилде К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык-драма театрында «Азем» фольклордук ансамблин түзүп, кыска мөөнөттүн ичинде ансамблдин чыгармачылык ийгиликтерин өлкөгө таанытты. 2005-2007-жылдары Т. Саламатов А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп кызмат кылды. Бул кызматта театрдын каражат табуу ишмердигин өнүктүрүп, атайын эсепке түшкөн акчаны 400 миң сомдон 3 миллион сомго чейин жеткирген. Ал каражаттын эсебинен спекталдерди койдуруп, театрдын репертуарын байыткан.
         1970-жылдардан бери Кыргыз республикасынын газета-журналдарында, радио-телевидениесинде музыка өнөрчүлүгүнүн ийгиликтерин баалаган жана проблемаларын көтөргөн  көптөгөн макалалары жарык көрүп келет. Анын макалалары СССР убагында Москвада чыкчу «Музыкальная жизнь», «Музыкальная академия», «Советская музыка» журналдарында да басылып турган. Музыка изилдөөчүлүк жана илимий эмгектери болсо кыргыз улуттук илимдер академиясынын жыйнактарында, «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында басылган. Т. Саламатов «Кыргыз композиторлору» жыйнагынын, «А. Малдыбаев» монографиясынын автору. Москвада, Киевде, Алматыда, Ташкентте, Одессада өткөн илимий конференцияларынын катышуучусу.
Активдүү жана натыйжалуу музыка изилдөөчүлүгү үчүн ал 1982-жылы эл аралык А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. Музыка өнөрчүлүгүндө өтөгөн ийгиликтүү чон эмгектери үчүн ага 1999-жылы «Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер» деген ардактуу наам ыйгарылган.
2010-2015-жылдары Т. Саламатов А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп эмгектенди. Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” жана Б. Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университеттеринин көркөм өнөр факультетинде окутуучулук кызматын аткарууда.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019