ЖЫПАР  АКМАТОВА
Акматова Жыпар 1961-жылы 3 апрельде Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Кокусунан айылга кичинекей балдарды музыкага окутуу үчүн тандоого борбордон мугалимдер келип калып, ошолордун сунушу менен Фрунзе шаарына жиберилет. Ал 1969-жылы Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатында   алгач скрипкачы катары билим алса, кийин теоретик катары окуусун улантат. Ал эми 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик  Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы өнөр институтуна музыкалык-теоретикалык бөлүмүнө тапшырып, ал жакта беш жыл билим алып, музыковед-музыка изилдөөчү адистигине ээ болот. Аны окуткан Ирина Борисовна Чучалина, Александр Иванович Пантилереиз, Тамара Марковна Склютовская, Елена Чехова сыяктуу устаттарына бүгүнкү күнгө чейин ыраазы. Окуусун аяктап жолдомо менен Ош музыкалык-педагогикалык окуу жайында эмгек жолун музыка сабагы боюнча мугалим болуп баштаган.
         Ал эми 1990-жылдан баштап тагдыры Кыргыз радиосу менен тыгыз байланышты. Алгач музыкалык редактор катары Кыргыз Мамлекеттик телерадиоберүүлөрүнүн комитетинин музыкалык редакциясында иш аркаласа, кийин 1997-жылдан тартып радионун “Ибарат” андан соң ”Мурас” чыгармачылык бирикмесинде комментатор катары ишин улады. Бул жакта дагы белдүү журналисттер Абдымомун Сатыбалдиев, Саткын Абдракманова, Байма Сутенова, Орозбек Турсуниязов, Жамиля Маматова сыяктуу устаттардан таалим алды. Токсонунчу жылдары угармандардын жакшы пикирине татыган көлөмдүү бир саттык уктурууларын тизмеси - “Ыр канатында”, “Музыка дүйнөсүндө”, “Музыкалык тааным” деп аталды. 
         “Музыка дүйнөсү” уктуруусунда негизинен профессионалдык музыкага басым жасалып-дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун, аткаруучуларынын жана музыканттарынын өмүр-жолун баяндаган жана чыгармаларын пропагандалаган салмактуу автордук уктуруу эле. Учурунда ушул уктуруунун баалулугу  белгиленип, Жыпар Акматовага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниясынын 1997-жылдагы эң мыкты музыковеди деген диплом тапшырылган.
Бүгүнкү күндө Жыпар Акматова иштеген мекеме аты өзгөрүп Кыргыз радиосу деп аталды. Элдик музыканын баалуулугун баяндаган- “Таңшы комуз”, “Кубулжуйт элдик аспаптар”,  залкарлардын өмүр баянын камтыган “Жарыгы калган жылдыздар”, андан сырткары “Кыргыз жерим кымбатым”, “Шыгыр”, “ Музыка тарыхы”, “Классика” сыяктуу уктуруулардын түрмөгү дагы эфир аркылуу өз угуучуларын тапты. Ал эми “Музыкалык обо” радиожурналын кесиптештери менен бирге түз алып чыгып, маданий жаңылыктардан жана жаңы чыгармалардан, агартуучулук пропаганданы көздөгөн түрмөктөрдү угуучуларга сунуштайт.
Кыргыз телерадиосунда иштеген жылдары Жыпар Ахматовага  2007-жылы “Мыкты журналист”, 2008-жылы Кыргыз телевидениенин 50 жылдыгына карата “Ардак Гармота”, 2011 - КТРдин отличниги, 2013-жылы- Маданияттын мыкты кызматкери сыйлыгы тапшырылган.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын "Ардак Грамотасы" менен сыйланды.
2008-жылдан тартып, Кыргыз композиторлор союзуна мүчөлүккө кабыл алынды. Кыргыз авторлорунун жаңы чыгармаларын эфир толкунуна алып чыгып, бүгүнкү күндөгү кыргыз композиторлорунун ийгиликтерин, турмуш көйгөйлөрүн жана кыргыз музыкасынын кийинки өнүгүшү тууралу өз оюн билдирип келет.   
 
                 НЕГИЗГИ  ЭМГЕКТЕРИ

    Радиожурнал-“Ыр канатында” ( 1990-2004), радио-очерк “Музыка дүйнөсүндө” (1997-2003), уктуруулар-“Керемет музыка” ( 2005-2008), “Гитара кайрыктары” (2006-2008), “Таңшы комуз”, “Жарыгы калган жылдыздар”, “Шыгыр”, “Классика”, “Музыкалык обо” (2009-20014)  жана башкалар. Басмадан кыргыз радиосундагы кесиптештери менне чогуу жазышкан “Кыргыз комуз күүлөрүнүн антологиясы 2013 жылы чыккан. Ал эми  ”Дүйнө элдеринин музыкасы. Музыкалык калейдоскоп”, “Комуз күүлөрү” аттуу маалымат китепчеси басмадан чыгуу алдында турат.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019