Оморов Аскар Садыкович (1942)
Музыковед Оморов Аскар Садыкович 1942-жылы 1-апрелде Чуй облусунун Калинин районун Большевик айылында туулган. Орто мектепки аяктагандан кийин 1960-жылы М. Күрөнкеев  атындагы музыкалык окуу жайына өтүп, 1962-65-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, бүткөндөн кийин окуусун кайра улантып 1969-жылы мызыканын теория бөлүмүн аяктайт. Ошол эле жылы Москва шаарындагы Гнесин атындагы музыкалык-педвгогоикалык инститиутка өтүп, биринчи курстан сырткы окуу бөлүмүнө которулат. Кийинчерээк 1972-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусства институтуна которулуп аны 1976-жылы аяктайт. Ошол эле жылы Каракол шаарындагы жаңы ачылган музыкалык окуу жайына жолдомо алып, 1973-жылгы чейин музыканын теориясы циклинде иштейт. Бул жылдары көптөгөн бүтүрүүчүүлөрдү даярдап алардын көпчүлүчү Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна өтүшөт.
Андан кийин Бишкек шаарындагы №10 мектебине, 1985-90 жылдарга чейин М. Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, музыканын теориясы боюнча мугалим, 1992-2997-жылга чейин М. Абдраев атындагы музыкалык-интернатта мугалим, андан кийин Республикалык окуу-усулдук кабинетинде башкы адис болуп иштейт. Бул жылдары окуу жайлары үчүн усулдук эмгектерди жаратат. Алсак, “Музыкалык диктанттар жыйнагы” (1995); “Фортепиано үчүн жана фортепиано коштогон ар кыл аспастар  үчүн чыгармалар жыйнагы”. Азыркы учурда ардактуу эс алууда.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019