Чалапинов Жетиген Султан уулу (1949)
Музыка таануучу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, Чалапинов Жетиген Султан уулу, 1949-жылы 10-февральда Кемин районунун Чым–Коргон айылында тууган. 1973-жылы Мураталы Күреңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын “Музыка таануу” бөлүмүн, 1981-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун “Музыка таануу” факультетин бүтүргөн.
1969-1971 жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, аскердик милдетин аткарган иштери жогору бааланып, 1970- жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100-жылдыгынын урматына “Аскердик каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланган.
1973-1976 жылга чейин Ош Мамлекеттик музыкалык окуу жайында окутуучу, “Музыка теориясы” бөлүмүнүн башчысы, 1981-жылдан борбор калаабыздагы Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, 1985-жылдан ушул эле окуу жайында“Музыка теориясы” бөлүмүнүн башчысы жана окуу – методикалык комиссиянын жетекчиси болуп иштеп келе жатат.
Ж.С. Чалапинов республикабыздагы маанымал музыка таануучу жана кадырлуу педагог. Анын 80 ден ашуун шакирттери жана жүздөгөн окуучулары Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин маданий жана музыка чөйрөсүндө, окуу жайларында жемиштүү эмгектенип жатышат.
 1996–жылдан бери Ж. С. Чалапинов Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун мүчөсү.
Музыка таануучу катарында төмөндөгү авторлордун илимий-методикалык  эмгектерин  редакциялаган жана гезиттерге макалаларды  жазып окуу программаларын иштеп чыккан:
  • Кыргыз музыкалык адабиятына программа. А. Ледовая 1983-ж.
  • Скрипка үчүн педагогикалык репертуар. Т. Түркмөнов 1990-ж.
  • Тромбон үчүн жазылган чвгармалар З. Мамбеталиев 1992-ж.
  • Сольфеджио  сабаты. Т. Мураталиев, А. Исраилова 1994-ж.
  • 2 жана 3 үндүү музыкалык диктанттар А. Оморов 1995-ж.
  • ДМШ, ДШИ үчүн жазылган “Сольфеджио” сабаты боюнча программа 2001-ж.
Макалалар:
“Ыр майрамы” Ленинчил жаш 1977 -ж. 15-декабрь; “Композиторлор союзуна 60 жыл” Советтик Кыргызстан 1999-жыл ноябрь айы.
Изилдөө:
К. Молдобасановдун фортепианого жазган чыгармасы “Фантазия импровизация “Раздумье” (Ой жүгүртүү) музыкасына көз караш. (Изилдөө 1977-ж).
М. Абдраев менен К. Молдобасановдун вокалдык-симфонииялык чыгармаларындагы  В.И. Ленин менен коммунистик  партиянын мүнөздөмөсүнүн ролу. (Изилдөө 1980-ж).
Сыйлыктары:
Ж.С. Чалапинов 1975-жылдын “Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү” деген медалга татыган (Кыргыз ССРнин маданият министрлиги) СССР Маданият Министрлигинин отличниги 1990-жыл.
Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлигинин отличниги 1997-жыл.
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин  отличниги 2009-жыл.
 2004-жылы Кыргыз Республикасынын музыка таануучулардын арасында  өткөн конкурстун лауреаты
2000-жылы Ж .С. Чалапиновго “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам берилди.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019