Композиторлор союзунун отчеттук жана кайра шайлоо жыйыны

02 декабрь 2019
        30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунда жалпы чогулушу болуп өттү. Союздун төрагасынын жана текшерүү комиссиясынын 5 жылдык отчету угулду. Ар кандай пикирлер, каалоо-тилектер айтылган соң, Композиторлор союзунун төрагасын шайлоо болду. Жашыруун добуш берүү жолу менен жыйынга катышкан 30 адамдын 27 си макул, 3 кишиси каршы добуш берип, жыйнтыгында Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы болуп кайрадан 3-мөөнөткө Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор Турдубек Чокиев шайланды.
        Андан соң 7 кишиден турган Композиторлор союзунун башкармалыгынын мүчөлөрүн шайлоо болду. Ачык добуш берүү жолу менен башкармалыктын мүчөлүгүнө маданият таануу илимдеринин доктору, музыковед Чынар Уметалиева, КР эл артисти Түгөлбай Казаков, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, музыковед Тимур Саламатов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыковед Жамила Маматова, КР эмгек сиңирген артисти, композитор Мырзали Жеенбаев жана композитор Бакыт Алишеров кирди.
         Ал эми Текшерүү комиссиясынын мүчөлүгүнө КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер, композиторлор Кенжегазы Асанбаев, Исирадин Аманбаев жана музыковед Мариям Көрпөбаева шайланды.
скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019