"Атадан калган туяк". Жаңы операны угуу
11-февралда Композиторлор союзунун концерттик залында композиторлор Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулованын “Атадан калган туяк” аттуу бир актылуу операсын угуу болуп өттү. Либреттосун ушул эле авторлор (композиторлор) залкар Чынгыз Айтматовдун аты уйкаш аңгемесинин негизинде жазышкан.
Угууга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин эксперттик комиссиясынын мүчөлөрү К. Иманалиев (төрага), музыковеддер Т. Саламатов, Ч. Уметалиева, Ж. Маматова, А. Кузнецов, жана А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера-балет театрынын башкы режиссеру И. Сартбаев, башкы дирижеру Н. Полотов, башкы балетмейстери А. Нуртазин, театрдын Көркөм кеңешинин курамы катышты.
Опера концерттик иллюстрация вариантында опера-балет театрынын солисттеринин жана “Ак Шоола” балдар хорунун аткаруусунда жазылып алынган үн тасма (запись) менен уктурулду. Талкуу кызуу жүрүп, кыргыз музыкалык искусствосундагы жагымдуу окуя, жакшы жаңылык болуп жатканын айтышты. Жыйынтыгында сахналаштыруу процессинде алымча-кошумчалар болору белгиленип, быйыл Президент тарабынан жарыяланган балдарды колдоо жылы, Жеңиштин 75 жылдыгы жана театрга кыргызча балдар репертуары жоктугу баса белгиленүү менен опера-балет театрынын сахнасында коюлууга сунушталды.