Даниал Назарматов - 80

14 февраль 2020
Кыргызстанда гитара аспабында аткаруучулуктун негиздөөчүсү, Маданият министрлигинин мурдагы жетекчиси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Даниал Назарматов көзү тирүү болгондо февраль айынын ичинде 80 жашка чыкмак экен. Кыргыз музыка дүйнөсүнүн бир жагын эңшерип, 2007-жылы бу дүйнөдөн эрте кете берген.
Дүйнө элдеринин орток байыркы чертме музыкалык аспап -  гитарда манжаларын жорго салдыра ойноп, черткен күүлөрү менен кумар кандырган, кыргыздын тунгуч гитарчысы, гитара өнөрүнүн мектебин негиздеген, музыка изилдөөчү, педагог, профессор Даниал Назарматов 1940-жылы Нарын шаарында туулган.
Даниал Назарматов 1968-жылы Москвадагы П. И. Чайковский атындагы Консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайдын атактуу дүйнөлүк ысымдагы гитарчы Иванов - Крамскойдун классын, ал эми 1976-жылы Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрөт. Ал алгачкы эмгек жолун Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан баштайт. Ал жакта 1968-1979-жылдары мугалим, 1969-1971-жылдары Бишкектеги балдардын П. Ф. Шубин атындагы музыкалык мектебинин директорунун орун басары, 1976-1982-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын көркөм жетекчиси, 1982-1990-жылдары директору, ошол эле учурда 1987-жылдан Бүткүл союздук музыкалык коомдун Кыргыз бөлүмүнүн төрагасынын орун басары, 1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри, ал эми 1993-жылдары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын генералдык директору болгон.
Даниал Назарматов 1990-1995-жылдары легендарлуу Жогорку Кеңештин депутаты болуу менен бирге, кайда барса да колунан гитарасын түшүрбөй улуу элдик музыканттардын күүлөрүн, обондорун гитара үчүн иштеп чыгат.
Миңдеген жыл тарыхы бар өтө сейрек кезигүүчү кереметтүү добуштагы, көркөм аткаруучулук мүмкүнчүлүгү кенендиги, жөнөкөй ырлардан тартып татаал симфониялык чыгармаларды аткарган симфониялык оркестрлерди коштоого алган эң бир сонун бай репертуардагы концерттик аспап – гитарада Назарматов дүйнөлүк ысымдагы Ф. Сордун, Д. Агуадонун,  М. Жульянинин, Ф. Каруллинин, М. Каракассинин, М. Соколовскийдин, Н. П. Макаровдун, А. Иванов-Крамскойдун, А. Сеговиянын ж.б. аткаруусундагы чыгармаларды таңшыта чертүү менен бирге Карамолдонун “Ибарат”, “Жаш кербез”, Муратаалынын “Кер-Өзөн”, Атайдын “Ой булбул”, “Гүл”, “Күйдүм чок”, “Эсимде” аттуу күүлөрүн, обондорун бийик чеберчиликте иштеп чыккан.
Маркум Даниал кайсы гана иште, мейли маданият министри, мейли филармониянын көркөм жетекчиси, директору, мейли улуттук опера жана балет театрынын директору, консерваторияда профессор болуп иштебесин, ал турсун Республиканын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп жүргөндө да колунан гитарын түшүрбөй чет өлкөлөргө гастролдорго чыгып, өзү иштеп чыккан кыргыздын салттуу музыкасынын кооз үлгүлөрүн бейтааныш угуучуларга тартуулайт. Ал турсун Назарматов анча бийик эмес үнү менен Атайдын махабат ырларын да жалбырттай жана ырдап жиберчү.
Мезгил өтсө да Назарматовдун элине таштап кеткен көөнөрбөс мурастары жашап, жаркын элеси билгендердин жүрөгүндө сакталмакчы.





скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019