Балдар үчүн обондордун сынагы

22 февраль 2020
Балдар үчүн мыкты обондордун республикалык конкурсунун жобосу
I. Конкурстун максаттары
1. Президент жарыялаган “Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо” жылынын алкагында балдар үчүн тарбиялык мааниси урунттуу чыгармаларды жаратуу. Бала бакчалардын, музыкалык жана орто мектептердин музыкага тарбиялоо багытында репертуарын байытуу.
2. Конкурс эки номинация менен өтөт. Биринчи – жеке аткаруудагы ыр же хор менен Мекенди, элди, жерди даңктоо; экинчиси – унутта калып бара жаткан улуттук балдар оюндарын ыр, хор аркалуу жандандырууну көздөө (мисалы: жашынмак, ак чөлмөк, ак терек-көк терек, топ-таш, жоолук таштамай, селкинчек ж.б. региондордогу унутта калып кеткен оюндарды обондуу ырлар аркалуу чагылдыруу)
3. Композиторлордун, обончулардын балдар үчүн чыгармаларды жаратуусун стимулдаштыруу;
4. Заманбап композитордук ыкмаларды колдонуу менен балдарды уга жана түшүнө билүүгө тарбиялоо.
II. Конкурстун катышуучулары жана өткөрүүнүн шарттары
1. Чыгармаларын көрсөткөн композиторлор, обончулар жана акындар катышуучу болуп эсептелет;
2. Жеке ырчынын же хордун аткаруусунда жазылып, CD дискке МР 3 форматында тапшырылат. Кошумча үч экземпляр клавир же партитура түрүндө берилет.
3. Чыгарманын ноталары жана диски конвертке салынып, девиз (жашыруун ат) менен тапшырылат.
4. Конкурс тууралуу маалымат катышуучуларга 1 айдан кем эмес мөөнөттө жеткирилет. Конкурска катышкан чыгармалардын саны 3 төн ашпаш керек.
5. Конкурстун материалдары 20-апрелге чейин каьыл алынат.
III. Конкурстун номинациялары
1. Атуулдук ырлар жана хорлор
2. Оюн ырлары же хорлору
IY. Чыгармаларды баалоонун критерийлери
1. Текст менен музыканын дал келиши.
2. Музыкалык тилдеги оригиналдуулук.
3. Музыкалык формалардын даана,так сакталышы.
Чыгармаларды көрсөтүүдө аткарылышынын дэңгээли чыгармага кошумча упай алып келет.
Y. Калыстар тобу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо
1. Калыстар тобу 3 же 5 жогорку музыкалык билими бар адистерден куралат.
Калыстар тобунун чечими кынтыксыз деп табылып, кайра каралбайт.
2. Конкурстун жеңүүчүлөрү атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
3. Демөөрчүлөр чыгып калса, алардын сыйлыгы кошумча сыйлык катары кабыл алынат.
4. Байгенин 25% ти сөздүн авторуна (акынга) ыйгарылат.
5. Жаратмандардын (авторлордун) конкурсу болгондуктан, аткаруучуларга калем акы каралбайт.
YI. Уюштуруу жана финансы маселеси
Финансылык баардык чыгымдар маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан көтөрүлөт.
Эскертүү: Байгеге илинген обондун тексти шайкеш болсо, акынга байгенин 25% берилет. Мыкты обондордун гана конкурсу болгондуктан аткаруучуга, аранжировщикке же оркестрге салгандарга байге каралбайт.
Уюштуруучулар:
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу.
Конкурска келип түшкөн материалдар төмөнкү даректе кабыл алынат:
Бишкеке ш. Раззаков к-сү 50, КР Композиторлор союзу. Тел. 66-43-04, 0773 71-23-15 Эл. почта: kompozitory@mail.ru
Интернет сайт: http://kompozitor.kg
скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019