И. Аманбаевден жаңы күүлөр

04 июнь 2020
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты, композитор Исирадин Аманбаев мыкты обондору менен элге кеңири белгилүү. “Нестан-Дарежан”, “Тоолук кыз болду периштем”, “Гитара”, “Айданек”, Мөл булак”, “Ай жарык” ж.б. ондогон ырлары Исирадинге гана тийиштүү кайрыктар менен шөкөттөлгөн чыгармалар. Акыркы убактарда комуз күүлөрүн жаратууга белсенип киришип, анын алгачкыларын фейсбук баракчаларынан угуп жүрсөңүздөр керек. Автордун айтымында азырынча 3 күү жаратты. “Кел-кел”, “Жан кайрык”, “Закым”.
Классикага айланган кыргыз комузчуларынын күүлөрүнүн өзөгүнө назар салсак, биринчи кезекте, күүнүн обонунун, ыргагынын, кайрыктарынын оригиналдуулугу менен айырмаланышат. Күү жараткан залкар комузчуларыбыздын ар биринин өзүнө гана тиешелүү кайрыктары, обондуулугу, чертүү ыкмасы бар экендигин баамдасак болот. Ушул жактан алып караганда И. Аманбаев күү жаратууда да өз жолун тапкандай. Күү жанрын иликтеген музыковеддер, комузчулар өз ойлорун айтар. Азырынча Исирадинге ушул багытта дагы чыгармачылык ийгиликтерди каалайлы!


скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019