Бир актылуу жаңы опера

03 июль 2020
    Эгемендүүлүккө жеткен отуз жылдан бери кыргыз опера-балет театрында “Айчүрөктөн” башка кыргыз операсы коюлбайт деген көйгөй кайта-кайта көтөрүлүп, чоң маселеге айланып келет. Кыргыз композиторлору жазбай жатат деген дооматтар да болду. Ошол эле убакта аксакал композиторубуз Сатылган Осмонов баш болуп опералар жана балеттер жазылып жатканы факт. Каржылык маселеси, же айрым театр ишмерлеринин каршылык мамилесинен улам ал спектаклдер коюлбай келе жатат.
    2020-жылы Чокиев Турдубек менен чыгармачылык тандемде иштеп келе жаткан Гүлмира Эсенгулова экөө залкар Ч. Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесинин негизинде бир актылуу опера жазып, жыл башында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К. Иманалиев башында турган эксперттик комиссия, опера-балет театрынын көркөм кеңеши менен биргеликте операнын жумушчу вариантын угуп көрдү. Айрым каалоо-тилектерди айтуу менен негизинен жактырылып, опера-балет театрынын репертуарына, министрлик тарабынан мамлекеттик буюртма катары кабыл алынуусу сунушталды. Театрдын көркөм кеңеши оркестр жана хордун аткаруусунда дагы бир жолу угуп көрүүнү чечти. Мунун баары 11-февралда өткөн комиссиянын кеңейтилген отурумунда кабыл алынганы протоколго түшүрүлгөн.
    Дүйнө каптаган таажывирус пандемиянын айынан баары токтоп калды. А бирок авторлор, ошол учурдан пайдаланып операнын клавирин жана партитурасын аз тиражда болсо да басмаканадан бастырып чыкты. Оркестрдин партиялары компьютерде терилип, аткарууга даяр турат.
    Буга чейин (2010-жылы) биз “Алтын уя” аттуу балдар опереттасын жазып, театр сахнасында 2017-жылга чейин үзбөй, такай аншлаг менен коюлуп, 2014-жылы авторлорго Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылганын эске сала кетүү ашык болбостур.

    Келерки театралдык сезондо коюлуп калаар деген үмүт менен туралы...скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019