Токмоктогу маданият жана искусство колледжине Н. Давлесовдун ысымы ыйгарылды

06 ноябрь 2020
5-ноябрь күнү Токмок шаарындагы маданият жана искусство колледжине КР эл артисти, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, профессор, дирижер, залкар композитор Насыр Давлесовдун ысымын ыйгаруу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, КР Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, белгилүү музыковед Тимур Саламатов ж.б. композитордун чыгармачылыгы, кыргыз профессионалдык музыкасына кошкон зор салымы тууралуу сөз сүйлөштү. Композитордун жубайы, балдары жана туугандары да катышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Колледждин кире беришине такта жана композитордун сүрөтү орнотулган тактанын жана чакан музей-комнаттын ачылышы аземдин жүрүшүндө болуп өттү.Ысымы ыйгарылган маданият жана искусство колледжинин окуучулар жана мугалимдеринин күчү менен даярдалган Н. Давлесовдун чыгармаларынан турган концерт аземди жыйынтыктады.скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019