Композиторлор союзунун музыкалык салонундагы кече

18 декабрь 2020
18-декабрь. Кыргызстан Композиторлор союзу. Кыргыз ССРинин эл артисти, композитор Мукаш Абдраев, Аскар Тулеев, Акмат Аманбаев, Чанай Жумакановду эскеруу. Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев иш чаранын негизги максаты тууралуу билдирди. Сөздү КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиевге берип, аты аталган композиторлордун жана Борис Фефермандын кыргыз музыкалык искусствосуна сиңирген эмгектери тууралуу жана музыкалык чөйрөдө аткарылган иштерди айтып өттү. Композиторлор союзуна жаңы мүчө болуп КР эл артисти Курмангазы Азыкбаев алынганы жана композитор КР эмгек сиңирген артисти Исирадин Аманбаев, музыковед Зулунбек Нурбаевге, опера, балет театрынын концертмейстери Набира Жаксалиевага Мукаш Абдраев атындагы сыйлык тапшырылды. Театрдын ырчылары КР Эл артисти Сталбек Алмазбеков, КР эмгек сиңирген артисти Гүлнур Ниязбаева, Бактыгул Бокоева, Адия Ысмайылова, Орозбек Бакытов, Акмарал Заркунова залкар композиторлордун ыр-романстарын Набира Жаксалиеванын фортепианодо коштоосунда аткарышты. Мукаш Абдраевдин байбичеси Уруят эже да композиторду эскерип, композитор- үйдө Ата, асыл жар ордун белгилеп кетти. Т. Чокиев - мааракеси белгиленип жаткан композиторлордун ноталуу китебин чыгарып, келгендерге белекке берди. Быйыл 70 чыккан Насипбеек Тоялиев жана Т.Туркменовдорду да куттуктап өтүштү. Кыргыз радиосунун редактору Гүлмира Кулжабаева ( Чанай Жумаканов), культурология илимдеринин доктору Чынара Баялиева-Уметалиева (М. Абдраев, А. Тулеев) , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Акимжан Жээнбай залкарлар тууралуу маалыматтар беришти. К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын деканы, Эл аралык конкурстардын лауреаты Анара Абдулина композитор Михаил Бурштиндин Мукаш Абдраевдин жаркын элесине арналган "Эскерүү" аттуу фортепианолук чыгармасын алгачкы бет ачарын ийгиликтүү аткарып берди.

Музыковед, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ж. Маматова
























скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019