Музыковед Зулунбек Нурбаев капылеттен көз жумду

02 июль 2021
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, М. Абдраев атындагы сыйлыктын лауреаты, музыковед Зулунбек Нурбаев 2-июль күнү дүйнө салды.
Кыргыз телекөрсөтүүсүнө кырк беш жыл эмгегин арнады. Жасаган эмгектери жогору бааланып, бир канча ирет, диплом, грамоталар, баалуу сыйлыктар менен сыйланып, музыкалык редакциянын жетекчилик кызматына чейин көтөрүлгөн.
Зулунбек Нурбаев 1949-жылы 13-сентябрда Талас районундагы “Көк-Токой” айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1966-жылы Талас шаарындагы № 1-кыргыз орто мектебин бүтүргөндөн кийин Фрунзедеги музыкалык-педагогикалык окуу жайынан 2 жыл окуп, советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Кийин борбор шаарыбыздагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун музыкалык теория жана композиция бөлүмүн 1977-жылы бүтүрүп, ошондон бери Кыргыз телекөрсөтүүсүндө эмгектенип келген.
Зулунбек Жолдошевич алгачкы күндөн тартып эле кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу музыкалык маданияттын алгылыктуу жактарын чагылдырып, композиторлор менен аткаруучулардын чыгармачылыгын жарыялап, залкарлардын мурастарын элге жеткирип келген.
Нурбаев Зулунбек  “Мурас”, “Музыкалык жолугушуу”, « Жаштардын чыгармачылыгы”,  “Музыка дүйнөсүндө”,  “Камералык музыка сүйүүчүлөрүнө”,  “ Балет сүйүүчүлөүнө”,  “ Жан дүйнө”,  “ Миң кыял”, “ Музыка мейкини”, “ Залкарлар” аттуу ж.б көрсөтүүлөрдү, концерттик программаларды даярдап келген. Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн атынан Москва шаарындагы борбордук телекөрсөтүугө бир канча жолу композиторлордун чыгармаларынан куралган искусство чеберлеринин концертин даярдаган.
Ал биринчилерден болуп, “ Ырдайлы, достор ырдайлы” эстрадалык программасын эфирге чыгарып, республикада эстраданын калыптанышына өбөлгө болгон. Бул программа жыйырма жыл эфирден түшкөн эмес. Ушул көрсөтүү үчүн Жолдубай Кайыпов акын Эркин Тазабековдун сөзүнө жазылган “Ырлар, ырлар, ырлар ай” деген ырын чыгарган. Ал эми “Дүйшөмбүдө кечинде” көңүл ачуу көрсөтүүсүн эл күтүп көргөн. Жаңы эстрада ырлары жаралып, ырчылардын саны көбөйгөн. “Кубулжу менин ырларым” , “Ыр кесе” программалдарын бир канча ирет эфирге алып чыккан.
Нурбаев Зулунбек  “Маданият майданы” аттуу түз эфирдеги көрсөтүүну эки жылга чамалап алып барды. Аталган түз эфир аркылуу жаш композиторлордон баштап, улуу классиктерге чейин ырчылык, аткаруучулук өнөрүн жаңыдан аркалаган адистерден баштап, искусство чеберлерине чейин угуучу-көрүүчүгө жеткире алган.
Кийинки мезгилдерде Зулунбек Жолдошевич чыгармачыл түйшүктө бараандуу из калтырган атактуу таланттар тууралуу “Залкарлар” көрсөтүүсүнүн үстүндө эмгектенип, алар аркылуу элибиздин мыкты залкарларынын кыргыз маданиятына кошкон салымдарын кийинки муундарга мурас катары калтырууну көздөп келген.



скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019