Кыргыз Республикасынын эл артисти, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Эсенгул Жумабаев 80 жашта!

16 июль 2021
9-июльда Кыргыз Республикасынын эл артисти, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор, дирижер Эсенгул Жумабаев 80 жашка толду. "Жомоктон кийин", "Саадак какты" балеттеринин, симфониялык чыгармалардын, өзгөчө эл аспаптар оркестри үчүн жараткан көптөгөн чыгармалардын, күүлөрдүн, аваздык чыгармалардын автору Эсенгул Жумабаев бүгүнкү күнү да чыгармачылык менен талыкпай эмгектенип келет. Чыгармачылыгы тууралуу толугураак маалымат ушул сайттын "Композиторы" бөлүмүндө жайгашкан.скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019