"Композиторлор үйү" жаңыланууда
Мындан 80 жыл мурда курулган, Композиторлор союзунун имараты өткөн кылымдын 80-жылдарынан бери каралбай калган. Өкмөттүн токтому менен тарыхый жана маданият эстеликтеринин тизмегине кирип коргоодо турган бул имаратты оңдоп-түздөө иштери өткөн кылымдын 80-жылдарынан бери жүргүзүлбөй келди. Өкмөткө жазган каттар жардам бербеди. Ал эми имараттын кебетеси кеткенден кете берди. Быйыл өзүбүздүн болгон демибиз жана демөөрчүнүн жардамы менен имараттын сырткы кебетесин жылмалоо (“косметикалык ремонт”) иштери жүрүп жатат.