Сыйлык силердики - сыймык биздики!
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктардын ээси болушту. 3-даражадагы "Манас" ордени менен КР эл артисти Түгөлбай Казаков сыйланса, КР эл артисти наамына композиторлор Эсенбек Мааданбеков менен Исирадин Аманбаевдер татыды. Ал эми көрүнүктүү музыковед, искусство илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Дүйшалиев "Даңк" медалын тагынды. Наам, сыйлыктарыңар кут болун! Чыгармачылык ийгиликтерди жараткыла!