Юбилярлардын концерти (программа)

18 сентябрь 2021
Тажаткыр таажывирустун  айынан бир топ чыгаан композиторлорубуздун быйылкы жылдагы мааракелери татыктуу белгиленбей келет. КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Композиторлор союзу менен биргеликте Улуттук филармониянын чоң залында юбилярлардын кошмо концертин  20-сентябрь, саат 18-30 да өткөрмөкчү.
Чыгармалары аткарыла турган юбилярлар:

КР эл артисттери: - Жумабаев Эсенгул,  Жумалиев Сардарбек – 80;   
КР эл артисти - Малдыбаева Жылдыз,   КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер - Акимжан Жээнбай  – 75;
КР эл артисттери: - Казаков Түгөлбай,  Бөдөшов Атайбек , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер - Абдуллаев Адылжан – 70;
КР эмгек сиңирген артисти - Артыков Кадыралы - 60.

Көзү жоктор: КР эл артисти - Михаил Раухвергер – 120; композиторлор - Борис Глухов – 80, Жумашбай Касымбеков – 70, Тарас Асанакунов – 60.


20-сентябрь саат 18-30. Филармониянын чоң залы

КР Композиторлор союзунун юбилярларынын концерти:

Эсенгул Жумабаев.  “Үзүлгөн жомок”  -  симфониялык оркестр үчүн сүрөттөмө.
Түгөлбай Казаков.  “Боз жорго”. Симфониялык оркестр үчүн сүрөттөмө.
Адылжан Абдуллаев.  “Жар-жар”. Сөзү Жолочу Рысбаевдики. Аткаруучу КР эмгек сиңирген артисти Чырмаш Төрөбеков.
Жылдыз Малдыбаева.  “Караван” – симфониялык сүрөттөмө.
Кадыралы Артыков.  Симфониялык поэма.
Атайбек Бөдөшов.  “Кыргыз тоосу”.  Сөзү Токтосун Тыныбековдуку. Аткаруучу Гүлмира Жолдошева.
Жумашбай Касымбеков. “Эр Төштүк” балетинен сюита.
Акимжан Жээнбай. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. “Айкөл Манас”  хор жана урма аспаптар үчүн поэма.
Сардарбек Жумалиев.  “Гүлдө Кыргызстан”. Сөзү Кыялбек Урманбетовдуку.Атк. Талант Токомбаев. 
Сардарбек Жумалиев.  “Сен менин жазылбаган ырларымсың”. Сөзү Биримкул Алыбаевдики.Атк. Гүлмира Жолдошева. 
Тарас Асанакунов.  “Эрдик-легенда” Симф. поэма (1985-жылы Бүткүл союздук конкурста 3-орун алган)
Борис Глухов. “Фрески”. Симфониялык оркестр үчүн сүрөттөмө.
Михаил Раухвергер. “Чолпон” балетинен чоң вальс.

Концерттин катышуучулары:
 А. Жумакматов атындагы чоң симфониялык оркестр. Көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру КР эл артисти Рахатбек Осмоналиев, дирижеру Семетей Султанов.
Камералык хор – көркөм жетекчиси жана хормейстери КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлбара Маматова.

Концертте бир нече мыкты чыгармалардын бет ачары болот.скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019