Каракчылыкка каршы күрөш
Автордук укукту коргоо маселеси абдан актуалдуу болуп турган кез, Интернеттен пайдаланып, искусствонун бардык тармактарында уурулук, тагыраак айтканда каракчылык күчөдү. Ушундан улам 2021-жылдын 8-октябрында саат 14:00дө Кыргызпатент Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында контрафакттык продукцияларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү боюнча тегерек стол өткөрөт.
Тегерек столдо автордукук укук жана чектеш укуктарды, товардык белгилерди укуктук коргоо, инновациялар экосистемасын өнүктүрүү маселелери талкууланат. Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайлардын, бизнес коомчулуктун жана чыгармачылык бирикмелердин өкүлдөрү катышат.
Кыргызпатент каракчылык менен күрөшүүнү күчөтөт деп ишенели.