Мурзали Жээнбаев "Ак илбирсти" 4- жолу жеңди!

08 октябрь 2021
КР Композиторлор союзунун мүчөсү, композитор Мурзали Жээнбаев "АК ИЛБИРС" киносыйлыгынын эң мыкты музыка номинациясына 4-жолу ээ болду. Бул жолку сыйлык режиссер Мирлан Абдыкалыков тарткан “Жөө күлүк” толук метраждуу фильминин музыкасы үчүн берилди. Киномузыка боюнча чоң адиске айланган Мурзалини сыйлыгы менен куттуктайбыз жана мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди багынта берерине ишенебиз!
Композитордун чыгармачылыгы тууралуу толук маалыматты сайттын "Композиторы" бөлүмүнөн карагыла.



скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019