Композитор Кенжегазы Асанбаевдин эстелигинин ачылышы болду

23 октябрь 2021
Бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Кенжегазы Асанбаевдин эстелигинин ачылышы болду. К. Асанбаев өткөн жылы коронавирус күчөп турганда ошол оорунун айынан көз жумган. Эстелик ачуу тажыясында КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. Жаманкулов, композитордун коллегалары анын чыгармачылыгы тууралуу, иштеген жериндеги кесиптештери адамкерчилиги жөнүндө сөз сүйлөп, эскеришти.
Композитордун чыгармачылыгы тууралуу толук маалыматты "Композиторы" разделинен караңыз.скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019