Е. Лузанованы эскерүү кечеси
17-февральда саат 15-00 дө КР Композиторлор союзунун музыкалык салонунда чыгаан музыковед, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илимдеринин кандидаты, профессор Екатерина Сергеевна Лузанованы эскерүү кечеси өтөт. Кечеге Е. Лузанованын коллегалары, шакирттери жана туугандары катышат. Е. Лузанованын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу маалымат сайттын "Музыковеды" бөлүмүндө.