Асан Мурзабаевди эскерүү кечеси болот

09 март 2022
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Асан Мурзабаев көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Мындан 10 жыл мурда арабыздан кете берген. Изденгич, жаңычыл, заманбап композиторлук техниканы колдонууга ыктаган мыкты композитор, педагог эле. Чыгаан композитордун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын чоң залында 12-мартта саат 13-00 дө белгиленмекчи.
Кечеде композитордун камералык-аспаптык, аваздык, окестр үчүн жазылган чыгармалары аткарыдат. Концертке мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер жана консерваториянын студенттик оркестри катышат. Дирижер Медет Осмонов.


скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019