КРКСнын 2020-2021 отчёту

25 апрель 2022
Кыргыз Рсепубликасынын Композиторлор союзунун улам чакырылган чогулуштарда кворум жоктугунан  төраганын 2020-2021-жылдара жасалган иштеринин отчету өтпөй келет. Ошондуктан отчетту КРКСнун сайтына отургузуп коюуну туура көрдүм.

Урматтуу коллегалар! 2020-жылдагы пандемиянын азабынан катардагы бир нече мүчөлөрүбүздөн ажырадык. Белгиленген ар кандай иш чаралар өтпөй калды. Музыкадан муңубуз көп болду. Эки жылдын ичинде катарыбыздагы 9 адамдан ажырадык. Аларды атап кетпесек болбойт: композиторлор - Кубанычбек Осмонов, Кенжегазы Асанбаев, Жылдыз Малдыбаева, Жумашбай Касымбеков, Асек Абдыкеримов, музыковеддер - Балбай Алагушов, Екатерина Лузанова, Наталья Кумскова, Зулунбек Нурбаев. “Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун” дейли. Алардын жаркын элестери, калтырган чыгармалары, илимий иштери жашай берери бышык. Алар бу дүйнөдөн кетсе да, мүчө катары арабызда аттары аталып, чыгармалары аткарыла берери бышык.
Эми жакшы жактан баштайлы. Башкармылыктын чечими менен өткөн жылдын аягында жаңы адамдарды катарыбызга кошуп алдык. Алар:
Композитор Максатбек Сулайманкулов.
Музыковед Разия Сырдыбаева
Музыковед Мурат Касей
Эми ошондой оор учурга карабастан аткарылып кеткен иштерге кыскача токтолуп кетейин. 2020-жылга юбилейлери туш келип, бирок, шартка байланыштуу белгиленбей калгандыктан, өзүбүздүн ушул музыкалык салонубузда айрым композиторлорубуздун туугандарынын катышуусу менен 2020-жылдын акыркы айларында кече өткөргөнүбүзгө өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Алар Мукаш Абдраев, Акмат Аманбаев, Аскар Тулеев, Борис Фефермандын 100 жылдыктары, Чанай Жумакановдун 90 жылдыгы. Салонубузга ылайык алардын китепче болуп чыккан вокалдык чыгармалары аткарылып, М. Абдраев атындагы сыйлыктарыбыз композитор Исирадин Аманбаев менен музыковед Зулунбек Нурбаевге тапшырылган. Кече министрликтин өкүлүнүн катышуусу менен өткөн.
2021-жылы 8-мартка карата дагы ушул залда айымдарды куттуктоо кечесин өткөрдүк. Алардын китепче болуп басылып чыккан вокалдык чыгармалары аткарылды.
Жай айларынын башталышы менен музыковед Т. Саламатовдун кыргыз тилиндеги “Гармония” китеби басылып чыгып, министрликтин өкүлүнүн катышуусу менен бет ачарын өткөрдүк.
22-июльда мыкты обондордун республикалык конкурсу болуп өткөн. Жыйынтыгында Бакыт Алишеров менен Наргиза Курманова 1-орунду, Эсенгул Жумабаев 2-орунду, Молдояров Нуржигит (студент) 3-орунду, кызыктыруучу сыйлыктарга Жеенбаев Мурзали, Казаков Түгөлбай, Дооранов Таалайбек, Саламатов Тимур, Бактыгулов Сталбек, Букалаев Камчыбек ээ болушкан.
Учурдагы жагдайга байланыштуу 2021-жылда юбилейлери туш келген, Михаил Раухвергердин 120, Жумабаев Эсенгул, Жумалиев Сардарбек – 80, Акимжан Жээнбай, Малдыбаева Ж. – 75, Казаков Түгөлбай, Бодошов Атайбек, Абдуллаев Адылжан, Касымбеков Жумашбай - 70, Артыков Кадыралы,  Асанакунов Тарас – 60 жылдыктары композиторлорубуздун чыгармаларынан турган чоң концерт 20-сентябрда А. Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин аткаруусунда өттү.
20-ноябрда ушул салондо композитор Мариф Осмоновду эскерүү кечеси коллегалары жана туугандарынын катышуусу менен болду. Анын аспаптык жана аваздык чыгармалары аткарылды.
Орто жана жаш муундагы композиторлорубуздун ийгиликтерине токтоло кетпесем болбойт. Композитор Мурзали Жээнбаев мыкты киномузыка үчүн 4-жолу киночулардын “Ак илбирс” байгесин жеңип алды. Жаш композитор Баласагын Мусаев “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган “Акыркы көч” (реж. Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу) фильминин музыкасы үчүн Анапа шаарында өткөн “Киношок” Эларалык кинофестивалында “Толукметраждуу фильмдин мыкты музыкасы” байгесин жеңип алды.
Музыковеддерибиздин иштери көз жаздымда калып келет. Жогоруда мен айтып өткөн Тимур Саламатовдун “Гармония” китебин дагы бир жолу белгилеп өтөйүн. Илимий иштер жагынан алганда культурология илимдеринин доктору Чынар Уметалиева, искусство университетинин мугалимдери Мариям Көрпөбаева менен Алсаитова Динаранын эмгектерин белгилеп кетиш керек. Кыргыз композиторлорунун чыгармаларын популяризациялоодо радио жана теледе иштеген музыковеддерибиздин иштери алгылыктуу десек болот. Алар: Жамила Маматова, Гүлмира Кулжабаева, Жыпар Акматовалар. Арабыздан көзү өтүп кеткен Зулунбек Нурбаев да активдүү иштеп жаткан болчу.
Мындан 5 жыл мурда башталган маалымат китепчени чыгарууну колго алып, кеңешип бир музыковеддии жооптуу редактор шайлап, ишти алга жылдырбасак болбойт.
Чарбалык иштерге токтолоюн. Жай айларынан баштап ушул күнгө чейин имараттын сыртын жана ичин ремонттоо иштери жүрдү. 12 жылдан бери бийликтин ар тарабына жазган каттардан майнап чыккан жок. Кудай жалгап уулум жакшы акча тапканга жарап калып, демөөрчү болуп берди. Жылуулук берүү сезону аяктаары менен үнөмдөлгөн акча каражатка демөөрчүнүн кошумчасы менен оңдоп-түздөө иштери дагы да жүрүп жатат. Буюрса, концерттик залдын (салон) ремонту да болот.
Эми алдыдагы пландар тууралуу. Эң ириде юбилярлар тууралуу. 2022-жылы Болот Мамбеталиев аксакалыбыз 85 ке чыгат. Музыковед Оморов Аскар 80 ге чыгат. Ал эми Мааданбеков Эсенбек, Саламатов Тимур, Чокиев Турдубек 70 жашка, композиторлор Азыкбаев Курмангазы, Дооранов Таалайбек 60 жашты багындырып, Мурзали Жээнбаев 50 жашка толот экен.
Көзү өткөндөрдөн Асан Мурзабаев 80 ге чыкмак, кыргыз профессионалдык музыкасын түптөөдө опол тоодой эмгек кылган Владимир Власов менен Владимир Ференин 120 жылдыгын да белгилеп коюшубуз абзел.
Эми жогоруда аталган юбилярлардын кечелерин биздин музыкалык салонубузда жана концерттерин чоң оркестр менен белгилейбиз. Чүй камералык оркестринин жетекчиси Рахат Осмоналиев менен макулдашып, жакында Шубин мектебинини залында же филармониянын кичи залында концерт өткөрүү белгиленүүдө.скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019