Көрүнүктүү музыковед Сагыналы Субаналиев жарык дүйнө менен кош айтышты

05 ноябрь 2022
Урматтуу композиторлор жана музыковеддер! КР Композиторлор союзу удаа-удаа оор жоготууларга дуушар болуп турат. Жакында эле композитор Совхозбек Айткеевди акыркы сапарга узаткан болсок, эртең 6-ноябрьда КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илимдеринин кандидаты, музыковед Сагынаалы Субаналиев агабызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөнү турат. Дареги 12 мкр. 37, үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына, тууган-туушкандарына терең көңүл айтабыз.

Сагыналы Субаналиев - Кыргыз профессионалдык музыкасынын өнүгүп-өсүшүнө зор салым кошкон инсан. Музыка дүйнөсүнө байланышкан илимий эмгектери, маданият тармагында иштеген жетекчилик кызматтары менен кыргыз элинин кыйырына белгилүүлүккө жетти. Коомдук иш менен илимий иштерди бир катарда алып жүрүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бул С. Субаналиевдин мыктылыгы болчу.
Дүйнөлүк, регионалдык ар кандай илимий-практикалык конференцияларга, симпозиумдарга, конкурстарга  катышып, ал жерлерде жасаган докладдары, жазган эмгектери эларалык илимий эмгектердин катарында басмадан жарыкка чыккан.
  “Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары”, “Чоорлор”, “Кыргыздардын салттык музыкасы жана аспаптары” аттуу китептер Сиздин кыргыздын улуттук аспаптарын изилдөөдөгү изги иштеринин далили. Ал эми “Музыка” аттуу терминдердин түшүндүрмо сөздүгү ар бир музыканттын колунан түшпөгөн китебине айланары алдыда турган иш.
скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019