КР эл артисти, композитор Сталбек Бактыгулов акыркы сапарга узады...

31 август 2023
Кыргыз музыкалык маданияты орду толгус жоготууга учурады.
69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Даңк” медалынын ээси, композитор, жазуучу, журналист, профессор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Бактыгулов  СталбекАлтымышович дүйнөдөн кайтты.
Сталбек Бактыгулов 1954-жылдын 7-октябрында Чүй районунун Кегети айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Музыкага, поэзияга, прозага тартылуусу эрте байкалган.
1968-жылдан баштап мектеп окуучу кезинде Сталбек Бактыгуловдун ырлары, этюддары, макалалары райондук жана республикалык газета-журналдарга жарыяланган.
Орто мектепти аяктагандан кийин, Сталбек Бактыгуловдун тандоосу музыка жана адабият болгон.
Адабий чыгармачылык менен өз алдынча алектенсе болорун, ал эми профессионал музыкант болуш үчүн сөзсүз түрдө атайын музыкалык билим керек экениндигин түшүнүп Сталбек Бактыгулов кесиптик даярдыктын бардык этаптарынан өткөн.
1972-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын плектр классы боюнча элдик музыка бөлүмүнө тапшырат. Бир жыл окуган соң ал теориялык бөлүмгө которулат жана окууну аяктайт.
1976-1981-жылдары Сталбек Бактыгулов Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы КМИИнин композиция бөлүмүндө профессор Мукаш Абдраевдин классында билим алат, кийин доцент Таштан Эрматовдун классында билим алуусун улантат. Мукаш Абдраевден дагы сабак алат. Окууну аяктап  1979-жылы Сталбек Бактыгулов В. В. Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик Кыз-келиндер институтунда (КЖПИ) мугалим болуп эмгектенет. (азыркы И. Арабаев атындагы университет).
Сталбек Бактыгылов симфониялык, камералык-аспаптык чыгармалардын, драмалык спектаклдердин музыкаларынын, ырлардын жана хорлордун адабий чыгармалардын автору.
Анын «Балдар альбому», фортепианолук сонатасы, сонатинасы, фантастикалык бийи, экспромту, скерцосу Москвада, Бакуда, Санкт-Петербургда, Израилде, Голландияда, Индияда, Казакстанда Өзбекстанда, Азербайжанда, Арменияда, Литвада жана Латвияда аткарылган.
Ал жаратылышынан кылдат байкагыч таланты менен замандаштарынан айырмаланган. Ошол таасирлерди музыкалык жана адабий чыгармаларында эң сонун айкалыштырып өлбөс чыгармаларды жаратып келген.
Композитордун көп кырдуу, жемиштүү ишмердүүлүгү кыргыз маданиятынын тарыхында көрүнүктүү изин калтырды. Симфонизмдин кыргызча салттуулугун улантуучу композиторлордун бири болуп, эч кимге окшобогон оригиналдуу чыгармачылыгы менен музыкада жана адабиятта калтырган эмгектери келечек муунга калат.
Сталбек Бактыгуловдун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар менен сыйланган.
2004-жылдан эл аралык Айтматов сыйлыгы ыйгарылган;
2008-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган;
2020-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы ыйгарылган.
Сталбек Бактыгуловдун сахналык жанрдагы жараткан чыгармалары:  “Күмүш камчы”. Т. Касымбековдун “Кел-кел” романы боюнча жазылган бир актылуу балет. Бет ачары 2002-жылдын 30-майында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялуу опера жана балет театрында болуп өткөн. «Курманжан Датка» 4 актылуу балети (2010-ж.)
20дан ашык симфониялык чыгармалары: № 1-симфония (1981-ж. 2-редакциясы 1989-жыл), № 2-симфония (1983-ж. 2-редакциясы 1991-ж.), № 3-симфония (1896-ж. 2-редакциясы 1992-жыл), № 4-симфония (1998-ж.), “Жаңыл Мырза” симфониялык поэма (1979-ж.) ж.б.
Үч вокалдык-симфониялык чыгармалары: “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” Вокалдык симфониялык поэма, Сөзү Т. Сатылгановдуку (1984-ж.), “Кыргыз жери – Мекеним”,  Б.Абакировдун сөзүнө жазылган кантата (1995-ж.). 1999-ж. редакцияланган), “Кыргыз жерин даңктаймын”, Н. Алымбековдун сөзүнө жазылган кантата (1995-ж. 2-редакциясы 2000-ж.).
10дон ашуун камералык-аспаптык чыгармалары: № 1. Фортепиано үчүн соната (1977-ж.), № 2 (1979-ж.), № 3 (1980-ж.) Валторна жана фортепиано үчүн 3 бөлүмдөн турган чоң соната (1982-ж.), Фортепиано үчүн сонатина (1981-ж.), Скрипка жана фортепиано үчүн романс (1981-ж.), Фортепиано үчүн балдар альбому (1981-ж.) ж.б..
20дан ашык драмалык спектаклдер үчүн жараткан чыгармалары: К. Баялинов “Ажар”. К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмалык театрында коюлган (1986-ж.), Ч. Айтматов “Кыямат”, М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында коюлган (1988-ж.) ж.б.
60тан ашык вокалдык жараткан чыгармалары: “Даярмын” сөзү Д.Кененбаевдики - 1974-ж., “Жеңиш ээси Мекеним” сөзү Г. Момунованыкы -1974-ж., “Солдатмын” сөзү Б. Абакировдуку -1974-ж., “Өскөн жер” сөзү С.Кубатованыкы -1988-ж., “Сен деп жүрөм сени билбей” сөзү автордуку -1982-ж., “Кыргызстаным -гүлистан” сөзү автордуку -1982-ж. жана башкаралар.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Бактыгуловдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун бир туугандарына, жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019