К. Молдобасановдун маеги

28 сентябрь 2023
28-сентябрь СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Социалисттик Эмгектин баатыры, композитор, дирижер, профессор Калый Молдобасановдун туулган күнү. Анын көзү өтө электе белгилүү радиожурналист Тенти Орокчиев композитор менен өзүнүн стилинде маек куруптур. 2020-жылы Тенти  аке ошол маекти “Кербез” журналына басууга алып келген. Анан кара баскыр ковид оорусу дүйнөнү каптап журнал чыкпай, токтоп калды. 2021-жылы Т. Орокчиев бу дүйнөдөн өтүп кетти. Компьютерди аңтарып-теңтерип отуруп ошол маекти таап алдым. Залкар композитордун кызыктуу маегин үтүр, точкасын оңдобой туулган күнү жарыялап койдум.

О. ТЕНТИ: -  Калый ага,  сизди студияга чакырып кең- кесири маектешүүнүн алдында турабыз. Сиз чын-чынына келгенде эне сүтүңүз менен музыкага, адабиятка, элдик сөз өнөрүнө,  комуз күүсүнө каныккан адамсыз. Сиздин он, он беш, жыйырма жаштан кийинкилериңизди айтпай эле коеюн, кандай музыканттар, кандай адамдар менен кез болдуңуз? Сөзүбүздү адегенде өзүңүздүн атыңыз жөнүндө кеп кылалы. Албетте, атаңыздын атын билбеген кыргыз жок. Деги эле, бүгүн биринчи сөздү өз атаңыз Молдобасан карыяны эскерүүдөн баштаса,- деген ойдомун.
М. КАЛЫЙ:  - Сен муну туура айтып жатасың. Себеби, ар бир элдин ырчылары, акындары, өздөрүнө сыймыктанчу кишилери болот. Атамды да ошондой сыймыктуу кишилердин биринен деп эсептеймин. Анткени, атам жаш кезинен баштап “Манас ” айтып комузду да жакшы чертчү. Ал айтылуу Муса бала кезинде Бишкекке чейин атына учкаштырып келип,  ырчылык чоң өнөргө сапар тилегенин көп кеп кылып калаар эле. Ал үйгө келген сайын:
- Молдоке, байке деп атама сый урмат менен мамиле кылып жүрчү. Атам 1932 - жылдан баштап Бишкекке келген. Андан мурун Нарында турчубуз. Мен кичинекей кезим. Ошол жерде кичине радиостанция бар болчу. Ал үй азыр да бар. Атам Актан Тыныбеков менен бирге ошого барып,комуз чертип жүрдү. Ал санжырачы да киши болгон. Андан башка Асаналы Ошуров деген комузчу да ошол Нарын аймагына радио беришчү го. 1936 – жылы филармония уюшулганда аны чакырып кетишти. Андан көп деле убакыт өтпөй бизди Нарындан көчүрүп келишти. Мен кичинекей кезим, эл комиссарлар Советинин төрагасы Исакеев өзүнүн машинесин берип Бишкекке келдик.
О.ТЕНТИ: - Алты, жетидеги чагыңыз болсо керек ?
М.КАЛЫЙ : - Ооба, 1936-жылы мен жетиге чыгып, кадимкидей эс тартып калган кезим. Мусанын  Алыбай  деген жалгыз иниси бар эле. Ошол киши барып бизди көчүрүп келгенден кийин, эсимде калганы орус драма театры турган жерде кыргыз театры болчу. Ал жерде опера, драма, филармония үчөө тең бирге эле. Ошонун маңдайында кичинекей жалпак-жалпак тамдар болгон. Муса байкем ошол жерде экен.
О.ТЕНТИ: - Сиздер көчүп келгиче эле?
М.КАЛЫЙ: - Ооба, Мусалар мурда кетишкен да. Биз андан бир жыл кийин келип, түз эле Мусанын үйүнө түшүп калдык. Кичинекей  үй экен, ошол жерде  алар менен бирге үч, төрт ай чогуу жашап турдук. Эми азыр бир эле үй-бүлөө төрт, беш бөлмөгө батпай атпайбызбы? Анда кичинекей эле бөлмөгө батчубуз.                                             
Эки – үч күн өткөндөн кийин:
-Оой Мокем, Мокемдин аялы, үй-бүлөсү келиптир, - дешип Мураталы, Атай, Карамолдо аталардын баары чогулуп учурашып, бирге олтуруп тамак ичишип калышты. Атам дайыма мени театрга ээрчитип алчу. Анда атам да, Калык, Карамолдолордун баардыгы Шубиндин кол астындагы оркестрда ойноп жүрүшчү. Ал кийин Карамолдо атында болуп калбадыбы. Аны эң биринчи Шубин түзгөн. Мектепке бара элек кезимде эле алардын көнүгүүсүнө да кошо барчумун. Шубин  мени көргөндө эле,  музыкалык кабылдоону  угуп текшерген го? Ал мага абдан кызыгып калды. Ошентип, атам аркылуу оркестр менен тааныштым. Кийин биз бир жак башында, Муратаалы аксакал экинчи башында бир үйдү ээлеп туруп калдык.  Азыр Тургунбай  Сыдыковдун “ Революциянын каармандары ” аттуу чоң эстелиги орнободубу? Дал ошол жерде филармониянын  үйүндө жашачубуз. Бизди дайыма бир күнү бирөө, экинчи күнү дагы башкалар конокко чакырышаар эле. Атам, апам дайыма ээрчитип алчу.
О.ТЕНТИ: - Жалгыз үйдө калтырышпайт да!
М.КАЛЫЙ: - Ушул кезге чейин эсимде калган нерселер көп. Алар чогулуп олтурушканда көбүнчө өткөн ата-бабалардын тарыхынан кеп козголчу. Андан тышкары ар түрдүү жомокторду айтышып, ырдап комуз чертишип тарап кетишчү. Азыркыдай эки кишинин башы бириксе арак ичүү, болор болбосту талашып кыжылдашуу деген,  а кезде жок эле.
О.ТЕНТИ: - Ичишсе бозо, кымыз ичишээр. Андан башка ичкилик деле жокко эсе болсо керек?
М.КАЛЫЙ: - Ооба, бозо, андан башка аз-маз вино ичишчү. Таң аткыча олтуруп жакшынакай таркап кетишчү.
О.ТЕНТИ: - Катураак, оройроок айтылган сөз угулчу эмес да!
М.КАЛЫЙ:-  Эч качан, кийинкиге чейин алар менен көп эле аралаш жүрдүм, бир дагы укканым жок. Азыр болсо го бир башка.
О.ТЕНТИ: - Эми болсо кадам сайын угулуп жатпайбы?
М.КАЛЫЙ: - Ооба чындыгында ошондой болуп атат.
О.ТЕНТИ: - Калый ага,  отузунчу жылдардын орто ченин жакшына элестеп, а кезде 7-8 жаштагы чагыңыз экен. Ошолорду жакшына эскерип өттүңүз. Эми атаңыз Молдобасандын мүнөзү баскан- турганы, сүйлөгөнү кандай эле? Ал балдарына жоро-жолдошторуна жасаган мамилесинен сөз козгосоңуз? Ал гана эмес атаңыздын үнү кандай эле?
М.КАЛЫЙ: Атам азыркы тил менен айтканда абдан маданияттуу адам эле. Мисалы: эң сонун акын Ысмаил Борончиев айтылуу “ Кош Алыке ” деген төкмө ырында көптөгөн кыргыздан чыккан ырларды, акындарды, манасчыларды кошуп келип:   Каз, өрдөктөй кулпунуп,
         Карганча кооз жасанган.
         Салмагына баа жеткис,
Салттуу кары атанган.
Карган кезде айрылдык,
Кайран Молдобасандан, - деген мүнөздөмө өтө так, таасын айтылган. Ал киши таза кийинип, бир жакка барганда кечикчү эмес, кечиккен кишини да жаман көрчү. Бирөөлөргө жаман айтып, кыжы-кужу болуп аткан учурун бир да көргөнүм жок. Өзү салмактуу, бою да , айткан сөздөрү да өзгөчө болчу.
О.ТЕНТИ:  - Бою бийик адам беле?
М.КАЛЫЙ:  - Бийик, өзү хан сыяктуу зыңкыйган келишимдүү жан эле. Анын дагы бир касиети үйгө киши келбей калганда кемпирине:
- Ай байбиче, эмне келбей калышты? Бүгүн жок, - деп турчу. Себеби, Долондун нары жагы Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаалыктардын баары эле түз эле биздикине түшүп калышчу. Мурда азыркыдай мейманканалар  жок эле. Алар бирдеме- сирдемелерин алып келишип биздин үйдө жатышаар эле.
О.ТЕНТИ:  - Эч жакка барышпастан.
М.КАЛЫЙ: - Эч жакка барышпай . О. Мокемдикине дешип эле кайрылып калышчу. Аларга атам Манасынан айтып, андан тышкары “ Курманбекти ”, “Жаныш-Байышты” да айтчу. Атамдын 1929- жылы Казаньдан басылып чыккан “Жаныш-Байыш” китеби бар. Ушул сыяктуу эпосторду мыкты айтчу. Акындык жагы бир топ күчтүү болчу. Өзү: - “ Манасты” деле бир топ айтам, бирок андан да , “ Семетейим” күчтүүрөөк деп калчу. Мен ал учурда баламын, андай-мындай каяктан билем, атамдын Калбото деген агасы дагы  манасчы болгон. Ал айтылуу Тыныбектин окуучусу экен. Ошондон үйрөнүп калдым, - деп айтчу. Ал киши өзү тартипти абдан жакшы көргөн адам эле.
О.ТЕНТИ: - Калый ага, сиз Молдобасан атанын мүнөзүнө, баскан – турганына чейин кыска болсо да бир топ элестүү мүнөздөмө бердиниз. Сиз жогоруда “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” сыяктуу кыргыздардын көп-көп эпосторун ыр менен айтчу деп жатпайсызбы. Ошол сыяктуу дагы кызыктуу жомоктордон айтып бергени эсиниздеби?
М.КАЛЫЙ: - Ооба, алардын көбү эстен чыгып кетти. Ал гана эмес өзүм жазган ырлардын тексттерин да жаттай албайм. Бир окуяны айтып берейин. 1949- жылы болсо керек. Ат – Башыга барып калдык. Биз өзүбүз Ак-Талаалыкпыз да. Анда Орто-Сырт деген жайлоо бар. Ошол жерде жыл сайын бир үй тиктирип, жылкы сойдуруп, бээ байлатып, аларга кошумча 30-40 козуну байлап беришчү.                Ошол  Орто-Сыртта “ Молдобасандын колоту ”  деген колот бар. Азыр ал көп айтылбай калды, илгери:
- Мокемдин колотуна барабыз, - дешип ошол жерге үй тигип коюшчу. Өзү да эң кооз жер. Анан биздин улуу эжебиз Ат-Башыга турмушка чыккан. Томотоев деп угуп жүрсөңөр керек. Ошол Томотойдун инисине чыккан. Базарбайдын апасы биздин эжебиз. Ошолор Ат-Башыдан Орто-Сыртка келип калышты.
- Мокем Орто-Сыртта эс алып аткан экен, конок болуп кеткиле дешти. Атамдын тор жорго деген жакшы жоргосу бар эле. Аны апама мингизди, өзү бир айгыр, мен бир кунан минип, Ат-Башыга жөнөдүк. Биз алар турушкан “Пограничник деген айылга” келсек, бизге арнап чоң боз үй тигип коюшуптур.
О.ТЕНТИ: - Меймандарга деп дайындап коюшкан да.
М.КАЛЫЙ: - Ооба даярданып, тайларын, койлорун союшуп дегендей, а кезде көп башкачараак эле. Кечинде биз түшкөн боз үйгө айылдын аксакалдары келишип , тамак желип болгондон кийин алар:
- Моке, сиз баягы “ Жаныш-Байыштан ” айтып берсениз, деп суранышканда   атам да болуптур, -  деп баштап калды. Ошондо үйдүн туурдуктарын түрүп коюшту.
Көрсө, үйдү тегерете курчап эл олтуруп калган экен. Баары үйгө батышпайт да, үйдүн ичинде көбүнчө аксакалдар олтурушту. Менимче “ Жанышты ” кечки саат 9-10дордо айтып баштады, угуп олтурдук. Тигилерден эч ким кетишпейт,бир маалда уктап калыптырмын, көзүмдү ачсам таң агарып атып калыптыр. Эл жаңы эле тараптыр. Алар жаңы эле бүттү, -  дешти. Айланамды карасам бир топ кемпирлер ыйлап атышат. Ошондо атам таң аткыча ырдап, калганын да башка күнү ырдап беремин, -  деди. Ал киши абдан жакшы айтаар эле, обону да сонун болчу. Атам                    “ Манас ” менен “Семетейди” машын  келтирип жакшы айтчу. Ал жөнүндө Виноградов, Затеевичтер жазып кетишкен.
О.ТЕНТИ:  -  Сүрөттөп жазышкан экен да!
М.КАЛЫЙ: - Анын манерасы ырдаганы сонун, - дейт.
О.ТЕНТИ: - Калый ага,жогоруда атаңызды эскерип жатканда аны менен бирге Шубинди да кошо эскере кеттиңиз. Сиз 7-8 жашыңызда Бишкекке келгенден тартып таанып, жакшы көрчү, ал гана турсун маңдайыман сылачы эле, - деп жатпайсызбы. Шубин кыргыз маданиятына берилген, берилип эле эмес, жакшылап иштеген, келип-келип оркестр түзгөн орустун эң сонун адамын да эскере кетсеңиз?
М.КАЛЫЙ: - Ал мындай, анда филармониянын өзүнүн имараты жок. Азыр Кызыл Октябрь менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде эгин кампасынын имаратынын экинчи жагына репетиция кылышчу. Ошого эле жакын офицерлер үйү да орношкон.
О.ТЕНТИ: - Ооба, азыркы достук эстелиги орногон жерде офицерлер үйүнүн имаратын биз дагы көрүп калдык.
М.КАЛЫЙ: - Дал ошонун залында репетиция  өткөзгөндө, мен сабактан чыккандан кийин убактым болгон учурда ошол жерге барып калчумун. Шубин мени Коля деп койчу. Ал көрүп эле менин музыкалык ритмимди текшерип, колу менен столду ургулап аны кандай аткарат деп ушул сыяктуулардын баарын аткартып,           мага: - абдан жөндөмдүү, - деп аябай кызыгып калды. Кийин 1941-жылы уруш башталып кетпедиби. Ошондо оркестрде иштеп жүрүшкөн жигиттердин баардыгы согушка кетип, оркестр иштебей кала турган акыбалга келди. Алардан тышкары жаштары 50дөн өткөн аксакалдар гана калышты. Бир күнү атам командировкага кеткен. Шубин көчөдөн кезигип:
- Ай Коля, биздеги жигиттердин көбү аскерге кетти. Сен иштейсиңби?, - деди. Мен он экидеги бала, ага мурдатан бери эле кызыгып жүрчүмүн.
- Келем, -  дедим. Анда Жетикашкаев деген директор эле. Шубин мени ошол кишиге ээрчитип кирсе:
- Эми муну окуудан кантип айрыйбыз. Албасак да болбойт. Оркестрибиз тарачу акыбалга келип жатат деп, мени алган буйрукка кол койгон. Ал эртеси күнү аскерге кетип ошо бойдон келбей калды. Мен ошентип, 1942- жылы он үч жашымда оркестрга келип кирдим.
О.ТЕНТИ:  - Мунуңуз абдан жакшы. Эми Шубин менен бирге Калык, Карамолдо, Ыбырай сыяктуу атаңыздын замандаштарын да эскере кетсеңиз. Сиз дайыма эле бири-бирин чакырышып, кээде алар биздикинде, кээде алардыкында биз болуп ал гана эмес атаңыз:
- Бул эмнеси, бүгүн үйгө мейман келбей калды,- деп тынчсызданып турчу деп жатпайсызбы?
М.КАЛЫЙ:  - Улуу Тоголок атабыз менен бир жерлик эмеспизби. Ал киши Бишкекке келгенде түз эле биздикине келчү. Өзү чүкөдөй кичине киши эле. Ал тиги жактан келгенде:
- О Моке,  мага Калыйды кошуп бер, орусча билбейм да - деп, ал мени котормочу кылып ээрчитип алчу. Тиги Москва жана башка жактан жазуучулар, илимпоздор келишкенде баардыгын мен которуп берчүмүн. Ал киши да: - Моке деп атамды абдан кадырлачу. Атам да:
- Оой Молдоке деп, атам да илгерки сөздөрдөн кеп башташчу. Ал жаш кезинде басмачынын колуна түшкөнүн, атамды да манаптар байлап кетишкендерин сөз кылышчу. Ошондой эле, Калык ата көп келип биздин үйдө конуп калчу. Ал кишинин акындык таланты күчтүү эле да.
Албетте, чоң төкмө эле да! Обону кичине башкараак эле. Атам да ал кишини абдан жогору баалачу. Алымкул ата да келчү, ал сыпаа, манап чалыш, баскан-турганы, ырдаганы баары тең бирдей эле да! Карамолдо аксакал болсо биздин маңдайыбызга кошуна туруп калды.
О.ТЕНТИ:  - Бир үйдөбү?
М.КАЛЫЙ:  - Ал киши көп сүйлөбөгөн татынакай отуруп комузун чертчү. Атай аксакал көп келчү. Мен дагы комуз чертип оркестрде иштеп жүрдүм. 1953-жылы, Айманбетов менен Кулболдиевдер менен бирге Сейдалы Медетов экөөбүздү ансамблге кошуп койду. Ошол аксакалдардын эң улуусу Мураталы болчу, аны Муке, - дешип, ага чайларын да биринчи сунуп сыйлап турушчу.                                      Андан кийин эле атамды: - кокуй Моком келди, - дешип калышчу. Калык атама гана тигиндей-мындай дечү эмес, ал эми башкаларды болсо ыр менен сөз менен катырып таштоочу. Мен кийин оркестрде чогуу иштеп, Кыргызстанды түтүнүнө түрө кыдырып бирге жүрүп калдык. Ошол оркестрдин өзү эле айылдарга барбайт да, аны менен кошо жогоруда аттары аталган чоң таланттар бирге жүрүшчү. Ошондой эле Чалагыз аксакал да өтө назик, адамгерчилиги бийик, санжырачы десе санжырачы, комузчу десе комузчу эле. Анын дагы бир чоң өнөрү мүнүшкөрлүк кылчу. Ушулардын баары менен бир нече жыл бирге жүрдүм.
О.ТЕНТИ:  - Ооба, эл жерди кыдырып, айылдарга концерт берип жүрдүңүздөр. Анда аксакалдар араба болсо арабага олтурушат, ал эми сиздер канча аралык болсо да жөө жүрмөй?
М.КАЛЫЙ:  - Эгер алар болушпаса оркестрди, эч бир жер кабыл алышмак эмес. Оркестрдин көпчүлүк элге бир тыйынча да кереги жок. Ошол жылдарда мен барбаган бир дагы кыргыз айыл жергеси калбаса керек.
О.ТЕНТИ:  - Эми Калый ага , сиз атаңыз баш болуп акыры Калык, Карамолдо, Чалагыз аксакалдарга чейин эскерип жатасыз .Ошондой эле согуш учурун айтпаганда да 50-жылдарга чейин унаа маселеси да абдан тартыш болгонун да жакшы эскердиңиз. Кийин –кийин гана автобуска жетишип калышты. Ошондой жол азабы, көр азабы болуп жүргөндө,  жогоруда аттары аталган  улуу кишилер менен байланышкан кызык окуялардан да эскере кетсеңиз? Мисалы: Калык аксакал мененби же сиздин атаңыз Молдобасан аксакал  менен болобу, ким менен болсо дагы?
М.КАЛЫЙ:  - Андай кызыктар ал кезде көп болду. Раматылык Ысмайыл аксакал арабадан жыгылгандарын, суу-дайралардан кантип өтүшкөндөрү жөнүндө окуяларын көп айтчу. Мен ал кезде кичүүлөр улууларды урматтап сыйлашкандарын айткым келет. Муса болсо кыргыздын эң сүймөнчүлүктүү ырчысы жана эркеси болгон. Ыбрай Туманов аксакал башчылык кылып көлдө жүрөбүз. Биз барганда эле башкарманыкына же селсоветтин үйүндө болчубуз. Мени алар Мокемдин уулу, -дешип катардан калтырбай ээрчитип алышчу. Бир жерде чай ичип, аз-маз арак да ичилип калганбы, Мусакем аз-маз кызуураак болуп калган экен. Ал олтуруп бир келин менен айтыша кетип бир убакта оройроок сөз оозунан чыгып кетти окшойт. Анда нары жакта олтурган , эч качан сүйлөбөгөн Ыбрай аксакал:
- Ой Муса, шүк деди. Шүк дегени токтот, - дегени да. Ошондо Муса тигил кишини бир карап алды да дым эле болду.
О.ТЕНТИ:  - Эч кандай үн дагы чыгарган жокпу?
М.КАЛЫЙ:  - Эч кандай, азыркы биздин балдарчылап, эмне жумушуң бар. Сен эмнеге мени тыясың, - деген жок. Кичине кызуураак болсо да “шүк” дегенден кийин үн чыгарган жок. Мен ушул кезге чейин  ошол кишилердин арбагына ыраазымын. Азыр андай жок да. Ошону үчүн аларды кудай арбак колдогон сыяктуу. Алардын бирөө да жогорку окуу жайын, консерваторияны бүттү деген жок. Кээ бирөө колду араң коюшат. Атам раматылыктын дагы бир касиетине токтоло кетейин. Ал кезде азыркыдай электр жок. Ал башында арапча жазчу. Кийин латынчага өттү да. Ошол латын тамгасындагы кол жазмалары азыр академиянын фондусунда болуш керек. Биз 1940-жылы орус тамгасына өткөндө маңдайына шам чыракты жактырып коюп орусту да өздөштүрдү.
О.ТЕНТИ:  -Абдан эле эмгекчил, өжөр киши экен да.
М.КАЛЫЙ:  - Абдан мээнеткеч адам эле.
О.ТЕНТИ:  - Эми ошондо кеминде 50дөн өтүп калган кези болсо керек?
М.КАЛЫЙ:  - Ооба, ооба, азыр элүүдөгүлөрдүн көпчүлүгү антишпейт. Ошондо атам: Мен сөзсүз үйрөнүшүм керек - деп эң алгач латын, андан соң орус тамгасын үйрөнгөн эле. Албетте, абдан өздөштүрүп бүтө албаса керек. Бирок, аракети абдан күч болчу. Атамдын оозунан “Манас” менен “Семетейдин” 150 миң сабын Курманжан деген эже келип жазды. Андан башка Ыбрайым молдо да жазды. Сен жогоруда араба деп арабаны эскерип жатпайсыңбы. Ошол жөнүндө да айтып өтөйүн. Бу түндүктөгү Талас, Ысык-Көл, Нарындарга айрымда автобуска түшүп барчубуз. Ал эми Ош, Жалал- Абадка поездге түшүп жөнөчүбүз. Айылдан-айылга барганыбызда чемодан-чумадан дегендер айрымдарыбызда эле болбосо, көпчүлүгүбүздө жок. Колдо болгон куржунубузду арабага салып, орто жаштан өтүшкөндөр арабага олтурушат. Ал эми абдан аксакалдар  атка  минишет. Биз болсок комузубузду колго алып алардын артынан жөө жөнөмөй. Ал эми азыр жеңил машина бер, автобус бер деген талап анда таптакыр болчу эмес. Ушуларга байланыштуу дагы бир мисалды эскере кетейин. 1947- жылы же 1949- жылы бекем, Ош тарапта жүрсөк, бул жактан Раззаковдон:   - Силер ошондон эле ары, Тажикстандагы Тоолуу-Бадакшанды тейлеп келгиле, - деген кагаз келип калыптыр. Ошондо  “ЗИС 5” деген дагы бир машина бар. Ошонун үстүнө тактайдан отургуч жасап олтурдук, аксакалдар кабинага олтурушуп жол тарттык. Памирден миң чакырымча Мургапка чейин барып, ал жердеги колхоздордун биринен экинчисине чейинки аралыгы кеминде 30-40 чакырымдай бар. Өзү да Ысык-Көлдүн батышындагы Балыкчы шаары тургандай кумдак, таштуу жер болот экен. Айылдары да өтө чакан.
О.ТЕНТИ:  - Ал кезде иргелеше элек да!
М.КАЛЫЙ:  - Ооба, аксакалдар концерт беришип, аларды конокко чакырышып, эгерде конок жетпей калса кадимкидей чатак чыгарышып:
- Эмне үчүн биздикине келишпейт, - деп бир жигит кадимкидей урушуп, казанды көңтөрүп жиберем деп, мени дагы бир эки орус жигиттерин ээрчитип барып коноктошкону эсимде. Ошондо үстүндө эч кандай жабуусу жок машина менен барып жана кайра кайтып келгенбиз.
О.ТЕНТИ:  - Эми ошол бери болгондо 700-800 чакырым  аралык да!
М.КАЛЫЙ:  -  Албетте, албетте, бир жол жүрүп бара жаткан өзөндүн наркы өйүзү Ооганстан. Бир күнү балык кармаймын деп бир орус балабыз сууну кечип кетип, ошол жердеги чек арачылар:
- Кокуй, кокуй минтишке болбойт. Сен мамлекеттик чек араны бузуп жатасың, - деп араң  бери жакка чакырып алышкан. Ошол сыяктуу окуялар көп болду.
О.ТЕНТИ:  - Эми Калый ага, сиз жогоруда өмүр баштыгыңызга түздөн-түз себепкер болушкан адам жөнүндө бир топ эскердиңиз. Деги эле сиз кандайча болуп музыка дүйнөсүнө аралашып калдыңыз? Ал деле белгилүү болуп турат. Мисалы, Шубиндин чакырып оркестрга кабыл алганы, эми аны да өркүндөтүш, илгерлетиш, байытып чыгармалардын үстүнөн иштеш керек. Сиз эми ушул жагдайга токтоло кетсеңиз?
М.КАЛЫЙ:  -   Мен 1942- жылдан баштап оркестрда иштеп, андан кийин комуз чертип жүрүп артисттикке өттүм. 1944-жылы согуш бүтө элек кез. Демилге каяктан, кандайча болуп көтөрүлдү ?  Орто Азия элдери менен Ташкентке бардым да кыргыздын бир топ аксакалдары ошол жерде экен, ал он күндүктө кыргыздын хору биринчи орунга татыды. Ошолордун катарына мен да кирип калдым. Анда Молдогазы Токобаев деген жазуучу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин  төрагасы эле. Мына ошол кишинин колунан Жогорку Советтин мактоо грамотасын алдым. 1939-жылдагы Кыргыз маданияты менен адабиятынын 10 күндүгүндө бир топ катышуучулар ордендер менен сыйланышкан. Ал учурда ордендүүлөрдү абдан сыйлашаар эле. Бу күндөрдө баатырыңды деле тебелеп кетип жатышпайбы. Ошентип, ошол жылдары Власов, Фере, Малдыбаевдер оркестрге көбүрөөк келип, биз үчүн музыка жазышчу. Анан сен кандайча музыкант болуп калдыңыз  -  деп да сурап жатпайсыңбы?
-1945-жылдан баштап эле оркестрда такай иштеп, жакшылап көнүгө баштап, бир топ репертуарын өздөштүрүүгө жетишип калдым. Ошентип алдымда, дагы-дагы жаңылыктарды табышым керек деген ой пайда болду. Ошентип, музыкалык орто окуу жайына кирдим, ошол орто окуу жайынын скрипка классында окуп жүргөн жылдарда Миронович дирижерлук классты ачты. Ошондо мен, Давлесов, Сейдалы Медетов үчөөбүз дирижер бөлүмүнө Москвага кеттик. Мен 1954-жылы бүтүп келдим. Ошондо эмнегедир ыр жазгым келет да.
О.ТЕНТИ:  - Өзүнөн- өзү элеби?
М.КАЛЫЙ:  -  Ооба, “ Айчүрөккө ” дирижерлук кылып аз-маз тажрыйба топтолуп калгам. Сөз “Айчүрөк” жөнүндө башталып калгандан кийин, ал опера жөнүндө да айта кетейин. Ошол 1954-жылы мен, “Айчүрөккө” дирижерлук кылып Айчүрөктүн ролун Кийизбаева , Күлчорону – Малдыбаев, Боталиев  –  Чынкожону, ойношкон. Биринчи спектакль жүрүп жаткан эле. Сахнада көшөгө болот эмеспи. Азыр кнопканы басып койсоң өзү ачылат да, анда бурап ачылчу. Анан ошого:
- Сен бурагын, көшөгө ачылсын деп мен кабар беришим керек эле. Дирижерлук кылып атып тиги кабар берүүнү эстен чыгарып коюптурмун. Бир убакта карасам көшөгө ачылыш керек эле  да, аныбыз жабылган бойдон турат. Ошондо алдымдагы ноталар да көрүнбөй калды эмне кылаарымды билбей калдым.
О.ТЕНТИ:  - Шашып калдыңыз да!
М.КАЛЫЙ:  -   Ооба, шашып өзүмдү жоготуп койдум. Ошол учурда көшөгөнүн нары жагынан Кийизбаева ырдап жиберди. Ал кишиде тажырыйба чоң да. Аны токтотоюн десем, азыркы Мирсаид Миррахимовдун атасы кларнетте ойночу да:- Токтотпогун, биз ойной беребиз, - деп койду.
Менин көзүмө нотанын бир тамгасы да көрүнбөйт. Колдорумду шилтегилеп эле жатып,  бир кезде музыкалык тыныгууга жетип оркестр токтогондо, баланча цифра, - деп мага айтты. Ошентип эптеп- септеп оор абалдан билинбей чыгып кеттим. Кийизбаева, Малдыбаевдер менен спектаклдерде дирижерлук кылып иштеп калдым.
Андан кийин дагы операларга дирижерлук кылдым. Ошентип, улам такшала берип, күндөрдүн бир күнүндө эмнегедир  музыка жазгым келди. Музыкалык орто окуу жайынын директору Малдыбаев болчу. Мен бир класска кирип алып Муса Жангазиевдин “Кызыл топ” деген ырына музыка жазардан мурда, анын ырлар жыйнагын карасам, ошол ыр жагып калды. Ырды жазып, топтун тоголонгонун, секиргенин элестетип жазып Малдыбаевге барсам, ал киши көп сүйлөчү эмес. Ырды угуп көрүп эле :
  • Абдан жакшы экен , - деп бир жакка телефон чалып:
  • Ай, Молдобасанов жакшы ыр жазыптыр, ошону кабыл алып койгула,  - деди. Ошого 400 сом акча  гонорар да коюп берди.
  • О.ТЕНТИ:  - Аныңыз биринчи гонорарыңыз турбайбы?
  • М.КАЛЫЙ:  - Ооба, андан соң “ Жайлоодо” деген ырды жаздым. Мен аны эч жерге көрсөтпөй, уялып жүрдүм. Анан бизде Шералиев  деген ырчы жигит бар эле. Ал ошол ырды Тувага дейре ырдап барып,  ал көп жерге таанытып кетти. Мына ошол эки ырдан соң:
  • - Ии мен деле ыр, жазсам колуман келет турбайбы,- деген ишеним пайда болду. Ошондон соң  “ Куйручук ” башталып кетти.
  • О.ТЕНТИ:  - Балетиби?
  • М.КАЛЫЙ:  -   Ооба, ошентип, аз-аздан соң чоңго да аралаша баштадык. Андан соң  “Саманчынын жолу”, “Маңкурттар баяны” болуп аларга кошумча көп-көп ырлар улантылып калды. Алардан тышкары дирижерлук да кошо улантылып келе жатат. Ошентип, композиторлук да жакка өткөмүн. Дирижерлукту 1954-жылы тиги эски театрдан баштагам деп жогоруда айтып өтпөдүмбү. 1955-жылдын 15-майында да азыркы опера жана балет театры жаңыдан ачылганда “Айчүрөккө” дирижерлук кылып,  танда Артык Мырзабаев биринчи ырдады. Чодронов жана башка аксакалдар менен ошол убактан бери чогуу иштеп келе жатам. Ошол эле опера театрында 65- жылдан  75-жылга чейин башкы дирижер болуп жүрдүм. Анда Баялинов, Арефьев, Васильев, Шахрай сыяктуу чоң музыканттар эмгектенип театр гүлдөп турган учуру болчу. Мына эми 70ке жакындап калган учурумда кайрадан келип, азыр иштеп жатабыз.
  • О.ТЕНТИ:  - Калый ага, сиз композитордук, музыкалык өмүр сапарыңызды аттатып болсо да айтып өттүңүз. Эми ошолордун көлөмдүү десе көлөмдүү, биринчи десе биринчи “Куйручук” балети кандайча жазылып калды? Ал сыяктуу чоң нерсени жазыш оңой олтоң иш эмес, адам олтура калып, бир-эки же бир жуманын ичинде жаза койбойт. Ага түмөн түйшүк, көп убакыт сарп кылынаарын турмушубуздан билип жүрөбүз. Эми ошол балеттин жазылышына токтолсоңуз? Мурда андай жанрда иштебегениңизден жардам берген  кишилер жөнүндө да эскере кетсеңиз? Сөз музыкалык жагы болобу, текст жагы болобу эмнеси болсо да изденүү, изденүүсүз эч кандай чыгарма жүзөгө ашпай койбойт.
  • М.КАЛЫЙ:  -   Мен Абдырасул Токтомушевдин, Аалы Токомбаевдин, Мидин Алыбаевдин сөздөрүнө көбүнчө кайрылып 150гө жакын романстар, ырлар жазылды. Өзгөчө кийинки жылдары Турар Кожомбердиев экөөбүз көп иштеп калдык. Бүт кантаталарды ошол жигитке кана берчүмүн. Таланттуу жигит эле, бул дүйнөдөн бир топ эрте кетип калды. Жогоркулардан тышкары дагы акын Байдылда Сарногоевдун ырларына да бир топ обондор жазылды.Алардан кийин көлөмү анча чоң эмес симфониялык бий жаздым. Бизге Санкт-Петербургдун консерваториясын аяктап Окунев деген композитор келген. Ал келер замат мага асылды да калды.                              Ал : - Ушу сен экөөбүз бирдеме жазышыбыз керек, - дейт да турат.
  • Анда мен:
- Ой мен эч нерсе жазбайм. Дирижермун, иштегенге эч кандай убактым да жок десем деле болбой, жарым жыл асылып болбоду. Акырында: болуптур жазалы, кайсы теманы жазышыбыз керек,- дедим.
Ал:- сен анда, бир күлкүлүү нерсе таппайсыңбы,- деди.
О.ТЕНТИ:  - Андай күлкүлүү нерсе кыргыздыкы болсун - деп жатат да.
М.КАЛЫЙ:  - Ооба, эң туура айтасың.
Анан ал:
- Мен болсом тигил жактан жаңы келдим кыргыздын музыкасын,тарыхын, салт-санаасын да оңду билбейм. Бул жерге келгенден бери сынап жүрөм ырларыңды, гармонияны сезип жүрөм, экөөбүз биригип бирдеме иштесек болчудай,- деп асылып жатып алды.                                                                                                                                            Мен:
  • Кой,- деп чала чарпыт урушкан учурлар да болду. Акыры: кой минткеним болбойт экен, - деп, менин оюма акыры Куйручук кирди.
О.ТЕНТИ:  - Сиз Куйручукту көп-көп угуп жүрсөңүз керек. Ал 1941-жылы 1 майда каза болгон эмеспи.
М.КАЛЫЙ:  - Жоок көргөн эмесмин, бирок аксакалдар менин атам деле Куйручук жөнүндө эле кеп башталып калса, кеминде 3-4 саат сүйлөшчү.                                             Ошол киши эсиме келип, ошол учурда Нурдин Түгөлов жолугуп калып ага:
- ушундай бир ой болуп атат. Сен кандай деп ойлойсуң десем.
    - Ой, абдан сонун экен. Мен либреттосун жазып берейин деди.
О.ТЕНТИ:  - Ошол эле заматпы?
М.КАЛЫЙ:  - Ошол эле замат. Өзү абдан чечкиндүү киши болчу. Ошентип ал либреттону он күндөн кийин жазып келип берди. Анан кийин ал либреттону окуп Окуневге которуп бердик. Ал ага да жагып, мен:
- Сен симфония жагын жазгын, майда-майда бий музыкалары менен симфониялык майда бөлүктөрүн мен жазайын - деп экөөбүз бөлүшүп жаза баштадык. Аны 4 айдын ичинде жазып бүтүп, Власов, Фере келип калышкан экен, чыгармабызды угузуп:
- Мына бул “ Куйручук ” атту жаңы балет, - деп тиги Окунев автор ойноп берди. Ал абдан жакшы ойночу. Ал дагы автокырсыктан каза болуп калды. Бир аз ойноп баштаганда эле,  Власов  биринчи:
- Бул кыргыз балет искусствосундагы чоң жаңылык, силерди куттуктаймын, -деди. Тиги Власов ичим тап киши эле. Ал Фере болсо ак жаркын адам болчу.
Ал:
- Ии, - деп эле экөөбүздү кучактап өөп:
- Мына чыныгы композиторлор  жаңы чыкты. Бул да болсо чоң ийгилик, - дешти. Ошентип, арадан 6-7 жыл да өтүп кетти. Ал балет коюлуп Москвадан Бүткүл Союздук конкурста приз алды. Аны  Москвага да коебуз деген сөздөр болгон. Дагы арадан 5-6 жыл өтүп дирижерлук кылып, тиги жакка, бул жакка барып сөз көбөйүп кетти да:
- Калый, сен эмне бир балетти эле жазып токтоп каласыңбы? Күчүң ошончо элеби, - дешип тааныштар, жоро-жолдоштор кезиккенде, бирге болгон учурда айтышат да. Ал кезде Марклен Баялинов опера жана балет театрынын директору болчу. Ал бир көркөм кеңештин талкуусуна чакырып:
- Калый, биз Москвага эмдиги жылы бара турган болуп атабыз, ошого эмне алып барышыбыз керек? Эмне оюң бар? Бирдеме жазбайлыбы, - деп айтылуу “Саманчынын жолунун” либреттосун жазып, ошондон тарта иштешип келдик. Мен да бир топтон бери, бир нерсе жазбай намысыма келип калган кезим экен. Бир жылдын ичинде жазып бүттүм.
О.ТЕНТИ:  - Баш –аягы.
М.КАЛЫЙ:  - Ооба, баш-аягы ошентип жазылып бүтүп, жогоруда айтылгандан жакшы кабыл алынды. Биздин чоң чыгармачылык жеңишибиз ошол болду.  Мен жогоруда айткандай Баялинов Москвага бирдеме даярдашыбыз керек, - деп либреттосун Баялинов, Ахунбаев экөө жазышкан “Саманчынын жолун”  Москвага алып барганда чоң жаңылык болду.                                                                                                    
Ошондо СССР Маданият министрлигинин иш башкаруучусу:
- кыргыздар башка эч нерсе алып келбей  жалгыз эле ушул чыгарманы алып келишкенде эле өзүңөрдүн милдетиңерди аткармаксыңар, - деп айтканы бар. Кийин ал СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлдү. Анда кыргыздын музыка тарыхында төрт киши сыйлыкка татыды.
О.ТЕНТИ:  - Калый ага, сиз жогоруда жазган музыкалык  чыгармаларыңыз жөнүндө айтып өттүңүз. Мен алардын тизмесин кайра баштан санап отурбайын. Деги эле турмуш азыр бир топ кыйын болуп калбадыбы?
Чыгармачылыкка камкордук кылуу өкмөтүбүз тарабынан өтө аз болуп жатат. Эми талант деген талант, алар деле жерде калбас. Бирок да алар кыйналуунун үстүндө. Дагы эле сиздин бүгүнкү турмушуңуз кандай? Албетте, сиз композитор союзунун төрагасысыз жана дагы эки , үч жерде эмгектенесиз. Алган маянаңыз деле өтө төмөн эмес. Ошондой болсо да?
М.КАЛЫЙ:  - Өзүң жогоруда белгилеп өткөндөй кыргыздын музыкалык искусствосуна өкмөтүбүз жакшы карачу. Ошонун бирден-бир көрүнүшү СССР кулай электе Жогорку Советке шайлоо болгондо, мен  Кыргызстандан эмес, Москвадан шайлангам. “Саманчынын жолун” жеке эле Кыргызстанда койбой Чехославакияда, Болгарияда, Киевде жана башка Россиянын бир катар шаарларында коюлуп калбадыбы? Ал кезде өкмөт аябай жакшы карагандыктан чыгармачыл адамдын чыгармачылыгына жакшы өбөлгө түзүлчү.
Алар: - Эмне жазып атасың? Бизге мындай чыгарма керек эле, - деп жок дегенде сурап турчу да. Андай азыр токтолуп калды. Ошонун себебинен музыканттардын демилгеси бир топ ылдыйлап калды. Мына өзүң деле чыгармачыл адамсың, бир сап ыр жазсаң да кичине болсо да өбөлгө болбосо болбойт эмеспи. Музыка деле дал ошол сыяктуу. Ошентип, музыка тагдыры аз-маз солгундап бара жаткан кези. Бирок өкмөтүбүз таптакыр карабай таштады деп айта албайм. Биздин союздун чөнтөгүнүн жука болгонуна карабай бюджетке калтырып көзөмөлгө алып турат. Биз таптакыр эле тарап кеткенибиз жок, эгер тарап кетсек кайра чогултуу кыйын болуп калмак. Кийин-кийин Кыргызстан өз бутуна туруп байыганда дагы көбүрөөк камкордук болоор. Ошентип өкмөтүбүз, президентибиз өзүнчө жардамын берип жатат. Бул сыяктуу кыйынчылыктар жеке эле бизде, жеке эле музыка тармагынды эмес, чыгармачылык уюмдардын баардыгынын башына түшүп аткан нерсе. Аны биз көрүп жатпайбызбы?
Татына келиндер, жигиттер күнүмдүк ишин таштап кара курсактын айынан базарга чыгып жатышат. Бул деле түбөлүк боло турган көрүнүш эмес. Азыр биз көрүп , башыбыздан кечирип жаткан оорчулукту оорчулук деп айтууга болбойт. Анан согуш жылдарындагы турмушту элестетип көр! Кудай анын бетин көрсөтпөсүн. Биз ошондой өтө оор мезгилдин күбөсү болгонбуз. Ага караганда эч нерсе эмес десек да болот.
О.ТЕНТИ:  - Чыдаса болот деңиз?
М.КАЛЫЙ:  - Бул шаарга караганда айыл жактагылар көбүрөөк кыйналып атышкан сыяктуудай. Ал деле күнүмдүк, бу деле оңолот. Мен баардык искусствонун башатында музыка турат деп ойлойм. Бул деле азырынча бир аз токтолуп атканы менен кийин чыгат. Албетте, дагы Малдыбаев, Абдраевдер чыгат. Коломто кысыр калмак беле?
О.ТЕНТИ:  - Дагы Молдобасановдор чыгат деңиз?
М.КАЛЫЙ:  - Ооба, сөзсүз, чыкпай коюга мүмкүн да эмес, эл болсо баардыгы калыбына келет. Бул жагдайда менин ишенимим чоң.
О.ТЕНТИ:  - Такыр таркап кетет, музыка чыкпай калат деген ой жок деңизчи?
М.КАЛЫЙ:  - Эч качан, андай болбойт. Эгер бизди бюджеттен чыгарып таштаса, анда бир топ кыйынчылык болмок. Анткени, композиторлор жазышкан чыгармаларды эч ким сатып албайт. Эгер өкмөттүн карамагында, колдоосунда турбасак таркап кетишибиз мүмкүн. Демек, тигилер түшүндү окшойт. Азыраак, азыраак болсо да ошонусуна ырахмат. Ал эми менин жеке өзүм жөнүндө сөз кылсам, алган маянам өп-чап болсо да жетип жатат.
О.ТЕНТИ:  - Ошондой болсо дагы адатта маектешүүнүн аягында берилүүчү суроону берейин. Сиз менин баамымча 8-10 жыл мурда жазган чыгармаларыңыз менен токтолуп тургандай сыягыңыз бардай.
М.КАЛЫЙ:  - Ырас айтасың Тенти иним. Жогоруда белгиленип өткөндөй, мурдагыдай шарт түзүлбөгөндүктүн, анын кесепети десе да болот. Экинчиден, 60тан ашып калгандан кийинки адамдын ал-абалы деле белгилүү эмеспи. Мен акыркы жылдары 28 ыр жаздым. Аны Базаркулов эл агартуу министри болуп турганда, мага тапшырма берген. Балдарга арналган ырлар жоктугун эске алып Барктабас Абакировдун сөзүнө 28 ыр жазып даярдап койгом.
О.ТЕНТИ:  - Ошол 28нин тең ыры Абакировдукубу?
М.КАЛЫЙ:  - Жо- ок Турар Кожомбердиевдики да бар. Аны татынакай кылып басып чыгардык. Мен мындан сынып калган себебим, ошол чыккан китепке 78 сом гонорар төлөштү. Буга ишенсе да, ишенбесе да болот.
О.ТЕНТИ:  -  Баардыгы болуппу?
М.КАЛЫЙ:  - Баш аягы,78 сом. Мен буга анча таарынганым деле жок. Бирок, ойдон кетпей сакталып:
- Биздин жазганыбыз эч кимге кереги жок болуп калган турбайбы, - деген суроого такалдык. Дагы бир жазганым, Сүймөнкулду абдан жакшы көрчүмүн, ошол каза болгондо, аны эскерип вокализ жаздым. Бул ырдалып жүрөт. Сарбагышев Манастын миң жылдыгына деп бир либретто алып келген экен. “Манастын” операсы да бар да. Аны эми балет кылабыз деп, бир аз баштагамын, анан театрдан четтетишкенден кийин ал дагы токтоп турат. Чыгармачыл адамдар кичине эркерээк келеби же болбосо таарынчак келеби, ушундай болчудай кейпи?
О.ТЕНТИ:  - Эми Калый ага, сизди жанатадан бери бир топ кыйнап койдум. Минтпесек да болбойт экен. Сизди жалгыз эле музыкалык чөйрөңүз  эмес оюңузду, сөзүңүздү жумурай журт уксун! Сиз баскан жолуңузду, чыгармачылык сапарыңызды айттыңыз. Кимдер менен жолугуп, кимдерге табакташ болгонуңуздан кеп козголду. Сизге чоң ырахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Дениңиз сак болуп,чоң-чоң чыгармаларды да көбүрөөк жарата бериңиз. Чоң ырахмат!
М.КАЛЫЙ:  - Баары эске  келбей калат экен. Бирок, чакырганыңыздарга чоң ыраазычылыгымды билдирем!






скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019