Төрага шайлоо - 25
3-апрелде Композиторлор союзунун жалпы чогулушу өтүп, бир добуштан КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор Турдубек Чокиевди кайрадан төрагалыкка шайлады.
Башкармалыктын мүчөлүгүнө КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тимур Саламатов, КР эл артисти Түгөлбай Казаков, КР эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев, филология илимдеринин кандидаты, музыковед Разия Сырдыбаева, жаш композиторлор Баласагын Мусаев менен Наргиза Курмановалар шайланышты.
Текшерүү комиссиясынын төрайымдыгына маданият таануунун кандидаты, музыковед Мариям Көрпөбаева, мүчөлүгүнө композитор Марат Жунушов, музыковед Алтынай Акимжан шайланды.