Андрей Кузнецов дүйнө салыптыр...

09 июнь 2025
Урматтуу композиторлор жана музыковеддер! Ар кандай себептер менен Андрей Георгиевич Кузнецовдун көзү өтүп кеткени тууралуу кабар убагында бизге жетпей калыптыр. Көрсө, Америкага кетип, баласынын колунда жашап жаткан Кузнецов А. Г. 2024-жылдын 10 сентябрында дүйнө салган экен. Мен муну кат жазышып жатып кокусунан Бурштинден угуп калдым, тактадым. Андрей Георгиевичтин кыргыз музыкалык маданиятына кошкон салымы зор. Анын калтырган эмгектери, өзгөчө композиторлор союзу жана композиторлор тууралуу жазган монографиялары окурмандарга кызмат кылары шексиз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Чыгармачылыгы тууралуу толук материалды сайттын "Музыковеды" бөлүмүнөн окугула.скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019