Президенттик “Манас” камералык оркестри менен Композиторлор союзу 2026-жылдын апрель айында кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган концерт өткөрүүнү макулдашты.

03 январь 2026
Урматтуу композиторлор! Президенттик “Манас” камералык оркестри менен Композиторлор союзу 2026-жылдын апрель айында кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган концерт өткөрүүнү макулдаштык. Негизги талап – жаңы жазылган чыгарма болушу керек жана партитура аспаптык партиялары менен 10-мартка чейин оркестрдин башкы дирижеру Медет Осмоновго тапшырылышы абзел. 10-мартты күтүп жата бербей канчалык эрте тапшырсаңар ошончолук репетицияга кенен убакыт болот. Камералык оркестрдин курамынан сырткары кошумча аспаптар маселесин башкы дирижер менен  макулдашып, кеңешип чечсеңер болот. Чамдагыла!скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019