КР КСнын 80 жылдыгына карата конкурстар
Мукаш Абдраев атындагы республикалык балдар музыкалык мектеп интернатыда КР Композиторлор союзунун 80 жылдыгына арналган “Жаш кербез” аттуу конкурстун жыйынтыгы чыкты. Конкурс фортепиано, скрипка, виолончель, альт, контробас аспаптары боюнча өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргыз композиторлорунун чыгармаларын мыкты аткарган айрым аспапчыларга Композиторлор союзу тарабынан акчалай жана ноталуу китептер менен сыйланышты. КР КС М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын жетекчилигине терең ыраазычылыгын билгизет.